2024-04-26


Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде «Илимге жол» аттуу студенттик илимий-изилдөө конкурсу


2024-жылдын 25-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин филология бөлүмүндө “Илимге жол” аттуу студенттик илимий-изилдөө конкурсу өткөрүлдү . Бул иш-чара тил жана адабият жаатындагы изилдөөлөргө арналып, студенттер арасында билим алмашуу жана илимий баарлашуу аянтчасы болуп калды.

 Конференция пленардык жыйын менен башталып, студенттер өз докладдарын жасашты. Пленардык жыйын тил жана адабий темалардын ар кандай аспектилерине багытталган төрт секциялык топко эшигин ачты. Студенттердин эмгектери ар кандай темада болуп, 5 тилде, тактап айтканда, кыргыз, түрк, англис, орус жана кытай тилдеринде жакталды.

 Конкурстун өзгөчөлүгү жогорку деңгээлде даярдалган докладдардын  сапатында болду. Студенттер кесипкөйлүгүн жана өз темаларын терең түшүнгөндүгүн көрсөтүштү. Алар өз изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен гана бөлүшпөстөн, студенттердин жана мугалимдердин суроолоруна жооп берүү менен бирге, талкууларга да катышышты.

Иш-чаранын жыйынтыктоо аземинде бардык катышуучуларга сертификаттар берилип, ал эми ар бир секциянын алдыңкы студенттерине байгелүү орундар жана баалуу белектер тапшырылды.

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде өткөн “Илимге жол” конкурсу студенттердин илимий изилдөөлөргө даяр экендигин жана көп тилдүү чөйрөдө жемиштүү иштөөгө жөндөмдүү экендигин көрсөттү. Мындай иш-чара студенттер арасында академиялык байланышты өнүктүрүүгө, билимди тереңдетүүгө жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөт.