2021-10-12


2021.10.13 : ОКУТУУЧУЛАРЫБЫЗ СЕМИНАР БЕРИШТИ


Бѳлүмүбүздүн окутуучулары ф.и.к., доц. Салтанат Мамбаева жана ф.и.к. Нургүл Карыбекова  үстүбүздѳгү жылдын 11-октябрында  И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университеттин Лингвистика факультетинде Эл аралык котормочулар күнүнѳ арналып уюштурулган жолугушуу-семинарга тажрыйбалуу котормочулар катары чакырылып, аталган иш-чарада ѳздѳрүнүн котормочулук жана тилмечтик тажрыйбалары менен бѳлүшүп кайтышты.