2022-02-23

КТМУнун Студенттик жатаканасында миссионердик деген темада маек курулду.


КТМУнун Студенттик жатаканасында факультетибиздин окутуучулар жамааты тарабынан өткөрүлгөн маектешүүсү 2-семестрде да тездик менен башталды. Баяндамачы 22.02.2022, Кыргызстан-Түркия Манас университетинин Теология факультетинин деканы PhD, проф. док. Кемал Полат «Борбор Азиядагы миссионердик ишмердүүлүк» деген темада талкуу жүргүздү.

Студенттер чоң кызыгуу көрсөткөн маекте Полат агай, миссионердик жана аны жайылтуу түшүнүктөрүн түшүндүрүп, алардын ортосундагы айырмачылыктарга токтолду. Христиан миссионерлеринин ыкмалары жана эмне үчүн Борбордук Азияга кайрылгандыктары жөнүндө сөз кылды. Ал миссионердик ишмердүүлүгүктө орун алган чет тил курстарына жана маданияттуулукка көңүл бурду. Жаштарыбызды мындай зыяндуу агымдардан сак болушун каалап, маңкурт болуп калбоо үчүн динибизди, улуттук баалуулуктарды үйрөнүп, аларды сактоо керектигин баса белгиледи. Берилген суроолорго жооп берүү менен программа жыйынтыкталды.