Профессор Алпаслан Жейландын Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата сүйлөгөн сөзү


  • 2023-11-06

Сүйүктүү “Манас” үй-бүлөсү,

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата Кыргызстанда баскынчылыкка, туткунга каршы эгемендүүлүктү, сүргүнгө, геноцидге карабай бар болууну каалап, жан аябай күрөшүп, кийинки муундар үчүн бул күрөштү  таштап кеткен шейиттерибизди ырайым жана ыраазычылык менен эскерем. Жаткан жерлери жайлуу, жандары жаннатта болсун.

1916-1917-жылдары болгон “Үркүн окуясы” тарыхтагы эң азаптуу учур падышалык Орусия, андан кийинки совет бийлиги доорунда да уланган басып алуунун кандуу жүзүн ачыкка чыгарат. Үркүн окуяларында миңдеген кыргыздар өз жерин баскынчылыктан коргоону каалап, үй-жайынан, жеринен көчүрүлүп, миңдеген мекендештерибиз сүргүндө көч жолунда курман болушкан.

Ошол эле мезгилде бүткүл Түркстан географиясында бул кандуу басып алуудан улам сүргүнгө, геноцидге дуушар болгон мекендештерибиз аман калуу үчүн күрөшкөн. Тарыхка көз чаптырсак, ошол жылдары алты жүз жыл бою жашаган Осмон империясы батыш империализмине каршы өз жерлерин коргоо үчүн күрөшүп жатканда, Түркстан географиясы орус империализмине каршы күрөшкөн.

Бул өзгөчө күндөрдө бүткүл түрк дүйнөсүнүн кайгысын ойлоп, ошол күндөрү биз жоготкон ата-бабаларыбызды урматтоо менен эскерип, алардын бизге калтырган куттуу мурастарын келечекке үмүт, сыймыктануу жана ишенич менен өткөрүп берүү жоопкерчилигин дагы бир жолу эстейбиз.

Ата-бабалардын мурасын келечек муунга жеткирүү, өсүп келе жаткан муундарга туура түшүндүрүү, келечекке тарыхтын тереңинен сабак алуу үчүн бул өзгөчө күндөрдүн мааниси абдан чоң. Анткени тарыхтагы азаптар, сүргүндөр, геноциддер, басып алуулар жана өмүр үчүн жан берген күрөштөр унутулуп калса, ошол эле азаптар ар кандай окуялар менен кайрадан башталышы мүмкүн. Биздин милдетибиз унутпоо, башкаларга унуттурбоо, эстөө, эске салуу.

Бул өзгөчө күндөр бизди тарых жана ата-бабалар менен жакындаштырат. Биз алардын арбактарына дуба кылып, бул сыноолор аркылуу тарыхты жана учурду түшүнүүгө аракет кылабыз. Бүгүн биз, “Манас университети”, Тарых жана ата-бабалар күнүн мына ушундай ойлор менен белгилейбиз. Себеби Чыңгыз Айтматов романдарында белгилегендей, жаштарыбыз маңкурт болушпасын деп жатабыз. Түрк дүйнөсүнүн бүткүл дүйнөдөгү илим, маданият жана искусствонун борбору болушун каалайбыз. Анткени бул күндөрдү баарыбыз терең кайгыруу менен күбө болуп жатабыз; Израилдин басып алуусу астында Палестина бомбаланып жатат. Палестина гана эмес, Чыгыш Түркстанда уйгур боордошторубуз да жылдар бою азап тартып келишет, Азербайжанда Карабактагы мекендештерибиз да көп жылдардан бери азап тартышты, бүгүнкү күндө дагы Карабактын эркин болушу үчүн Карабактан сүргүнгө айлангандар мекенине кайтып келиши үчүн боордошторубуз курман болушууда. Ооганстан, Ирак, Сирия сыяктуу мусулман өлкөлөрү империализм тарабынан жылдар бою оккупацияланып, бомбаланып, миллиондогон адамдар курман болушкан.

Бул өзгөчө күндөрдө биздин чакырыгыбыз – ата-бабаларыбыздын баштарынан өткөргөн азапты унутпай, мурасын сактап, тилибизде, ишибизде, пикирибизде, илимибизде биримдикти камсыз кылуу менен жаркын келечекти түзүү. Биз буга ишенебиз.

Сүйүктүү “Манас” үй-бүлөсү,

Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, кыргыз элинин бар болушу, эгемендүүлүгү, өнүгүшү жана түбөлүктүү болушу үчүн кан-жанын аябаган шейиттерибизди, кыргыз тарыхына жана Кыргыз Республикасын коргогондорду, ал үчүн шейит кеткендерди, ардагерлерди дагы бир жолу ушул өзгөчө күндөрдө урмат-сый, ыраазычылык жана ырайымдуулук менен эскерем. 

                                                                  Ректор, профессор Алпаслан Жейлан

    Социалдык медиада бөлүшүү