КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИ “ТҮРК ЭЛДЕРИНИН ТАРЫХЫ ЖАНА БАЙЫРКЫ ДООРДОГУ ИЛИМДЕРИ” ЭЛ АРАЛЫК СЕМИНАРЫНЫН РЕЗОЛЮЦИЯСЫ


  • 2023-10-12

2021-жылдын 12-ноябрында түзүлгөн Түрк мамлекеттери уюму тили, тарыхы жана маданияты бир болгон бардык түрк коомдорунун кайрадан биригүүсүнүн пайдубалын түптөп, өтмүштө болгон сыяктуу жаңыдан Улуу түрк биримдигинин түзүлгөнүн бүткүл дүйнөгө жарыя кылды. Бул биримдиктин билим берүү тармагындагы алтын көпүрөсү болгон Кыргыз-Түрк «Манас» университети келечектин билим берүү элчилерин даярдаган маанилүү жогорку окуу жайы болуп саналат.

2023-жылдын 4-6-октябрь күндөрү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде түрк дүйнөсүнүн ар түрдүү өлкөлөрүнөн 36 илимпоздун катышуусунда өткөрүлгөн “Түрк элдеринин тарыхы жана байыркы доордогу илимдери” эл аралык семинарында бири-биринен баалуу болгон докладдар окулду. Теңир тоонун этегиндеги ата-журтта өткөрүлгөн семинарда тарыхта чоң бир жазуу жазылды. Семинарда талкууланган темалардын алкагында даярдалган резолюцияда төмөндөгүдөй чечимдер кабыл алынды:

1-Түрк археологиясын өнүктүрүү, институтташтыруу жана биргелешкен иштерди жүргүзүү эң приоритеттүү көйгөйлөрүбүздүн бири. Бул көйгөйдү чечүү үчүн кафедраларды жана институттарды ачуу менен зарыл болгон илимпоздордун жетишсиздигин  толуктоо керек. «Түрк дүйнөсүнүн археологиясы» китеби сыяктуу биргелешкен эмгектерди жазуу, биргелешкен кызматташтыктын алгачкы конкреттүү көрсөткүчтөрүнүн бири болушу мүмкүн.

2- Петроглифтер, тамгалар жана курган иштер боюнча изилдөөлөрдүн көбөйүшү түрктөрдүн байыркы доордогу кеңейүү аймактарын ачыкка чыгаруу жагынан мааниси зор. Учурдагы изилдөөлөр жетишсиз болсо дагы, колдогу болгон маалыматтар көптөгөн аймактарда түрк тарыхынын кайрадан жазылышын талап кылган маанилүү жыйынтыктарды берди. Петроглифтер маданиятыбыздын өнүккөн жана кеңейген аймагын көрсөткөн эң конкреттүү байланыштардын бири. Кененирээк талдоого татыктуу.

3- Түрк жер-суу аттары боюнча карама-каршы сөздүктөрдү даярдоо жана этимологиянын негизинде түрк конуш аймактарынын орток лингвистикалык жана археологиялык адабиятын түзүү маанилүү. Бул адабиятка салым кошо турган жалпы методологияны иштеп чыгуу муктаждыгы бар.

4- Түрк тарыхынын айрым жерлерин аныктоо жана айрыкча, мамлекеттик түзүлүштүн үзгүлтүксүздүгүн ачып берүүдө ар түрдүү документтер менен кол жазмаларды, өзгөчө курулуш журналдарын көбүрөөк колдонуу керек.

5- Түрк тарыхында талаштуу маселелердин бири, Түркияда колдонулган «жаш классификациясы» түрк тарыхын жарыктандыруу жана чечмелөө үчүн жетишсиз. Айрыкча, Адриатикадан Улуу Кытай дубалына чейинки кеңири географиялык аймакка тараган түрктөрдүн тарыхын кайрадан карап чыга турган оригиналдуу жаш классификациясын түзүү сунушталат. Түрк тарыхында доор түшүнүгүнүн ордуна түрк цивилизациясын концептуалдаштыруу боюнча сунуштар да айтылган. Бул сунуштардын биринде хронологияга карабастан Түрк башкаруу тарыхы, түрк экономика тарыхы жана башка ушул сыяктуу классификациялар сунушталган.

6-Түрк дүйнөсүн агартууга жол ачкан “Жадидчилик кыймылынын” маанисинен улам тил-идея жана кызматташтык идеалына өмүрүн арнаган илимпоз, интеллигенция өкүлдөрүнүн деталдуу жана системалуу түрдө орток кызматташтыгынын өнүгүшү жагынан маанилүү.

7- Түрк мамлекети менен коомчулуктар арасында бакалавр жана магистратурада окуган студенттер үчүн алмашуу программалары боюнча шыктандырган иштер жүргүзүлүшү керек. Түрк археологиясын изилдей турган студенттерге жана магистранттарга стипендия мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктар берилиши керек. Бул багытта Кыргыз-Түрк “Манас” университети ишке ашырып жаткан билим берүү моделин үлгү катары алып, бүткүл түрк дүйнөсүнө мындай тажрыйбаларды ишке ашырууга аракет кылуу керек.

8- Түрк дүйнөсү менен байланышкан инвентаризациялык иштердин башталышы жана Түрк мамлекеттери уюмунун алкагында орток санарип маалымат банкынын түзүлүшү карым-катнаштарды жакшыртуу жагынан абдан маанилүү.

9- Түрк дүйнөсүндө маданий биримдикти камсыздоо үчүн аскадагы сүрөттөрдүн, пиктограммалардын жана символдордун өнүгүшү улуттук өзгөчөлүктү бекемдөө жагынан баалуу. Тил жана алфавит биримдигине байланыштуу изилдөөлөрдүн жыйынтыгы түрк дүйнөсүндө орток келечекти куруу жагынан зор мааниге ээ.

10- Искусство тарыхы боюнча жасалган иштер аркылуу түрк коомчулуктарынын маданий коддору өнүктүрүлүшү мүмкүн. Бул жагынан алганда, байыркы мезгилдеги түрк искусствосуна таянып, бүгүнкү күнгө жеткириле турган эмгектер түрк коомчулуктарынын ортосундагы жакындашууну тездетет.

11- Борбор Азиядагы түрк республикаларында жана Түркиядагы түрк тарыхы жана байыркы доордогу тарых илимдерине байланыштуу макалалардын жана басылмалардын адистер тарабынан индекстелиши жана каталог/альманах изилдөөлөрүнүн жүргүзүлүшү сапат жагынан маанилүү.

    Социалдык медиада бөлүшүү