ЖАЗГЫ СЕМЕСТРДИН ТИЛДЕН БОШОТУУ СЫНАКТАРЫ ТУУРАЛУУ КУЛАКТАНДЫРУУ


  • 2022-12-27

Чет тилдер жогорку мектебинин Башкаруу кеӊешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы №33-отурумунда кабыл алынган №2022.033.108 номерлүү чечиминин негизинде Чет тилдер жогорку мектебинин Тил үйрөтүү бөлүмүнүн 2022-2023-окуу жылынын академиялык календарына ылайык 2023-жылдын 09-11-январь күндөрү өткөрүлө турган жазгы семестрдин тилден бошотуу сынактарына (түрк, кыргыз, англис, орус жана кытай тилдери) катышууну каалаган талапкерлерге болгон талаптар, аталган сынактын өтө турган жери, сааты жана күндөрү жана ошондой эле баалоо критерийлери төмөндө көрсөтүлгөн.

 

СЫНАККА КАТТАЛУУ ТАЛАПТАРЫ

Тилден бошотуу сынактарына (түрк, кыргыз, англис, орус жана кытай тилдери) катышууну каалаган талапкерлердин арыздары төмөндө көрсөтүлгөн талаптарга ылайык кабыл алынат. Сынакка кирүү талаптары төмөнкүдөй:

  1. Тил үйрөтүү программасы боюнча билим алып жаткан магистратура жана докторантура багытынын студенттери;
  2. Тил үйрөтүү программасындагы үйрөнүүгө милдеттүү болгон тилдерди экинчи (2) окуу жылында улантып жаткан студенттер;
  3. Жогоруда белгиленген 1-жана 2-беренелерден тышкары түрк, кыргыз, орус жана кытай тилдеринен өткөрүлгөн эки ара сынактан орточо упайы эӊ аз 90 (AA) жана андан жогору упай алган студенттер;
  4. Англис тилинин (С) жогорку деӊгээлин үйрөнүп жаткан студенттердин арасынан өткөрүлгөн эки ара сынактан орточо упайы эӊ аз 85 упай (BA) жана (B) орто деӊгээлин үйрөнүп жаткан студенттердин арасынан өткөрүлгөн эки ара сынактан орточо упайы эӊ аз 90 упай (AA) алган студенттер кире алышат.

КАЙРЫЛУУ ЖЕРИ

Арыз каттар Тил үйрөтүү бөлүмүнүн катчылыгына (Башкы имарат, А-221-кабинет) 2023-жылдын 06-январь күнү (Кыргызстан убактысы боюнча) саат 17:00го чейин тапшырылуусу зарыл; же болбосо.

Арыздын үлгүсү

Англис, орус жана кытай тилдери сынагына кирүү үчүн: ydyo.hazirlik@manas.edu.kg

Түрк тили сынагына кирүү үчүн: hazirlik.turkce@manas.edu.kg

Кыргыз тили сынагына кирүү үчүн: hazirlik.kirgizca@manas.edu.kg электрондук адресине арыз катты жөнөтүү керек.

Тилден бошотуу сынактарына (түрк, кыргыз, англис, орус жана кытай тилдери) катыша турган студенттерибиз төмөндө көрсөтүлгөн арыз катынын үлгүсүн толтуруп, дарскананын данышманы (куратору) кол тамгасы менен тастыктоосу зарыл. Толтурулган арыз катта сынакка кайсы тилден кире тургандыгыңыз так жазылуусу абзел.

СЫНАКТЫН ӨТӨ ТУРГАН ЖЕРИ:

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин башкы имаратында (Ч. Айтматов проспектиси, 56, Бишкек ш., Кыргызстан) жайгашкан Чет тилдер жогорку мектебинин 3-кабатындагы A-205 жана A-206-кабинеттеринде өтөт.

СЫНАКТЫН СААТЫ ЖАНА КҮНДӨРҮ

ТИЛДЕР

СЫНАКТЫН ӨТӨ ТУРГАН КҮНҮ

ОКУП ТҮШҮНҮҮ

УГУП ТҮШҮНҮҮ

ДИЛБАЯН

ООЗЕКИ СЫНАК

1.

Англис тили

09/01/2023

10.00- 11.00

11.00-11.50

12.10-13.10

14.00-17.00

2.

Орус тили

09/01/2023

10.00- 11.00

11.00-11.50

12.10-13.10

14.00-17.00

3.

Кытай тили

09/01/2023

10.00- 11.00

11.00-11.50

12.10-13.10

14.00-17.00

4.

Кыргыз тили

10/01/2023

10.00- 11.00

11.00-11.50

12.10-13.10

14.00-17.00

5.

Түрк тили

11/01/2023

10.00- 11.00

11.00-11.50

12.10-13.10

14.00-17.00

СЫНАКТЫ БААЛОО

Тилден бошотуу сынактары (түрк, кыргыз, англис, орус жана кытай тилдери) төмөндө көрсөтүлгөндөй критерийлерге ылайык бааланат.

ТИЛДЕР

ОКУП ТҮШҮНҮҮ

УГУП ТҮШҮНҮҮ

ДИЛБАЯН

ООЗЕКИ СЫНАК

БАЯНДОО

БААРЛАШУУ

1.

Түрк тили

25 упай

25 упай

25 упай

10 упай

15 упай

2.

Кыргыз тили

25 упай

25 упай

25 упай

10 упай

15 упай

3.

Орус тили

25 упай

25 упай

25 упай

10 упай

15 упай

4.

Англис тили

25 упай

25 упай

25 упай

10 упай

15 упай

5.

Кытай тили

25 упай

25 упай

25 упай

10 упай

15 упай

 

    Социалдык медиада бөлүшүү