Университеттин Окумуштуулар кеӊешинин 2001-жылдын 1-мартындагы №34-чечими менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Студенттик Кеӊеши жана студенттик клубдардын иш алып баруусу боюнча инструкция” кабыл алынган. Аталган инструкция боюнча студенттердин билим берүүгө тийиштүү кеӊештерде жана платформаларда өкүлчүлүк кылуу жана социалдык, маданий спорттук иш-чарларды уюштуруу мүмкүнчүлүгү каралган. Университет Студенттик Кеңештин уюштурган иш-чараларына дайыма колдоо көрсөтүп келет.

 Студенттик кеӊеш университеттин ичинде жана тышында студенттик өкүл катары иш алпарган компетенттүү жалгыз уюм болуп саналат. Кеӊеш университет жана студенттер арасындагы байланышты түзүү менен, студенттердин демократиялык түрдө университетти башкаруусуна катышууну камсыз кылат. Бул жоопкерчилик Студенттик кеӊештин мүчөлөрү факультеттин, бөлүмдөрдүн жыйындарына катышып, ал эми кеӊештин төрагасы болсо университеттин Окумуштуулар кеӊешинин жыйындарында ой-пикир жана сунуштарын билдирип, жетекчилик менен бөлүшүү жолу аркылуу камсыздалат. Студенттик кеӊеш студент жана жетекчилик арасында көпүрө катары милдет аткаруу менен студенттердин ар түрдүү көйгөй жана маселелерине баа берип, ишке ашыруу сыяктуу  маанилүү миссияга ээ. Өзгөчө студенттердин көйгөйлүү маселелерин чечүү процессинде керектүү иш-чараларды жүргүзүү менен алардын аткарылышына көз салып турушат.

Студенттик клубдар

Студенттик клубдар - студенттик жашоонун маанилүү бир бөлүгү болуп саналат. Студенттик клубдар студенттерибизге өзүн өзү өнүктүрүүгө, команда катары иштөөгө жол көрсөтүп, бош убактыларын социалдык, маданий жана спорттук иш-чаралар менен өткөрүү үчүн курулган студенттик бирикмелер. 2020-2021 - окуу жылында университетибизде 36-дан ашык студенттик клуб иш жүргүзүүдө.

  1. "Агропрогесс" клубу
  2. "Театр"  клубу
  3. Эл аралык мамилелер клубу
  4. Жаш калемчилер клубу
  5. 'Biota' экологдор клубу
  6. PR клубу
  7. "Жаңырык" адабий клубу
  8. Фотограф клубу
  9. «Manas Art» клубу
  10. "Computer Science" клубу
  11. «Ойлоншоу» клубу
  12. "Велосипед тебүүчүлөр" клубу
  13. «Орто Азия» тарых клубу
  14. “Жаныбар сүйүүчүлөр” клубу
  15. Youth Marketeers клубу
  16. Youth Project клубу
  17. “Туризм” клубу
  18. "Enactus  Manas" клубу
  19. "Манас" дебат клубу
  20. “Экономика” клубу
  21. “Тамашака” клубу
  22. “Ак-ниет” кайрымдуулук клубу
  23. “Лыжа тебүүчүлөр” клубу
  24. "AIESEC" клубу
  25. "Инсандык өнүгүү" клубу
  26. "Тилмечтер" клубу
  27. "Кино" клубу
  28. Альпинизм жана тез жардам клубу
  29. "English Conversation" клубу
  30. “Музыка” клубу
  31. «Biolife» клубу
  32. «Damla» Ыктыярдуулук клубу
  33. “Окуу билим” клубу
  34.  “Chemclub” клубу
  35. «Pusula» клубу
  36. Кел орусча сүйлөшөбүз