Жалпы маалыматтар

Дене тарбия жана спорт мугалимин даярдоо бөлүмү Спорт илимдери факультетинин “Дене тарбия” бакалаврларын даярдоо программасы менен иштеген структуралык бөлүгү болот. Бул бөлүмдө билим алуу мөөнөтү, даярдоо курсу менен бирге алганда беш жыл (1+4). Даярдоо курсунда Кыргызстандын жарандарына түрк тили жана Түркиянын жарандарына кыргыз тили жана башка өлкөлөрдүн жарандарына кыргыз жана түрк тили үйрөтүлөт.

Бөлүм академиялык кызматкерлеринин санын жана сапатын курулган күндөн баштап ушул күнгө чейин жылдан-жылга жогорулатууда жана күчтөндүрүүдө. Бөлүмдө толук ставкада 4 - профессор доктор,  2 - ага окутуучу доктор,  6 - ага окутуучу кызмат кылууда. Бул кадрларга кошумча жарым ставкалуу жана  акылуу сааты болуп:  1 - профессор доктор, 1 - доцент доктор, 7- окутуучу кызмат кылууда. 

 Максаты

 “Дене тарбия жана спорт мугалими” бакалаврлык программасынын максаты – тармакка тиешелүү билимге ээ, өнүккөн технология менен жаңы материалдарды жана окутууну, илимий изилдөө усулдарын жана  коммуникативдик жөндөмдүүлүктөрүн натыйжалуу колдоно билген, дене тарбия жана спорт тармагында  спорттук иш-чараларды пландаштырууга жана отчет берүүгө жөндөмдүү,  сергек жашоонун негиздерин, адамдын кыймыл-аракетин, физикалык жана психологиялык абалын оптималдаштыруу ыкмаларын билген; инсандык сапаттарды тарбиялоо ыкмаларын, социалдык мобилдүүлүктү камсыз кылган спорттун жана активдүү жашоонун негиздерин натыйжалуу колдоно билген, чет тилин билген  дене тарбия жана спорт мугалимдерин даярдоо.

Улуттук жана эл аралык мамилелер

Бөлүмүбүз машыктыруучуларды даярдоо бөлүмү менен бирге Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын спорт коомчулуктары жана федерациялары менен тыгыз кызматташууда. Ар бир жылы улуттук жана эл аралык деңгээлдеги машыктыруучулук курстарына катышууда. Мисалы: 2012-2013 окуу жылында 1 даражадагы Баскетбол машыктыруучулук курсу, 2013-2014 окуу жылында 1 даражадагы, 2014-2015 окуу жылында 2 даражадагы Wellness машыктыруучулук курстары.

Бөлүмүбүз машыктыруучуларды даярдоо бөлүмү менен бирге  «Мевлана" студенттерди алмашуу программасы менен активдүү иштөөдө. Бул программа менен Түркия мене бир же болбосо эки семестрге чейин  студенттер менен алмашууда. Бөлүмүбүздө орточо баллы 3 жана 3төн жогору болгон студенттерибиз Түркиянын окуу жайларында жайкы практикаларын  аткаруу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Буга кошумча катары өз тармагында адистешкен мугалимдердин айрымдары Түркия университеттеринде  бир жумага барып тажрыйба бөлүшүү иш-аракеттерин аткарууда, семинарларды берип, илимий конференцияларга катышууда. 

Карьера мүмкүнчүлүктөрү

“Дене тарбия жана спорт мугалими” бөлүмү мектепке чейинки тарбия берүү жайлары, кесиптик-техникалык жана атайын орто кесиптик билим берүү окуу жайлары үчүн дене тарбия мугалимдерин даярдоону максаттайт. «Дене тарбия жана спорт мугалими» бөлүмүнүн бүтүрүчүүлөрү мектепке чейинки, баштапкы, орто мектептерде жана кесиптик окуу жайларда, дене тарбия жана спорт мекемелеринде, спорт коомчулуктарында окутуучу, кызматкер жана инструктор методист катары кызмат кыла алышат. 

Бүтүрүүчүлөрдүн компетенциялары:

Дене тарбия жана спорт тармагына тиешелүү теориялык билимге жана жөндөмдүүлүккө ээ

- Педагогика, биология жана биохимия илимдери боюнча билимге ээ 

 - Дене тарбия жана спорт тармагына тиешелүү ыкмаларды билет жана технологияларды колдоно алат

-  Өзүнүн тармагындагы иш-чараларда кыргыз жана түрк тилдерин жана тандаган чет тилдердин жакшы деңгээлде колдоно алат

-  Окуутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн билим берүү технологияларын жана ыкмаларын колдоно алат

-  Дене тарбия жана спорт сабактарында сергек жашоо боюнча иш-чараларды уюштура алат

-  Дене тарбия жана спорттун өзгөчөлүктөрүн окуучулардын инсандык сапаттарын калыптандырууда жана сергек жашоо негиздерин  түзүүдө колдоно алат

-  Дене тарбия жана спорт боюнча иш-чараларды пландай алат жана бул иш-чаралар туурасында отчет даярдай алат

-  Дене тарбия жана спорт боюнча билимин тиешелүү долбоорлордо, социалдык иш-чараларда, окуучулардын өнүгүү этаптарын эске алуу менен колдоно алат

-  Жашоонун сапатын жакшыртуу жолдорун билет жана рекреациялык иш-чараларда колдоно алат

-  Окутуу процессинде курстун материалдарын окуучуларды академиялык өнүктүүрүдө эффективдүү колдоно алат

- Дене тарбия жана спорт тармагындагы коомчулук менен байланыш түзүү максатында коммуникативдик жана уюштуруучулук жөндөмдүүлүктөрүн ишке ашыра алат

-  Дене тарбия жана спорт тармагындагы илимий изилдөөлөрдүн максаттарын жана милдеттерин аныктай алат; илимий методдорду колдонуу менен маалыматты талдап системалаштырат,  сунуштарды иштеп чыга алат

Бөлүмдүн катчысы

Айнура Шеримбаева

Телефону: 492763-64

Кошумча: 938

Кабинет: TEKM-7 no.lu oda