"Манас" университети түрк университеттери билим берүү жарманкесине жана Кыргызстан–Түркия университеттеринин кызматташтык жыйынына катышты


  • 2026-04-29

Кыргыз-Түрк "Манас" университети Бишкекте Түркия Маариф фонду тарабынан уюштурулган түрк университеттери билим берүү жарманкесине жана Кыргызстан–Түркия университеттеринин кызматташтык жыйынына катышты.

Sheraton мейманканасында өткөн жарманке жогорку билим алууну каалаган талапкерлерге Түркия жана Кыргызстандагы университеттер менен түз байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берип, кеңири тааныштыруу жана маалымат берүү аянтчасын түздү.

"Манас" университети жарманкеде өзгөчө көңүл бурдурду

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы жогорку билим берүү тармагындагы кызматташууну чыңдоону максат кылган иш-чарада "Манас" университетинин стенди күчтүү академиялык базасы жана сапаттуу билим берүү мүмкүнчүлүктөрү менен келген коноктордун чоң кызыгуусун жаратты.

Жарманкеге "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев да катышып, университеттин көз карашын жана эл аралык билим берүү принциптерин талапкер студенттерге тааныштырышты.

"Манас" университетинин стендине келген талапкерлерге эл аралык стандарттагы сапаттуу жана акысыз билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, кеңири факультеттер жана адистиктер, заманбап академиялык программалар жана күчтүү окутуучулар курамы тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле студенттерге берилүүчү стипендиялар, заманбап жатакана шарттары жана көп маданияттуу кампус жашоосу тууралуу да кенен түшүндүрүлдү.

Кыргызстан–Түркия университеттеринин стратегиялык кызматташтык панели өттү

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы жогорку билим берүү жаатындагы кызматташууну бекемдөөгө багытталган “Кыргызстан–Түркия университеттеринин кызматташтык жыйыны” Бишкектеги Sheraton мейманканасында экинчи күнү панелдик форматта уланды.

Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Түркия Маариф фондунун төрагасынын орун басары Ахмет Эмре Билгили жана Кыргызстан менен Түркиядан келген көптөгөн университет ректорлорунун катышуусунда “Кыргызстан жана Түркия университеттеринде стратегиялык интернационалдашуу: академиялык мобилдүүлүктөн биргелешкен изилдөө жана инновациялык кызматташууга чейин” аттуу панель өткөрүлдү.

Ректор Жейлан: “Манас университети эки өлкөнүн ортосунда алтын көпүрө”

Панелде сөз сүйлөгөн КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан Кыргызстан менен Түркия университеттеринин ортосундагы кызматташтык тарыхый жана маданий бекем байланыштарга негизделгенин белгилеп, бул негизди академиялык чөйрөдө дагы да бекем жана туруктуу деңгээлге жеткирүү зарылдыгын айтты. Ал Исмаил Гаспиралынын “Тилде, пикирде, иште биримдик” деген урааны "Манас" университетинде иш жүзүндө ишке ашып жатканын белгилеп, университет эки өлкөнүн ортосунда “алтын көпүрө” болуп кызмат кыларын билдирди.

Жейлан ошондой эле университеттин интернационалдашуу саясаты тууралуу айтып, "Манас" университети Кыргызстан менен Түркия университеттеринин ортосундагы бардык эки тараптуу кызматташтыкка ар дайым даяр экенин билдирди. Ал студент алмашуу программаларын кеңейтүү, академиялык кызматкерлердин жана изилдөөчүлөрдүн мобилдүүлүгүн жогорулатуу, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу жана спорт, искусство жана маданият тармактарындагы көп багыттуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө лидерлик ролду уланта беришерин айтты.

Профессор Жейлан Түркия Республикасынын президенти Режеп Таййип Эрдогандын “Дүйнө бештен чоң” деген сөзүн эске салып, Түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосундагы биримдикти бекемдөө зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле билим берүү бул биримдиктин негизги ачкычы экенин айтып, жогорку билим берүү жаатындагы кызматташтык өлкөлөрдүн келечегине жана биргелешкен илимий потенциалына чоң салым кошорун белгиледи.

Академиялык кызматташтыкта жаңы мүмкүнчүлүктөр

Интерактивдүү суроо-жооп форматында өткөн панелде катышуучулар глобалдык өзгөрүүлөрдүн жана жогорку билим берүү системасындагы трансформациялардын шартында университеттер аралык кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулашты. Академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен илимий долбоорлор жана инновацияга негизделген кызматташтык негизги темалардын бири болду.

Ошондой эле панелде интернационалдашуу процесстерин өнүктүрүү, биргелешкен изилдөөлөрдү көбөйтүү жана университеттер арасында туруктуу кызматташтык механизмдерин түзүү маселелери көтөрүлдү. Катышуучулар кызматташтык бир жолку долбоорлор менен чектелбестен, узак мөөнөттүү институционалдык негизде өнүктүрүлүшү керектигин белгилешти.

Мындан тышкары, ректорлор жана университеттердин эл аралык бөлүмдөрүнүн ортосунда туруктуу байланыш платформасын түзүүнүн мааниси баса белгиленип, мындай механизм академиялык координацияны күчөтүп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарары айтылды.

    Социалдык медиада бөлүшүү