Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенттик жатаканасы студенттерибизге жылуу уяны жана мээримдүү эненин кучагындай чөйрөнү тартуулайт. Студенттик жатаканда жашаган студенттерибиз бир үй шартындагыдай тынчтыкты, коопсуздукту жана бейпилдикти сезе алышат. Жатаканада түзүлгөн шарттарды жана тейлөө кызматын эске алганда биздин студенттик жатаканаларыбыз өлкөнүн эң мыкты жатканасы катары таанылып, үлгүлүү жатаканалардын арасына кирет. Биздин жатакана студенттерге эң мыкты шарттарда убактылуу турак-жай берүү менен гана чектелбестен, студенттердин ар тараптан өнүгүүсүнө дагы өбөлгө түзүп берет. Бул максатта маанилүү күндөрү ар кандай поэзия кечелери, талкуу, маектешүүлөр, көңүл ачуучу программалар, театралдык оюн, куттуктоо кечеси, ар кыл мазмундагы чогулуштар, экскурсиялар, спорт бобнча таймаштар уюштурулуп турат.

Кыргызстандагы үлгү катары алынган биздин студенттик жатакана 3 корпустан турат, 100 орундуу 5 окуу залы, спорттук жана театралдык иш –чараларга ылайыкташтырлыган залдар, китепкана, интернет-кафе жана буфеттер ар күн 23.00гө чейин студенттердин кызматында. А корпусунан 472 кызга жана 208 эркек балага, В корпусунан 208 кызга жзана 260 эркек балага, ал эми С корпусунан 228 кызга жатканадан орун бөлүнүп берилген. Жатканада студенттерибиз бири-биринин тилин, маданиятын, үрп-адаттарын жана диний ишенимдерин жакындан таанып билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу менен бирге түрк дүйнөсүнүн келечегине өз салымын кошуу жоопкерчилигин чогуу аркалашууда.

Чет өлкөлөрдөн келген даярдоо курсунун студенттерине тейлөө кызматы жогорку деңгээлде болгон жатаканада жайгаштырууда артыкчылык берилип, чет элдик студенттердин Кыргызстандын шарттарына жана университет чөйрөсүнө тез көнүп кетүүсү үчүн тажрыйбайлуу жетекчилер жана кызматкерлер тарабынан колдоо көрсөтүлөт.

Даярдоо курсунун студенттерине тышкары башка курсттун студенттеринин жатаканада орун алуусу үчүн окуудагы жетишкендиктеринин орточо баасы, жатканада мурун жашаган болсо жүрүм-туруму, коомдук иш-чараларга катышып- катышпагандыгын эске алуу менен упай берилет жана орун бөлүштүрүү эӊ көп упайга ээ болгон студенттерден башталып, төмөн көздөй ирети менен берилет (Бул боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн КТМУнун “Студенттер үйлөрү жөнүндө жобосу” менен таанышсаӊыздар болот).

Стендеттердин экономикалык жагдайын эске алуу менен В жана С корпустарында жатаканы акысы -1200 сом, А корпусунда -1500 сомду түзөт. Мындан тышкары 2500 сом депозит катары алынат.

Студенттик жатаканада ар бир бөлмөнүн өзүнө гана тиешелүү душ жана дааратканасы бар. Кир жуучу жайда кирдин килограммын 25 сомго жуудуруп, үтүктөөчү жайда буюмдарын акысыз үтүктөп алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Ошондой эле 2 жумада бир шейшептер акысыз жуулат.

Ден соолук борбору: Жаңыдан модернизацияланган ден соолук борбору жана жаңы ачылган COVID-19 диагностикалык борбору биздин студенттерге эң ​​заманбап жабдууларды колдонуу менен кызмат көрсөтөт.

Инсандык өнүгүү жана кеңешүү борбору, КТМУнун Борбордук китепканасында биздин студенттерге үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүлөт.

Спорт менен машыгуу үчүн жасалма чым төшөлгөн талаа, каучуктан жасалган баскетбол жана валейбол талаалары, спорт комплекстери, жабык спорт аянты да ар дайым студенттердин кызматында. Буфеттер студенттердин суроо-талабына ылайык 08: 00дөн 23: 00гө чейин иштейт. Жатканада жашаган студенттерге университеттин ашканасында кечки тамак 70 сомдон берилет. Буфетте түрк телеканалдарын жана Түркиянын супер лигасынын футбол боюнча беттешүүлөрүн көрүүгө болот. Буга кошумча түрк дүйнөсүндөгү элдердин маектешүү жайында тамактануу, эс алуу жана китеп окуу мүмкүнчүлүнчүлтөрүнөн пайдалана алышат.

2021-жылы ачылган чайканабыз студенттер менен кызматкерлерге кызмат сунуп келет. Ушул жылы ишке киргизилген сүрөт галлереясында көптөгөн көргөзмөлөр өткөрүлүп, биздин жаш сүрөтчүлөрүбүзгө көргөзмө мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт.

Мындан тышкары, студенттик шаарчанын жашыл чөйрөсү биздин кызметкерлербизге шаардын ызы -чуусунан алыс тынч чөйрө жана ыйгайлуу шартты тартуулайт.

Ошондой эле университтетин жаңыланган жана өнүккөн айланасы кампустун ичинде шаардын ызы-чуусунан алыс тынч чөйрөнү түзүп, бардык кызматкерлерибизге бейпил социалдык социалдык чөйрө менен камсыз кылат.

Студенттик шаарчанын ичинде жайгашкан Сатук Бугра Хан атындагы мечитте жана жатаканалардагы намазканаларда намаз окуу шарты түзүлгөн.

Жатаканын бөлмөлөрүнүн студенттер тарабынан , ал эми коридор жана айлана-чөйрөнүн тазалыгына атайын келишимдик негизде иштеген фирманын жумушчулары жооптуу. Ч. Айтматов атындагы студенттик шаарчанын аймагындагы коопсуздук кызматтары университеттин коопсуздук кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.