2026-02-09


Мамлекеттик экзамен суроолору


 

КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИ

ЭКОНОМИКА ЖАНА БАШКАРУУ ФАКУЛЬТЕТИ

МЕНЕДЖМЕНТ БӨЛҮМҮ

2023-2024 ОКУУ ЖЫЛЫ

МАМЛЕКЕТТИК СЫНАКТЫН СУРООЛОРУ

 

БАШКАРУУ ЖАНА УЮШТУРУУ / ИШКЕРДҮҮЛҮК

1- Ишкердиктин маанисин түшүндүрүп бергиле: ишкер үчүн, экономика үчүн,  коом үчүн

2- Ишкердүүлүк түшүнүгү. Ишкер жана анын аткарган милдеттери жана функциялары

3- Адам ресурстарын башкаруу (АРБ) түшүнүгү жана АРБ функциялары

4- Ишканаларда адам ресурстарын пландоонун мааниси эмнеде? Кандайча жасалат?

5- Адам ресурстарын башкарууда окутуунун маанисин талкуулаңыз.

6- Уюм ичинде конфликт жана келип чыгуу булактары

7- Эмгек менен канааттануу жана ага таасирин тийгизген факторлор

8- Уюмдук коммуникация түшүнүгү жана ага тоскоолдук жараткан факторлор

9- Башкаруунун (менеджменттин) функциялары

10- Лидерлик теорияларын бир бири менен салыштырып, кыскача түшүндүрүп бериңиз.

11- Стратегиялык менеджмент деген эмне жана стратегиялык башкаруу процессин түшүндүрүп бериңиз.

12- Ишканаларa Бизнесте SWOT анализ деген эмне, мисал менен түшүндүрүңүз

13- Ишканалардын атаандашуу стратегиялары катары Чыгымдарда лидердик, Дифференциация жана фокус алуу стратегиялары

14- Майкл Портердин Баалуулук жаратуу чынжырчасы модели эмне деген, сүрөт менен түшүндүрүңүз.

15- Классикалык башкаруу теориясы менен нео-классикалык башкаруу теориясынын уюм жана адам факторуна карата көз-карашын салыштырыңыз. 

ӨНДҮРҮШТҮ БАШКАРУУ ЖАНА ОПЕРАЦИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ

16- Өндүрүш ишканалары менен кызмат көрсөтүүчү ишканалардын продукцияларын салыштырыӊыз.

17- Зыянсыздык чекити деген эмне жана кайсыл чечимдерди кабыл алууда колдонулат?

18- Ишкананын жайгашуу формасына таасирин тийгизген факторлор кайсылар?

19- Запастар кантип өлчөнөт? Кыскача айтып бериӊиз.

20-Салтуу запастар системасындагы запастарды контролдоо концепциясы менен MRP (Material Requirements Planning) жана JIT тиби системаларындагы запастарды контролдоо концепциялары ортосунда кандай айырмачылыктар бар?

21- Ɵндүрүштү пландоо жана контролдоонун негизги функциялары кайсылар?

22- Өндүрүштүк кубаттуулук деген эмне? Кубаттуулуктун түрлөрү

23- Мүмкүн болгон жана оптималдуу чыгарылыш түшүнүктөрүн түшүндүрүп бериңиз

24- Сызыктуу программалоо деген эмне? Негизги өзгөчөлүктөрү кайсылар? Сызыктуу программалоо кайсыл маселелерди чыгарууда колдонулат?

25- «Баштапкы» жана «дуал» (түгөйлөш) модель деген эмне, түшүндүрүп бериӊиз.

26- Чакан топко негизделип жасалган изилдөөлөрдө канча түр ката жасоо ыктымалдуулугу бар? Кыскача түшүндүрүп бериӊиз.

27- Борбордук тенденцияларды өлчөө ыкмалары кайсылар?

28- Чечим кабыл алууда кандай кадамдар бар? Кыскача түшүндүрүп бериңиз.

29- Үзгүлтүктүү жана үзгүлтүксүз өндүрүш системаларынын өзгөчөлүктөрүн салыштыруу жолу менен түшүндүрүп бериңиз

30- Жабдуу чынжырын башкаруу боюнча маалымат бериңиз.

МАРКЕТИНГ

31- Маркетинг деген эмне? Ишканалар үчүн эмнеге маанилүү? Түшүндүрүп бериңиз.

