РЕКТОР, ПРОФЕССОР АЛПАСЛАН ЖЕЙЛАНГА ЕВРАЗИЯ ЖАЗУУЧУЛАР БИРИМДИГИНИН ИЗИЛДӨӨ СЫЙЛЫГЫ


  • 2023-11-25

Чыгыш Анадолуда алгачкы мезгилдеги түрк издери

Түркияда интеллигенциянын өкүлдөрү жана илимпоздор арасында кадыр-барктуу орунду ээлеген Евразия жазуучулар биримдиги түрдүү тармактарда илимий сыйлыктарды берип келет. 2023-жылдын эң мыкты изилдөө жана китеп сыйлыгын профессор Алпаслан Жейланга тапшырууну ылайык көргөн Евразия жазуучулар биримдигинин башкармалыгынын төрагасы, доцент Якуп Өмероглу сейрек кездешүүчү бул эмгек тууралуу мындай деп айтты айтты: “Бүгүнкү күндө болжол менен 285 миллионго жеткен түрк дүйнөсүнүн тарыхый географиясын түшүнүү жана башынан бери өнүгүп келе жаткан маданиятын далилдер менен түшүндүрүү методикалык жактан абдан кыйын. Анткени б.з.ч. IV миң жылдыктан бери Азиянын бардык аймактарындагы миграциялардын жыйынтыгында болуп өткөн саясий жана социалдык өнүгүүлөр дүйнөлүк тарыхка өз таасирин тийгизди. Кичи Азия баштаган жашоого мүмкүн болгон дүйнөнүн дээрлик бардык географияларында түрк миграциялары таасирдүү болду.

Чыгышта Манчжуриядан түндүктө Сибирге, түштүктө Индиядан батышта Каспий деңизине жана Дунай түздүгүнө чейин созулган географиядагы уруулардын доорун баштаткан түрктөр мамилелери болгон элдердин жазма булактарында түрдүү ысымдарда эскерилген. Мындай кенен географияда жашап өткөн түрктөрдүн, өзгөчө алгачкы доордун тарыхын жазууда археология, антропология, тил илими, география, искусство тарыхы, социология, экономика, нумизматика ж.б. илимден колдонуу керек.”

Археологиялык далилдер менен түрктөшүү процессинин тамырына кирүү                                              

Доцент Якуп Өмероглу сөзүн мындай деп улантты: “Зор эмгектин натыйжасында даярдалган бул эмгектин эң маанилүү өзгөчөлүгү - Чыгыш Анадолудагы алгачкы мезгилдеги түрк издерине таандык материалдык табылгалар жана археологиялык борборлор топтолгон биринчи жана комплекстүү эмгек болушу. Ошондуктан китептин аты: Чыгыш Анадолуда алгачкы мезгилдеги түрк издери.” Бул эмгектин эң башкы өзгөчөлүгү - 1071-жылы Манзикерттен башталганы айтылган Анадолунунун түрктөшүү процессин археологиялык далилдер менен алда канча артка алып барат, “- деди.

Борбор Азиянын уландысы: Чыгыш Анадолу географиясы

“Борбор Азияда жана Анадолуда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн корутундусу мындай; Анадолу, өзгөчө Чыгыш Анадолу географиялык жактан да, маданий жактан да Борбор Азия талааларынын уландысы. Саймалуу-Таштын сырдуу шамандарын Карс/Дигордогу Теңир-Тоодон табууга болот. Бугу таштарынын асманга учкан мистикалык жөрөлгөсүн Алтай тоолорунда Гейиклитепеде таба алабыз. Борбор Азиядагы түрк урууларынын малчылык турмушунун изин Чыгыш Анадолунун дээрлик бардык жеринен көрүүгө болот. Алсак, Хаккари Геварук өрөөнү, Тыршин жайлоосу, Ван, Эрзинжан, Эрзурум-Карс платосу жана Анадолунун бийик жайлоолору бүгүнкүдөй миңдеген жылдар бою көчмөн түрктөрдүн мекени болгон.”

1071-жылга чейинки Анадолудагы түрктөрдүн бар болушун изилдеген диссертациянын артындагы илимий саякат

Ректор, профессор Жейлан китептин мазмуну тууралуу пикирин бөлүшүп: “Жаңы тарых диссертациясын алдыга коюу үчүн жетиштүү тарыхый маалыматтар, документтер жана ресурстар, ошондой эле синхрондуу изилдөөлөр жана талаа изилдөөлөрүнө муктаждык бар. Айрыкча сөз Анадолу сыяктуу байыркы география тууралуу болгондо, бул көп түрдүү материал жана ыкмаларга болгон муктаждык дагы да күчөйт. Батыштын тарых түшүнүгүнүн продуктусу катары орто кылымдагы араб, византия, грузин, перс, латын, түрк жана ушул сыяктуу жазма булактардын алкагында “Анадолунун түрктөшүү процесси” жаңы иштелип чыккан илимий ыкмалардын жана анализдердин аркасында кайрадан талкууга алынууга муктаж болду.

Болжол менен 25 жылдан бери Түндүк-Чыгыш Анадолу аймагында чоң бир топ менен жүргүзгөн жер үстүндөгү изилдөөлөр жана казууларда алгачкы доордогу түрк издери деп аталган аска сүрөттөрү, таш скульптуралар, штамптар, белгилер, руникалык жазуулар жана символдор отурукташуу учурунда Кавказ аркылуу Анадолуга келгенин аныктадык. “1071-жылга чейинки Анадолуда түрктөрдүн бар болушу” аттуу тезис антитезис да эмес, Республика доорунан кийинки талаштуу тезистердин арасында да эмес. Бул диссертацияда Анадолу талааларында жана жайлоолорунда жашап, талаа салттарын чагылдырган көчмөндөр менен түрк этносунун ортосундагы карым-катнаштар көп өңүттө каралат,”-деди.

Чыгыш Анадолуда алгачкы мезгилдеги түрк издерин табуу үчүн кеңири жол

Бул маанилүү эмгекти камтыган жана Түрк тарых коому тарабынан басылып чыккан бул китеп Анадолудагы алгачкы түрк издеринин кириш сөзүн камтыйт. Келечекте илимий изилдөөлөрдү жүргүзө турган жаш изилдөөчүлөргө дем бере турган тыянактары бар бул эмгек алдыдагы изилдөөлөргө багыт берерине ишенич чоң.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0E54X1Nh3h/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Manas TV Haberi: 

https://youtu.be/bdKcn2_DEOA?feature=shared

    Социалдык медиада бөлүшүү