“Манас” эпосу күнү


  • 2023-12-02

2023-жылдын 30-ноябрында “Манас” университетинин К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында гуманитардык факультетинин философия жана синхрондук котормо бөлүмдөрү, КРнын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Кыргыз улуттук “Манас” театры менен биргеликте “Манас” эпосу күнү белгиленди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, проректорлор профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, башкы катчы, доцент Октай Өзгүл, окутуучулар жана көптөгөн студенттер катышты.

Программанын ачылыш сөзүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык “Манас” эпосунун универсалдуу мааниге ээ экенин баса белгилеп: “Манас” эпосу бир гана кыргыз эли үчүн гана эмес, бүткүл адамзат үчүн маанилүү кенч. Бул эпосту миңдеген жылдар бою кыргыз эли тарабынан сакталып бүгүнкү күнгө чейин жеткирилген жана универсалдуу мааниге ээ,”- деди.

 Иш-чаранын маалымдуулукту жогорулатуу жана маданий көпүрө түзүү үчүн маанилүү кадам экенин баса белгилеген декан, профессор Ашык сөзүн панелдин катышуучуларына ыраазычылык билдирүү менен жыйынтыктады.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев “Манас” эпосу - жалпы түрк элдеринин мурасы экенин баса белгилеп, эпос келечекте дагы терең изилдениши, чечмелениши керектигин белгиледи. Министрдин орун басары бул аракеттер улуттун “Манас” эпосуна болгон мамилеси жакшы жагына өзгөртөрүн айтты. Өз сөзүндө “Манас” университетинин студенттерине кайрылып, изилдөөлөрдү жасоого үндөдү.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова: “Манас - бул океан, айтылып, окулуп бүтпөйт, түшүндүрүлүп бүтпөйт, сыры көп. Ошондуктан ар бир кыргыз жараны, түрк дүйнөсүнүн улуу урпактары “Манас” жөнүндө билгиси келет. Бул табигый көрүнүш, анткени “Манас” ата-бабаларыбыз калтырган улуу мурас,”-деп эпостун маанилүүлүгүнө токтолду.

Биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова сөзүнүн аягында “Манас” эпосунун маанилүүлүгүн баса белгилеп: “Бир эле ЮНЕСКонун эки тизмесине кирген башка эпикалык чыгарма азырынча жок,”-деп аталган иш-чаранын уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын алкагында “Манас эпосу жана философия” панели катышуучулар тарабынан кызуу кабыл алынды. Айрыкча, “Манас” эпосунун сюжеттик-тематикалык кѳрсѳткүчү-1” китеп сериясынын бет ачар аземи да иш-чаранын ѳзгѳчѳ бѳлүгүн түздү. Долбоордун жетекчиси, доцент Калия Кулалиева жана долбоордун мүчѳлѳрү, окутуучулар Мухиттин Гүмүш жана Тамара Абылкасымова китептин мазмунун тааныштырып, катышуучуларга маалымат беришти. Андан соң “Манас” эпосунун таасирленткен атмосферасында манасчылар сахнага чыгышты.

Иш-чаранын аягында ректор, профессор Алпаслан Жейланга, панелдин катышуучуларына жана долбоордун жетекчиси, доцент Калия Кулалиевага Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жетекчилиги тарабынан атайын тѳш белгилер тапшырылды.

Окуу жайдын жетекчилерине да “Манас” эпосунун сюжеттик-тематикалык кѳрсѳткүчү-1”  аттуу китеп тартууланды.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0TMsfYNx3j/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C0TNeJRtnvB/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Manas TV Haberi:

https://youtu.be/v_7xD36CJO0?feature=shared

    Социалдык медиада бөлүшүү