2026-04-28

Орхон алмашуу программасы менен академиялык кызматташтык чыңдалууда


Орхон алмашуу программасынын алкагында Кырыккала университетинин Ветеринария факультетинин окутуучулары профессор, доктор Кадер Йылдыз жана профессор, доктор Динчер Йылдыз, ошондой эле Анкара университетинин Ветеринария факультетинин окутуучусу профессор, доктор Али Бумин Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринария факультетине окуу сапарын жасашты.

Академиялык кызматташтыктын алкагында уюштурулган программада студенттер үчүн ар кандай темалар боюнча сабактар өткөрүлүп, жаныбарлардын ден соолугу үчүн маанилүү оорулар жана алардын алдын алуу ыкмалары боюнча заманбап маалыматтар берилди.

Проф. докт. Кадер Йылдыз «Жалпы паразитология», «Жаныбарлардагы неоспороз», «Лейшманиоз» жана «Безноитиоз» темаларын караса; проф. докт. Динчер Йылдыз «Көрүү анатомиясы», «Угуу анатомиясы» жана «Сезүү системасынын анатомиясы» темаларында, ал эми проф. докт. Али Бумин «Дүйнөдө жана Түркияда ветеринардык радиологиянын кечээтен бүгүнкү күнгө чейинки өнүгүшү» жана «Мышыктар менен иттердеги заара чыгаруу системасынын ооруларын радиографиялык баалоо» аттуу сабактарды өттү. Мындан тышкары, окутуучулар тарабынан клиникалык жана лабораториялык практикалык иштер жүргүзүлүп, студенттер менен кесиптик тажрыйбалар да бөлүшүлдү.

Университетибиз жана факультетибиз эл аралык академиялык кызматташтыктарга чоң маани берет жана мындай сапарлар студенттердин жана академиялык кызматкерлердин мотивациясына олуттуу салым кошот.