2023-12-01


Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде студенттик конференция уюштурулду.


2023-жылдын 28-ноябрь күнү Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «2022-2023-жж. археологиялык, этнографиялык экспедициялардын жыйынтыгы» аталышындагы темада студенттик конференция өткөрүлдү. Конференцияга Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Борбордук Азиядагы Америка университети жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери катышты. Иш-чарага Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тарых бөлүмүнүн студенттери тарых илимдеринин доктору, профессор Кубатбек Табалдиевдин жетекчилигинде катышып келишти. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тарых бөлүмүнүн студенттери А. Эргешова, Г.Толубай кызы, А. Бактыбек уулу, А. Султанбеков,  А. Тажидинова, У. Челик, М. Абасбекова, Н. Акматова, Н. Тенти кызы, Э. Азамат кызы, С. Мыктыбекова, М. Кутманалы кызы кызыктуу баяндамаларды жасашты. Алардын докладдарында археологиялык экспедициядагы изилдөөлөр тууралуу жаңы маалыматтар берилип, абдан пайдалуу болду. Конференциянын жыйынтыгында сертификат жана белектер тапшырылды.