Долбоордун жетекчиси: Проф. Д-р. Нурудин Кыдыралиев
Башталган күнү: 15.08.2025
Аяктаган күнү: 15.06.2026
Долбоордун мөөнөтү: 10 ай
Долбоордун түрү: Жалпы Изилдөө Долбоору-А (GAP-A)
Долбоордун максаты: Кой (козу) өлүгүнүн ар бир бөлүгүн комплекстүү технологиялык изилдөөдөн өткөрүү.
Долбоордун милдеттери: Белгиленген максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттер аныкталды:
2. Долбоордун аталышы: Кыргызстандын гастрономиялык туризм картасын иштеп чыгуу жана туристтик маршруттарды аныктоо
Долбоордун жетекчиси: Доц., проф. Джемал Инче
Башталган күнү: 1-апрель 2018-жыл
Аяктаган күнү: 31-октябрь 2018-жыл
Долбоордун мөөнөтү: 6 ай
Долбоордун түрү: Көз карандысыз изилдөө
Долбоордун максаты: Кыргыз ашканасын популярдаштыруу аркылуу Кыргызстанда аутентикалык (чыныгы) гастрономиялык туризмди өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү. Ошондой эле, долбоор Кыргызстандын туристтик аймактарындагы тамактануу жайларынын продуктуларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртууга салым кошот. Долбоордун алкагында гастрономиялык туризмдин картасы жана маршруттары түзүлүп, бул тамактануу жайларына жана туристтик агенттиктерге туристтердин агымын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.
Долбоордун милдеттери:
3. Долбоордун аталышы: Тамак-аш калдыктарын азайтуу: Этникалык ресторандарда ниетке жана жүрүм-турумга таасир этүүчү факторлор
Долбоордун жетекчиси: Доц., д-р. Үмүт Сормаз
Башталган күнү: 26-февраль 2024-жыл
Аяктаган күнү: 26-декабрь 2024-жыл
Долбоордун мөөнөтү: 10 ай
Долбоордун түрү: Жалпы Изилдөө Долбоору-А (GAP-A)
Долбоордун максаты: Бул долбоор Бишкек шаарында иштеп жаткан этникалык ресторандардын ашкана бөлүмдөрүндө эмгектенген ашкана кызматкерлеринин тамак-аш калдыктарын азайтуусунда (Food Waste Reduction – FWR) тамак-аш калдыктарын азайтуу ниетине (Food Waste Reduction Intention – FWRI) жана тамак-аш калдыктарын азайтуу жүрүм-турумуна (Food Waste Reduction Behavior – FWRB) таасир этүүчү факторлорду аныктоо максатында пландаштырылган.