Мүдүр

Талант ТЕНТИМИШОВ

(Чет өлкөдөн чалатургандар үчүн

код: +996)

 

 

312 490045

Мүдүрдүн жардамчысы

Аймира МАМАСАЛИЕВА

(Чет өлкөдөн чалатургандар үчүн

код: +996)

 

 

312 490027

 

Адрес

Ч.Айтматов атындагы студенттик шаарча(Жал), 720038, Бишкек, Кыргызстан

Почта

ktmu.yurt@manas.edu.kg

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттик жатаканалары: Б блок 2000-жылы, Ж блок 2008-жылы, А блок 2013-жылы  ишке киргизилип, ошол жылдан тарта студенттерге кызмат көрсөтүүдө. Университеттин жатаканасында жашаган студенттердин коопсуздугу камсыз кылынган. Студенттер үчүн жатаканада түрдүү шарттар жана мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Бул өңүттөн алып караганыбызда университеттин жатаканасы өлкөдөгү эң мыкты жатакана болуп эсептелет жана үлгү катары көрсөтүлүп келет.

Жатакана студенттерге кызмат көрсөтүү   менен бирге алардын социалдык, маданий жактан өздөрүн өнүктүрүүсүнө  мүмкүнчүлүк түзүп берет. Мунун алкагында маанилүү деп эсептелген күндөрү ар түрдүү иш-чаралар: поэзия кечелери, баарлашуулар, оюн-зоок жана куттуктоо программалары, спектаклдер, пикир алмашуу жыйындары, саякаттар жана спорттук мелдештер өткөрүлүп турат. Мунун натыйжасында Түрк дүйнөсүнүн төрт тарабынан келген студенттер бири-бири менен таанышуу жана мамиле түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Ошондой эле жатаканаларда 100 орундуу 5 окуу залы, спорт жана театр иш-чараларын өткөрүүгө ылайыкталган залдар, китепкана, интернет-кафе, күн сайын саат 23:00гө чейин студенттерге кызмат көрсөткөн заманбап  кафетерия. Кыргызстанда үлгү катары көрсөтүлүп келген университетибиздин жатаканасы 3 блоктон турат.

А блокто  472 кыз, 208 эркек студент, В блокто 208 кыз жана 256 эркек студент  жана Ж блокто 228  кыз студент жашайт. Жатаканада студенттерибиз бири-биринин тилин, маданиятын, ишеним жана каада-салттарын жакындан таанып,  Түрк дүйнөсүнүн келечеги үчүн маанилүү роль ойногон жаштар катары абдан кубанычта экендигин билдиришет.

Тажрыйбалуу жетекчилер жана кызматкерлер чет өлкөдөн келген студенттер үчүн түрдүү кызматтарды көрсөтүүдө. Мүмкүнчүлүгү чектелген жана чет өлкөлүк даярдоо курсунун студенттери үчүн  баалоо системасы жүргүзүлбөйт. Чет өлкөлүк студенттерге Кыргызстандын шарттарына жана университеттин атмосферасына адаптация болуу процессинде көмөк көрсөтүлүүдө. 1–4-курстардын жатаканада жашоо укугуна ээ болуусу үчүн семестрдин аягындагы орточо баллы (GPA), мурун студенттик жатаканада жашаган болсо эрежелерге баш ийип-ийбегендиги, коомдук  иш-чараларга катышып-катышпагандыгы ж.б. ушул сыяктуу жагдайлар эске алынып, упай берилет. Эң көп упай алган студенттен баштап, эң аз  упай алган студентке чейин тизме түзүлөт (Бул тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн  КТМУ Студенттик жатакана нускамасын окуңуз).

Тажрыйбалуу кызматкерлер тарабынан Студенттик жатаканабызда башка чет өлкөлөрдөн келген Даярдоо курсунун студенттерине Кыргызстандын шартына жана университеттин чөйрөсүнө көнүү процессин жеңилдетүү үчүн жол көрсөткөн иш-чаралар жасалып турат.

Жатаканадан орун Даярдоо курсунун студенттеринен тышкары, университетке тапшыруу сынактарынан жогору баа алган жана окууда ийгиликке жетишкен студенттерге берилет. Студенттик жатаканада жашоо укугуна ээ болуш үчүн студенттерге бир катар шарттар коюлган. Алсак, 1-курстан баштап, жыл аягындагы орточо баасынын төмөн болбошу; мурун жатаканада жашаган болсо, Студенттик жатакананын эрежелерин бузбагандыгы; коомдук иш-чараларга активдүү катышкандыгы сыяктуу иш-аракеттердин негизинде ар бир студентке упай берилип, тизме түзүлөт. (Бул боюнча толук маалымат алуу үчүн КТМУ Студенттер жатаканасы мыйзам эрежелеринен окуңуз).

Даярдоо курсунан кийинки окуу жылдарында чет өлкөлөрдөн келген студенттерге жатаканадан орун окуудагы жетишкендиктерине жараша берилет. Орто курстан баштап, студенттерге (1-2-3-4-курс) чет өлкөлүк болсо да, жатаканага кирүү мүмкүнчүлүгү бирдей каралат.

Студенттерибиздин экономикалык абалы эске алынып, жатаканада жашоо үчүн ар бир студенттен Б блок жана Ж блокто 1 айлык мөөнөткө – 1200 сом, ал эми А блокто 1 айлык мөөнөткө – 1500 сом алынат. Буга  кошумча 2500 сом депозит төлөнөт. Төлөмдөр банк аркылуу жүргүзүлөт.

