2020-03-06


2020.03.06: «ШЫРДАКБЕК» ТҮРК ТИЛИНДЕ


Бөлүмдөгү дагы бир жакшы саамалык, кыргыз элинин белгилүү «Шырдакбек» поэмасы түрк тилине которулуп, китеп болуп басылып чыкты. Аталган чыгарманын кыскартылган варианты ф.и.к. Калия Кулалиева тарабынан түзүлүп, Кыргызча-түркчө программасынын  студенти Адина Молдояр кызы тарабынан которулган. Котормоун редакторлору – PhD Дөөлөтбек Эшкенов жана Зафер Кибар.  Аталган эмгек кыргыз элдик чыгармаларын түрк элине таанытууга чоӊ салым кошот.

Студентибизди кесиптик багытындагы жетишкендиги менен куттуктайбыз жана ага колдоо көрсөткөн окутуучуларыбыз ф.и.к. Калия Кулалиевага,  PhD Дөөлөтбек Эшкеновго жана Зафер Кибар мырзага тереӊ ыраазычылык билдиребиз.