Университетибизде кыргыз салттуу музыкасынын өзөгү болгон комуз аспабын көтөргөн «Дастан» комузчулар тобу, элдик бий, заманбап бий ж.б. ийримдерге катышуу менен студенттер өздөрүн өркүндөтүп, кызыккан тараптарына жараша социалдык чөйрөгө ээ боло алышат. Мындан тышкары атагы Кыргызстандан ашкан «Манастын кыздары» бий тобу ж.б. көркөм чыгармачылык топтор да активдүү иш алып барышууда.
Университетибизде жаа атуу, стол тенниси, шахмат, футбол, волейбол, баскетбол аянтчалары жана күрөш залы бар. Мындан тышкары Ойлон-Шоу, Инсандык өнүгүү, Ак ниет, Эл аралык мамилелер, Театр, Экология, Туризм, Маркетинг жана Экономика сыяктуу студенттик клубдар өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келишет.