Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин китепканасы университеттин миссиясы жана көздөгөн максатына ылайык университеттин профессордук-окутуучулук курамын, студенттерин, изилдөөчүлөрүн жана административдик кызматкерлерин зарыл болгон ар кандай маалымат жана маалымат булактары менен камсыз кылуу, алардын билим, илим, маданий жана башка маалыматка болгон муктаждыгын канааттандыруу, ылайыктуу электрондук системаны түзүп колдонууга берүү, керектүү маалыматтык ресурстардын түрүн кеңейтүү жана мазмунун байытуу, билим берүү, тарбия жана илимий изилдөө программаларына колдоо көрсөтүү үчүн 1998-жылы ачылган.

2002-жылы электрондук каталог түзүлүп, 2005-жылы «Йордам» китепкана автоматташтырылган системасы курулуп, китепкананын баардык кызматтары автоматташтырылган системада иш алпарып, электрондук каталог интернет аркылуу бүткүл дүйнөгө ачылган (http://yordam.manas.edu.kg/). 2016-жылдын февраль айынан тартып электрондук каталогдун мобилдик форматы «Уюлдук китепканам» колдонууга сунулган. Азыркы убакта жалпы 90 миңден ашык китеп, газета-журналдар жана аудио-видео маалымат булактары менен камсыз болгон, 410 орундуу, жылына 500 миңге жакын окурманды кабыл алган китепканабыз 4 жерде кызмат көрсөтүп, ар бир китепканада электромагниттик коргоо системасы курулуп, окурмандарга ачык фондду эркин колдонуу шарттары түзүлгөн. Заманбап техникалар менен камсыздалган, жылына 60га жакын электрондук маалымат базаларына, булактарына байланыш ачылып, окурмандарга ар кандай тармактагы электродук китеп, журналдар менен камсыздап турат. Бардык китепканаларда жогорку ылдамдыктагы WiFi орнотулган жана окурмандардын колдонуусуна сунушталган 27 орундуу 2 компьютердик залы да бар.

Борбордук китепкана

2013-жылдын сентябрь айында университетибиздин кампусундагы студенттер жатаканасы менен бирге курулган  имаратта 82 орундуу 35 миңден ашык китеп, газета-журналдар жана аудио-видео маалымат булактары менен камсыздалган «Борбордук китепкана» ачылган. Китепканда эки окуу залы, илимий журналдар фонду, баалуу китептер фонду жана дипломдук иштер фонду жайгаштырылган.

Проф., докт. Азиз Санжар атындагы китепкана

2018-жылы апрель айында университетибиздин кампусунда 120 орундуу ветеринария, айыл чарба, туризм ж.б. тармактардагы 15 миңден ашык китеп, газета-журналдар жана аудио-видео маалымат булактары менен камсыздалган «Проф., докт. Азиз Санжар атындагы китепкана» ачылган. Китепканада бир окуу залы, диссертациялар фонду, илимий журналдар топтому жана 12 орундуу компьютердик зал жайгаштырылган.

Даярдоо курсу окуу залы (Башкы имарат)

1998-жылы ачылган башкы имараттагы эски китепканабыз азыркы учурда «Даярдоо курсу окуу залы» аталышта кызмат көрсөтүүдө. Бул китепканада «Топтоо», «Каталогдоо» бөлүмдөрү жайгаштырылып, даярдоо курсуна ылайыктуу жалпы 35 миңден ашык ашык китеп, газета-журналдар жана аудио-видео маалымат булактары менен камсыздалган. Китепкана 160 орундуу жана окурмандарга сунушталган 15 орундуу компьютердик залы да бар. Семестрлик таратылуучу окуу китептер, мезгилдүү басма сөз фонду, сурамжылоо фонду, проф.,док. Карыбек Молдобаев жана проф.,док. Салижан Жигитов китеп тексчеси да бул китепканада жайгаштырылган.

ЭБФ имаратындагы окуу залы

2021-жылы август айында Экономика жана башкаруу факультетинин имаратында 48 орундуу гумманитардык жана коомдук илимдер багытындагы 5 миңден ашык китеп, газета-журналдар жана аудио-видео маалымат булактары менен камсыздалган окуу зал ачылган.

