2022-04-29

ТЕОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ ТАРАБЫНАН УЮШТУРУЛГАН “ИФТАР ПРОГРАММАСЫ”


28.04.2022 Кыргызстан-Түркия Манас университетинин Теология факультети 2022 Рамазан айында эки жүз жыйырма кишиге “Ифтар программасы” уюштурду.
Программага даярдоо курсунун студенттери, бакалавриат, докторанттар, академиялык жана административдик кызматкерлер жана алардын жубайлары катышты.
Программа тууралуу маалымат берген теология факультетинин деканы Проф. Док. Кемал Полат агай бул Программанын маанисин үч пунктта жыйынтыктап, төмөнкү маалыматтарды берди:
1. Рамазан молчулуктун, берекеттин жана бөлүшүүнүн айы болгондуктан, студенттерге жана кызматкерлерге сый тартуулоону кааладык.
2. Биздин университет студенттерге багытталган университет болгондуктан, ар бир студентибиз биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Студенттерибизөздөрүн өзгөчө экенин сезсин деп ушундай ооз ачыруу уюштурдук.
3. Манас университети жана теология факультети катары биз бир үй-бүлөбүз, ошондуктан үй-бүлө духун жана ага таандык сезимин өнүктүрүүнү, колдоону жана конкреттүү түрдө көрсөтүүнү кааладык. Даярдоо курсунан тартып, докторантурага чейинки студенттерибиздин өз ара ортолорунда тыгыз мамилелер болуусуна шарт түзүлдү. Аллахым ар дайым биримдигибизди бекемдесин.
Мындан тышкары, ифтар программасын сыйлуу коногу катары ректор проф. док. Алпаслан Жейлан агай жана биринчи проректор  проф. док.Асилбек Кулмурзаев агайларыбыз катышышты. Жалпы иш чарага ар тараптан колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдиребиз.