Саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт департаментинин курамындагы Ден-соолук борборунун дирекциясы 1999-жылдан бери студенттерибизге, кызматкерлерибизге жана кызматкерлерибиздин үй-бүлөлөрүнө саламаттыкты сактоо кызматын көрсөтө баштады. 2020-жылы университетибиздин Ч.Айтматов атындагы кампусунда имараттарынын бири жаңыланып, Шейит Эрен Бүлбүлдүн атынан Ден-соолук борбору жана COVID-19 диагностикалык борбору катары пайдаланууга берилди. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык толук жабдылган Ден-соолук борбору Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан аккредитацияланган.

Көрсөтүлгөн медициналык кызматтар - шашылыш жана биринчи медициналык жардам, жалпы текшерүү, диагноз коюу, бейтаптарды дарылоо жана өнөкөт оорулары барларды мезгил-мезгили менен көзөмөлдөө жаатында жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда, бейтаптарды кененирээк текшерүү жана дарылоо үчүн бейтаптар тиешелүү жогорку денгээлдеги ден-соолук бөлүмдөрүнө жөнөтүлөт.

Студенттер үйүндө 2 өзүнчө лазарет бөлмөсү бар (кыздар жана балдар). Ден-соолук борборунун дирекциясынын курамында 8 дарыгер (Ички дарт адиси (Терапевт), Кардиолог, Педиатр, Гинеколог, Кулак Мурун Тамак адиси, Невролог) жана 7 медайым иштешет. Биздин ден-соолукту борборубуз сиздер үчүн күнү-түнү кызмат кылат.

ЭКГ аппараты, ЭКГ Холтер, рентген, УЗИ, реанимациялык монитору, кычкылтек концентратору, небулайзер, глюкометр ж.б. аппараттар талаптагыдай иштеп жатат.

COVID-19 диагностикалык борборунда жаңы медициналык шаймандардын 700гө жакын сыноосун өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Акысыз дарылар жардамга муктаж студенттерге берилет.

Жыл сайын университеттин студенттери жана кызматкерлери көкүрөк рентгенге текшерилет (өпкө кургак учугу сыяктуу оорулардын алдын алуу үчүн).

Келишим боюнча стоматологиялык поликлиникага жиберилген студенттердин дарылануу чыгымдарынын 50% университет тарабынан каржыланат.

Университетибиздин жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин мыйзамдарына ылайык, чет элдик студенттер ооруканадагы чыгымдарын кыргыз жарандары катары төлөшөт.

Ден-соолук борбору үзгүлтүксүз кызмат көрсөтөт.