Студенттик  жатаканада ар бир бөлмөдө өзүнчө туалет жана душ бар. Кир жуучу жайга бир килограмм кир үчүн 25сом, өзүнчө жуудурууну каалаган учурда бир килограмм үчүн 125 сом төлөнөт. Ошондой эле студенттер акысыз түрдө кийимдерин үтүктөй алышат. Эки аптада бир жолу акысыз шейшептерин жуудура алышат. Ден соолук борбору, Студенттердин инсандык өнүгүү жана кеңешүү борбору, КТМУнун Борбордук китепканасы студенттерибиз үчүн ар дайым кызмат көрсөтүп келет.

Спорт менен машыгуу үчүн жасалма газон аянтчасы, асты каучук менен төшөлгөн волейбол жана баскетбол аянтчалары, спорттук имараттар, жабык спорт залы да студенттер үчүн үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүгө даяр.

Кафетериялар эртең мененки саат 8:00дөн баштап кечки 23:00гө чейин  кызмат көрсөтөт. Жатаканада турган студенттер үчүн КТМУнун ашканасында түшкү жана кечки тамак берилет. Кафетерияд атүрк телеканалдарын жана Түркиянын супер лигасынын футбол матчтарын көрүүгө болот. Мындан тышкары, 2018-жылы ачылган  Окуу жана маектешүү жайы (Türk Dünyası Millet Kıraathanesi) кафетериясында тамактанууга, эс алууга жана китеп окууга болот.  Студенттерибиз кампуста жайгашкан Салтук Бугра Хан мечитинде жана жатаканалардагы намазканаларда  ибадат кыла алышат.

Жатаканадагы  бөлмөлөрдүн  тазалыгына бөлмөдө жашаган студенттер жооп беришсе, ал эми коридордун жана айлана-чөйрөнүн тазалыгына келишимдин негизинде иштеп жаткан фирманын кызматкерлери жооптуу болуп эсептелет. Жатаканалар менен бирге Ч.Айтматов атындагы кампустун коопсуздугу университетибиздин коопсуздук кызматкерлери тарабынан  көзөмөлгө алынган.

Студенттик жатаканага катталуу үчүн керек болгон документтер:

1.         Студенттик маалымкат

Студенттик маалым кат экономика жана башкаруу факультетинин 1-кабатында жайгашкан Студенттик иштер боюнча башкармалык тарабынан берилет. Университетке жаңы гана тапшырган студенттер Студенттик башкармалык тарабынан алдын ала каттоо үчүн берилген каттоо документин  маалымкаттын ордуна бере алышат. Аталган каттоо документи университетке алдын ала катталып жаткан учурда Студентттик башкармалык тарабынан студенттин электрондук дарегине жөнөтүлөт. (Мисалы: 1234.56789@manas.edu.kg )

2.         Медициналык маалымкат

Жатаканага кирүү үчүн медициналык маалымкат сөзсүз түрдө болуусу керек. Ошондой эле жатаканага кире турган студенттер рентген (флюорография) жана СПИД илдетин аныктоо анализин тапшыруусу керек. СПИД илдетин аныктоо анализин чет өлкөдөн келген студенттер гана тапшырышат. Кыргызстандык студенттер бул анализди тапшырууга милдеттүү эмес. Чет өлкөлүк студенттер рентген жана бул анализди өз мекенинде тапшыруусу сунушталат. Жаңы келген студенттерге Кыргызстанды жана тилди билбегендиктен анализ тапшыруу оор болот.) Анализдин жыйынтыгы КТМУ Шейит Эрен Бүлбүл атындагы  ден соолук борборуна берилиши керек.Анализдин жыйынтыгы Ден соолук борборундагы дарыгерлер тарабынан текшерилген соң  жатаканага кирүү үчүн медициналык  маалымкат берилет.

3.         Жашаган жери тууралуу маалым кат 

Жашаган жери            , каттоодо турган адреси тууралуу маалымкат Кыргызстандык студенттерден гана талап кылынат.  Чет өлкөдөн келген студенттерден алынбайт. Кыргызстандык студенттер бул маалымкатты КТБ дан (Калкты тейлөө борбору) ала алышат.

4.         Паспорттун копиясы;

5.         2 даана 3х4 өлчөмүндөгү  түстүү сүрөт;

6.         2 даана файл.

Эгер студенттер онлайн каттоодо төмөнкүлөрдү көрсөтүшкөн болсо:

  • Ата-энесинин үй-бүлөлүк абалы тууралуу документ (эгерде атасы же энеси каза тапкан болсо же  ажырашкан болсо буларды  тастыктаган   документтердин копиясы);
  • Университетте окуган бир туугандары бар болсо, алардын студенттик маалымкаттары;
  • Майыптуулуугу тууралуу (ата-энесинин  же студенттин майыптыгы болсо аны  тастыктаган даражасы көрсөтүлгөн документтин копиясы) документти каттоо учурунда алып келиши зарыл.

 

ТУРАК АКЫСЫ

“A” БЛОК ЖАТАКАНАСЫ

“B” БЛОК ЖАТАКАНАСЫ

“C” БЛОК ЖАТАКАНАСЫ

ДАЯРДОО КУРСУНДА ОКУГАН СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН

 

 

11.400 сом

 

11.400 сом

ЧОҢ КУРСТАРДА ОКУГАН СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН

 

Айына 1500 сомдон

 

Айына 1200 сомдон

 

Айына 1200 сомдон

 

 

 

 

*Жатакана акысы үчүн катто учурунда сөзсүз толук төлөм алынат.