32- Маркетингде ‘4Р’ моделин түшүндүрүп бериңиз

33- Маркетингди башкаруунун негизги функцияларын кыскача түшүндүрүп бериңиз

34- Керектөөчүлөрдүн жүрүм – турумун «Кара куту» модели аркылуу түшүндүрүп бериңиз

35- Рынок сегменти деген эмне? Рынокту сегменттөөнүн кандай критерийлери бар?

36- Товардын жашоо циклы канча этаптан турат жана ар бир этапта кандай маркетингдик иш-чаралар колдонулат?

37- Продукциянын жашоо циклын узартууга болобу? Кандай иш-аракеттерди жүргүзүү зарыл?

38- Продукциянын үч деңгээли, тактап айтканда маңызы, негизги продукт жана кеңейтилген продукт түшүнүктөрүн чечмелеп бериңиз

39- Маркетингде баа саясатына таасир тийгизген факторлор кайсылар? Баанын минималдуу жана максималдуу деңгээлин аныктаган факторлорду түшүндүрүп бериңиз

40- Маркетинг коммуникация системасынын негизги элементтери кайсылар? Маркетингде ишкананын өзүнө оң имидж түзүү максаты негизинен кайсы элемент аркылуу ишке ашырылат?

41- Реклама жана коом менен байланыш түшүнүктөрүн чечмелеп бериңиз

42- Керектөөчү, кардар түшүнүктөрүн түшүндүрүп бериңиз. Акыркы керектөөчү менен уюмдук керектөөчүнүн жүрүм – туруму эмнеси менен айырмаланат?

43- Өткөзүү каналдарынын кандай формалары бар? Түздөн түз өткөзүү кайсыл тармактагы ишканалар үчүн ыңгайлуу?

44- Жылдыруу саясатын жүргүзүүдө «тартуу» жана «түртүү» стратегияларын түшүндүрүп бериңиз

45- Ички маркетинг концепциясын чечмелеп бериңиз

БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕП ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК МЕНЕДЖМЕНТ

46- Фирманын баалуулугу деген эмне, кандайча максимумга жеткирилет?

47- Рынок, финансылык рынок, акча рыногу, капитал рыногун түшүндүрүп, ортосундагы байланышты айтып бериңиз.

48- Таза иш капиталы, дүң иш капиталы, сезондук иш капиталы деген эмне?

49- Инфляциянын ишкана капиталына кандай таасир тийгизет?

50- Инвестициялык чечимдердин ишканага үчүн маанисин айтып бериңиз.

51- Акчанын убакыт наркы деген эмне?

52- Финансылык анализде колдонулган өзгөрмө чоңдуктар кайсылар? Кыскача түшүндүрүп бериңиз.

53- Бухгалтердик эсеп системасынын ичинде өндүрүштүк эсептин ордун түшүндүрүп, өндүрүштүк эсеп менен финансылык эсеп ортосундагы айырмачылыктарды айтып бериңиз.

54- Финансылык отчёттордон бухгалтердик баланска аныктама бериңиз. Бухгалтердик баланс кайсы бөлүктөрдөн турат жана алардын структуралык өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп бериңиз.

55- Пайда жана зыян боюнча отчет деген эмне? Негизги бөлүмдөрүн түшүндүрүп бериңиз. Пайда жана зыян боюнча отчетту анализдөөнүн маңызы жана маанисин түшүндүрүп бериңиз?

56- Ишкананын чарбалык операцияларын каттоо убагында колдонулган “эсеп” түшүнүгү эмнени билдирет? Бухгалтердик эсептеги эсептердин классификациясын эске алып, алардын иштөөсүн айтып бериңиз.

57- Бухгалтердик маалыматтын колдонуучулары кимдер, алар бул маалыматты кандай колдонушат?

58- Негизги каражаттар үчүн колдонулган амортизация методдору кайсылар? Алардын ичинен “Азайтылган калдыктар” методун бир мисал келтирип түшүндүрүп бериңиз.

59- Бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн  принциптерин айтып, алардын ичинен “кишилик” принцибин мисал келтирип, түшүндүрүп бериңиз.

60- Дебитордук карыздардын айлануу коэффициенти жана товардык-материалдык запастардын  айлануу коэффициенти кандайча эсептелинет жана эмнени түшүндүрөт?