Проф.,докт. Анварбек Мокеев атындагы окуу залы

2021-жылы декабрь айында Коммуникация факультетинин имаратында 40 орундуу коммуникация, гумманитардык жана коомдук илимдер багытындагы 3 миңден ашык китеп, газета-журналдар жана аудио-видео маалымат булактары менен камсыздалган «Проф.,докт. Анварбек Мокеев атындагы окуу залы» ачылган.

Тейлөө

Китепканага келген баардык окурмандар китепкананын ичинде гана баардык маалымат булактарын колдонууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми китепти абонемент аркылуу алууга жалгыз гана КТМУнун персоналдары жана студенттери укуктуу.

Абонементтин шарттары

Каалочулар абонемент системасынан КТМУга тиешелүү карт аркылуу колдоно алат. 
Студенттер жана персоналдар абонемент системасынан 5 китептен 15 күндүк мөнөткө ала алышат. Эгерде алынган китепке башка талапкер болбосо колдонуу мөөнөтүн дагы 3 жолу узарта алат. Узартуу ишин китепканабыздын абонемент бөлүмүнөн же веб-баракчабыздан жеке отурум ачып өткөрүү мөөнөтүнө 3 күн калганда кыла аласыз. Ал эми ал китепке башка талапкерлер кезекке турган болсо узартуу иши жүргүзүлбөйт. Сурамжылоо басмалары, мезгилдүү басмалар, афторефераттар, резервделген китептер, видео жана аудио материалдар үйгө берилбейт. Китепкана ичинде гана колдонууга уруксат берилет. 
Эгер китеп башка окурмандын колдонуусунда болсо, интернет аркылуу, электрондук каталогубуздан жеке отурум ачуу аркылуу кезекке турууга болот. Кезекке турган китеп өткөзүлгөн убакта сизге э-почта аркылуу маалымат жөнөтүлөт. Ошол күндөн тартып 3 күнгө дейре китеп "Кезекке тургузулган маалыматтар текчесине" коюлат. Эгер ошол 3 күн ичинде китеп алынбаса, кийинки талапкерге колдонууга берилет же фондко чыгарылат.

Узартуу жана кезекке турууну үйрөнүү үчүн бул жерге басыңыз

Иштин жүрүшү

Алынган басма булактар өз мөөнөтүндө берилиши керек. Мөөнөтүндө берилбеген ар бир маалымат булактарына бир күнгө 3 сом жаза төлөнөт. Эгерде окурман басма булагын жоготсо, анын ордун толукташы керек. Ордун толуктай албаса басма булагынын наркы 4 эсе өлчөмдө төлөнөт.

Негизги эрежелер

  • Китепканада тынчтыкты, тартипти сактоо өтө зарыл. Топтошуп иштөөгө тыюу салынат.
  • Колдонулган басма булактарды столдун үстүнө таштаңыз.
  • Китепкананын ичинде кол телефонун колдонууга болбойт
  • Китепканага тамак-аш, ичимдиктер менен кирүүгө болбойт.
  • Кызматкерлердин эскертүүлөрүнө, кайрылууларына баш ийүү зарыл.

 

Китепканалардын иштөө убактысы

Окуу семестр мезгили:

Борбордук китепкана:

Дүйшөмбү - Жума: 08:30-22:00 (17:30-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);

Ишемби: 11:00-22:00 (18:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);

Жекшемби: 14:00-20:00 (бул күнү окурмандарга китептер берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат).

 

Проф.,докт. А.Санжар атындагы китепкана:

Дүйшөмбү - Жума: 08:30-20:00 (17:30-20:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);

Ишемби-Жекшемби: Дем алыш.

 

Даярдоо курсу окуу залы (Башкы имарат), ЭБФ имаратындагы окуу залы жана проф.,докт. Анварбек Мокеев атындагы окуу залы:

Дүйшөмбү - Жума: 08:30-17:30;

Ишемби-Жекшемби: Дем алыш.

 

Жайкы эс алуу мезгили (Бардык окуу залдар):

Дүйшөмбү - Жума: 08.30 - 17.30;

Ишемби-Жекшемби: Дем алыш.

Толук маалымат алуу үчүн веб-баракчабызга кириңиз...