Аары кармоо жана балчылык курсу


  • 2022-05-01

Үзгүлтүксүз борборунда жаңы курс ачылат

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Үзгүлтүлтүксүз билим берүү борбору (КТМУУББ) тарабынан “Аары кармоо жана балчылык” курсу уюштурулат.

2022-жылдын 23-25-майында теориялык, ал эми 2022-жылдын 26-27-майында болсо, практикалык сабактар берилет, 5 күндүн ичинде жалпы 40 академиялык саат өтүлөт. Бул курс балчылыкты жаңы баштагандарга жана мурдатан балчылык менен алектенген  дыйкандарга багытталып, аарынын түрлөрү, генетикасы, бал аарын багуу, аары уюгун көбөйтүү, жем түрлөрү жана берүү жолдору боюнча темалар эл аралык стандартка жараша өткөрүлөт. Аары багуучуларга багытталган аары кармоо жана бал өндүрүү боюнча илимий иш-чаранын натыйжасында дыйкандын өндүрүшүн артышы, өлкөнүн экономикасына салым кошуу максаты көздөлүүдө.  

Курска катышууну каалоочулар регистрация баракчасын толтуруп, төмөндө көрсөтүлгөн сумманы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Үзгүлтүлтүксүз билим берүү борборуна “студенттерге жардам фондуна” көмөк катары төлөшү керек.

Багыты

Багыт №

Курстун аталышы

Күндөрү

Курстун тили

Сааты

Катышуучулардын саны

Баасы (KGS)

Жери

1

 

 

 

Технология

1

 

 

 

Аары кармоо жана балчылык

23-27-май, 2022

 

 

 

 

Кыргызча

Түркчө

10.00-17.30

 

 

8

 

2500

 

 

 

Түшүндүрмө;

  1. Сабактар Ковид-19 пандемиясы эрежелерине ылайык  (маска-аралык-тазалык) офлайн түрдө өтөт.
  2. 1 сабак, 45 мөнөт жана 10 мин танапистен турат. 2 саат сабак бириктирилип, 90 мин өтүлүшү мүмкүн.
  3. Киши толбосо (10 киши) курстар ачылбайт. Башка курска жылдырылат. 
  4. Сабактын материалдыры катышуучу тарабынан каржыланат.
  5. Сертификат алуу үчүн %60 катышуу жана курстун аягында өтө турчу сынактан кеминде 60 балл алуу зарыл.

 

Kaтталуу үчүн керектүү документтер:

  1. Курска катталуу баракчасы (Үзгүлтүлтүксүз билим берүү борборунан же башкы имараттагы бухгалтериядан алса болот)
  2. Паспорттун көчүрмөсү
  3. “Студенттерге жардам фондуна” төлөнүүчү квитанция

(Курска Демирбанк кассаларынан же интернет банкинг аркылуу  Кыргыз-Түрк “Манас” университетине таандык 11800000331477 Демирбанк эсебине ‘‘Үзгүлтүлтүксүз билим берүү борборунун аары кармоо жана балчылык курсуна’’ деп жазып, сөзсүз түрдө түшүндүрмө жагына аты-жөнү жазылылышы керек.)

 

Курс катталуу баракчасы жана паспорттун кочүрмөсүн, ошондой эле квитанцияны Үзгүлтүлтүксүз билим берүү борборунуна тапшыруу зарыл.

Курска катталуунун акыркы күнү: 20. 05. 2022

Курстун башталышы: 23. 05. 2022

Байланыш телефону 0(708) 68 68 93 (Гүлмира Мамбеталиева)

    Социалдык медиада бөлүшүү