Күзгү семестрдеги "Манастын" Айыл тургундары менен жолугушуулары башталды


  • 2023-11-05

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын жетекчилигинин астында иш алып барган "Айыл тургундары менен жолугушуу” социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында 2023-2024-окуу жылынын күзгү семестринин сапарлары Сокулук районунун Төрт-Көл айылында башталды.  

2023-жылдын 2-ноябрында “Манас” университетинин делегациясы Төрт-Көл орто мектебине иш сапар менен келишип, мектептин директорунун орун басары Наталья Маярова, айыл башчысы Сейитбек Ибрагимов, айыл имамы Абдимитталип Жалалов, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар менен жолугушту.

Айыл тургундары менен жолугушуулар боюнча делегациянын курамын түрдүү кесипкөй адистер түздү

Университетибиздин Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын жетекчиси, профессор Кемал Полаттын жетекчилиги астында иш алып барган долбоордун алгачкы жолугушуусуна табигый илимдер факультетинен профессор Анаркүл Урдалетова, ветеринария факультетинен кенже илимий кызматкер Айдай Жунусова жана ветеринар Айтурган Дүйшөбаева, айыл чарба факультетини мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү бөлүмүнүн бөлүм башчысы, доц.м.а.док. Хүсейин Зейнелзаде Тебризи, доцент Сайкал Бабушева, инженердик факультетинен Аида Жайлообаева, телогия факультетинен Арстанбек Сагынбай уулу, студенттик жатакана мүдүрү жана кесиптик жогорку мектептин мүдүрүнүн орун басары, доц., док. м.а. Серхат Атмажа, "Шейит Эрен Бүлбүл” атындагы ден соолук борборунан доцент Гульфия Губайдуллина жана Сейил Назаркулова катышты.

Профессор Кемал Полат жолугушуунун жүрүшүндө университетибиздин бир гана сапаттуу билим берүү иш-чараларына гана эмес, БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына шайкеш келген социалдык жоопкерчилик иш-чараларына да чоң маани берерин баса белгиледи. Айыл тургундары менен жолугуп, алар менен баарлашуу, көйгөйлөрүн угуу жана чечүү жолдорун табуудан тышкары университетибизди окуучуларга тааныштыруу максатында элет жергесине баруу иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи.

Профессор Кемал Полат өз сөзүндө: “Университетибиз бекер жана сапаттуу билим берет. Мындан тышкары, кооз кампус жана жатаканага ээ. Биздин бүтүрүүчүлөрүбүз жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ жана университетибиз QS рейтингинде эң мыкты 800гө кирет жана ошол эле учурда Борбор Азиядагы биринчи университет катары орун алат,” -деп жыйынтыктады.

Иш сапардын жүрүшүндө айыл башчысы Сейитбек Ибрагимов өз сөзүндө буларга токтолду: "Манас университетинин өкүлдөрү биздин айылга келүүнү каалашарын айтышканда абдан кубандым. Анткени биздин балдарыбыз аң-сезимдүү тандоо менен мыкты университетте билим алышууда. Биздин айылдаштарыбыз дыйканчылыкта жана мал чарбачылыгында аң-сезимдүү иш алып барышканы айылыбыз жана өлкөбүз үчүн өтө маанилүү. Сиздерге чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирем.”

“Манас” университетинин өзгөчөлүгү

Мугалим Ализат Асанканова сезимдери менен бөлүшүп: “Мен университетти бүтүргөнүмө сыймыктанам, бирок "Манас" университетинде окууга мүмкүнчүлүгүм болбогону үчүн өкүнөм. Менин туугандарымдан бири бул университетте иштейт. Студенттер сапаттуу билим алуу менен бирге Түркияга да баруу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат. “Манас” университетинин уникалдуу кампусу жана башка университеттерде кездешпеген өзгөчөлүктөрү бар. Университетте паракорчулук кездешпейт. Көп эмгектенсең гана ийгиликтүү болосуң. Өзүмдүн университетте окуп жүргөн кезимде чет тилдер жогорку мектебинин (Төмер) курстарына катышып, түрк тилин үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум жана Түркияда сынак тапшырдым. Түрк боордошторубузга жана Түркия Республикасына ыраазымын.”

Наталья Маярова келген делегацияны жылуу кабыл алып, ыраазычылыгын билдирип, кызынын “Манас” университетинде алган билими тууралуу оң пикири менен бөлүштү. Маярова өз сөзүндө мындай деди: “Биринчиден келгениңиз үчүн рахмат. Менин кызым “Манас” университетинде окуйт жана бул окуу жайдан билим алганыбызга абдан кубанычтабыз. Айрыкча белгилеп кетким келет, биз эч кандай төлөм төлөбөйбүз. Ал эми кызым бул жерден чындап эле сапаттуу билим алып жатат. Сиздерге дагы “Манас” университетине тапшырууну сунуштайм,”-деди.

Сөзүнүн башында Төрт-Көл айылындагы орто мектебинин директору Изат Раимов Кыргызс-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылыгын билдирди. Изат Раимов “Манас” университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлери алыс жайгашкандыгына карабастан билим берүү мекемелерине келип, айыл тургундарына жана студенттерине ар тараптуу маалымат берип жатышканын билдирди.

Делегацияга өз ыктыяры менен келген профессор Анаркүл Урдалетова окуучуларга математиканын күнүмдүк жашоодо жана келечектеги карьерада кандай роль ойноорун айтып берди. Ал ошондой эле математика боюнча окуу процессин жеңилдетүү максатында өзү жазган жана университет тарабынан чыгарылган китептерди мектепке тартуулоо менен окуучуларга баалуу булак тартуулоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Иш-чара эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzSoU_sN7US/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү