2026-03-10


КОРПУСКА НЕГИЗДЕЛГЕН САЛЫШТЫРМАЛУУ ТИЛ ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨРҮН ЖҮРГҮЗҮҮ


2026-жылдын 28-январында тилдерди салыштыруу үчүн тил корпустарын практикалык колдонууга арналган семинар өткөрүлдү. Семинар салыштырма тилдик изилдөөлөр чөйрөсүндө корпустук куралдар менен иштөөнүн практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу максатында уюштурулду.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар тил корпустары менен иштөө ыкмаларын практикада өздөштүрүштү: тилдик маалыматтарды издөө жана чыгарып алуу, жыштык анализ, ар түрдүү тилдердеги лексикалык жана грамматикалык бирдиктерди салыштыруу. Айрыкча белгилүү корпустук платформалар жана куралдарга өзгөчө көңүл бурулду.

Практикалык көнүгүүлөр катышуучуларга реалдуу корпустук маалыматтардын негизинде өз алдынча мини-изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берди, бул салыштырма тил илиминдеги корпустук мамиленин мүмкүнчүлүктөрүн терең түшүнүүгө өбөлгө түздү.