Жаш социологдордун катышуусунда “Зия Гөкалптын өлүмүнүн 100 жылдыгына арналган социология” аттуу студенттик илимий жыйын болуп өттү


  • 2024-11-21

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин социология бөлүмү тарабынан 2024-жылдын 19-ноябрында Дүйнөлүк социологдор күнүнүн алкагында “Зия Гөкалптын өлүмүнүн 100 жылдыгы жана социология” атуу темада студенттик илимий конференция өткөрүлдү.

Гуманитардык факультетинин деканы, PhD., профессор Алпаслан Ашык, социология бөлүмүнүн башчысы, PhD., профессор Эртан Өзенсел, факультеттин профессордук-окутуучулук курамы жана көп сандагы студенттердин катышуусунда өткөн иш-чарада түрк социологиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Зия Гөкалптын ар тараптуулугу жана идеялары талкууга алынды.

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн КТМУнун гуманитардык факультетинин деканы, PhD., профессор Алпаслан Ашык Зия Гөкалптын социология тармагында гана эмес, тарых, адабият жана поэзия сыяктуу ар кандай дисциплиналарда да маанилүү салым кошконун баса белгиледи.

PhD., профессор Алпаслан Ашык: “Зия Гөкалп – түрк социологиясынын пайдубалын түптөгөн илимпоз, ошондой эле адабият, тарых сыяктуу ар кандай дисциплиналарда маанилүү эмгектери бар ар тараптуу инсан. Аны таанып, түшүнүү – биз үчүн өтө баалуу. Бул маанилүү иш-чараны уюштурган социология бөлүмүнүн башчысына жана салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирем, катышкан студенттерге ийгилик каалайм,” - деди.

Социология бөлүмүнүн башчысы, PhD., профессор Эртан Өзенсел өз сөзүндө Зия Гөкалптын социологияга кошкон салымдары жөнүндө айтып, уюштурулган илимий жыйында студенттерге маанилүү академиялык тажрыйба жана көз караш бере алды деген ишенимин билдирди.

Ачылыш сөздөрдөн кийин Канымет Бегимбек уулунун модераторлугунда өткөн конференцияда социология бөлүмүнүн студенттери Зия Гокалптын социологиялык көз караштарын ар тараптуу талкуулашты.

Айзат Сүйүмбаева “Зия Гөкалптын улуттук социология түшүнүгү” аттуу баяндамасында Гөкалптын социологиялык ой-пикирлеринин улуттук баалуулуктарга тийгизген таасирин, Амантай Таштанбеков “Зия Гөкалп социологиясында харс жана цивилизация” деген баяндамасында Гөкалптын харс жана маданият түшүнүктөрүнө карата көз карашын, Милана Асантаева “Окутуучу Зия Гөкалп” темасындагы баяндамасында Гөкалптын билим берүү түшүнүгүн жана бул тармактагы таасирин, ал эми Мээрим Туралиева “Зия Гөкалп социологиясында иденттүүлүктүн элементи катары дин” деген баяндамасында Гөкалптын социологиялык көз караштан дин феноменине болгон мамилесин талкуулашты.

Баяндамалардан соң илимий жыйын суроо-жооп менен уланып, жамааттык сүрөткө түшүү менен аяктады.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DCqmoIztF3B/

    Социалдык медиада бөлүшүү