2019-12-30


2019.11.29: СТУДЕНТТЕРИБИЗ ДАГЫ БИР ИЙГИЛИК ЖАРАТЫШТЫ!


          Котормочулук бөлүмүнүн Кыргызча-англисче программасынын 2-курсунун студенттери Айсулуу Айдарбек кызы жана Айдай Иманалиева 2019-жылдын 29-ноябрында Эл Аралык Орто Азия университеинде өткөрүлгөн  «Менин лингвистим» аттуу адабий кечеге катышып, сертификатка ээ болушту.

       Студенттер бул иш-чарага ф.и.к., доц. Салтанат Мамбаеванын жетекчилиги астында «Кыргыз тил илиминдеги илимпоздор» аталышында презентация даярдашып, аны англис тилинде сунушту.   

Студенттерибиз тарабынан даярдалган презентация Эл Аралык Орто Азия университети тарабынан кызыктуу деп табылып, студенттерибиз атайын сертификаттар менен сыйланышты.

            Студенттерибизди сертификаттары менен куттуктайбыз жана алар менен сыймыктанабыз!