“Түрк дүйнѳсүнүн санарип жарандыгы” баарлашууларынын жыйынтыктоо сабагы министр А.Жаманкуловдун катышуусу менен өттү


  • 2022-01-18

Кыргыз-Түрк «Манас» университети тарабынан жүргүзүлүп жаткан «Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы» долбоорунун биринчи жарым жылдыгы жыйынтыкталды.

“Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы” баарлашуулары долбоорунун жыйынтыктоо сабагы үстүбүздѳгү жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда ѳттү. Анда министр түрк дүйнѳсүнүн жаштарына “Түрк дүйнөсүнүн туризм бейиши - Кыргызстан” аттуу темада лекциялык сабак ѳтүп берди.

Министр өзүнүн баяндамасында Кыргызстанда туризм тармагы мамлекеттик артыкчылыктуу басым берилген тармак экенин белгилеп, Кыргызстандын туристтик потенциалын эң негизги 3 багытта, биринчиси, “Кыргызстан – асман тиреген тоолордун мекени”, экинчи артыкчылыктуу багыт - “Кыргызстан-Улуу Жибек Жолунун мекени”, ал эми үчүнчү эң маңыздуу багыт - "Кыргызстан көчмөн цивилизациясынын мекени" деп кароого болоорун айтып, ѳлкѳгѳ туристтерди тартуу аракетин маданий иш-чаралар менен бирге аны ишке ашыруу механизмдерин жолго коюлушу керектигин баса белгиледи.

Студенттер сабак кызыктуу ѳткѳнүн белгилеп, министрге Кыргызстандын туризми жѳнүндѳ суроолорун беришти.

Сабак “Түрк дүйнѳсүнүн санарип жарандыгы” долбоорунун алкагында өтүп, КТМУнун "Медиа Манас" борбору тарабынан түз эфирде жүргүзүлдү. Ага 9 ѳлкѳдѳн 76 университет катышып, жалпы 3500 студент маалымат алышты.

“Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы” сабактары долбоорунун алкагындагы маекте университетттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан долбоорго катышкан 9 ѳлкѳнүн мамлекет башчыларына, 76 университеттин ректорлоруна жана КТМУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасына ыраазычылык билдирип, долбоордун мүмкүндүгү дагы кеңейтилет деди.

Ал эми окуу жайдын башкы катчысы, доцент Октай Өзгүл долбоор башталган күндөн бери ага катышкан университеттердин саны көбөйгөнүн, катышуучу өлкөлөрдүн маалымат каражаттарында долбоордун таанылышы жана маалымдуулугу артканын баса белгиледи.

Эске салсак, аталган долбоор 2021-жылдын 28-майында 71 университеттин ректорлорунун катышуусунда кызматташтык келишимин түзүү менен башталган. Иш-чаранын ачылыш аземи онлайн форматта өтүп, алгачкы сабак 15-октябрда университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев тарабынан берилген. 

«Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы» баарлашууларына Косово Республикасынын аймактык өнүгүү министри Фикрим Дамка жана Түрк тил коомунун президенти, профессор Гүрер Гүлсевин да катышты.

Долбоордун алкагында “Манас” университетинин профессордук-окутуучулук курамы тарабынан 14 жума бою сабактар өткөрүлдү. Ал эми кийинки сабактар 2021-2022-окуу жылынын жазгы семестринде Түркиянын Амасья университетинин окутуучулары тарабынан улантылат.

Долбоор Түрк дүйнөсүнүн жарандыгы тууралуу түшүнүктү бекемдѳѳнү, түрк дүйнөсүнүн жарандары катары бардык тармакта биргелешип иш алып барууну максат кылат.

 

Медиа Манас

    Социалдык медиада бөлүшүү