2020-03-10


2020.03.09. КОТОРМОЧУЛУК БӨЛҮМҮНҮН СТУДЕНТТЕРИ СЫЙЛАНДЫ


Университтеибиздин «Манас радиосу» радиосунун «Ч. Айтматов төрт тилде», «А.С. Пушкиндин туулганынын 220 жылдыгы» жана «Эсте калган даталар» аттуу долбоорлоруна активдүү катышкан Синхрондук котормо бөлүмүнүн орусча-түркчө программсынын 2,3 жана 4-курсунун студенттерин, ошондой эле «Мыкты котормочу» конкурсуна катышып, байгелүү орунга ээ болгон кыргызча-түркчө программасынын студенттерин сыйлоо аземи болуп өттү. Азем чакан форматта  ф.и.к., доц. Чолпон Сыдыкова жана ф.и.к. Калия Кулалиева тарабынан уюштурулду.

Иш чаранын ф.и.к., доц. Чолпон Сыдыкова ачып, студенттердин жигердүү ишин баса белгилеп, ыраазычылык билдирди.  Ф.и.к. Калия Кулалиева  «Мыкты котормочу» конкурсунун маанисин, студенттерибиздин котормолору китеп болуп чыгууга татый тургандыгын белгилеп, конкурстун жеӊүүчүлөрүн куттуктады.

Натыйжада кыргызча-түркчө програмамсынын 2, 3 жана 4-курсунун студенттери «Манас радиосу» тарабынан берилген «Ыраазычылык барагы» менен сыйланды. Ал эми «Мыкты котормочу»  кокурсунун жеӊүүчүлөрү, кыргызча-түркчө программасынын студенттери Арген Шабданов жана Айжаркын Асаналиева грамота жана атайын белектер менен сыйланышты.