КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН СТИПЕНДИЯ БЕРҮҮ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ

Максаты:

1-берене: Бул нускаманын максаты – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттерине бериле турган стипендиялар боюнча жол-жоболорду аныктоо.

Мазмуну:

2-берене: Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин орто кесиптик билим берүү, бакалавр жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларында окуган студенттерге бериле турган стипендиялар боюнча жол-жоболорду камтыйт. 

Укуктук негиздеме:

3-берене: Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын 5-беренесинин негизинде даярдалды.

Аныктамалар:

4-берене: Бул нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

  • Университет: Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
  • Камкорчулар кеңеши: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңеши;
  • Ректорат: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректораты;
  • Окумуштуулар кеңеши: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши;
  • Башкаруу кеңеши: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Башкаруу кеңеши;
  • Табигый илимдер институту: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Табигый илимдер институту;
  • Коомдук илимдер институту: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коомдук илимдер институту;
  • Студенттик иштер башкармалыгы: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттик иштер башкармалыгы;
  • Окутуучу: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин түзүмдөрүндө толук ставкада иштеген окутуучу;
  • Студент: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тигил же бул программасына катталган студент;
  • Семестр: Окуу календарындагы сабакка каттоо күнүнөн баштап, ошол семестрдин аягындагы “бир сабак боюнча сынак” күнүнө чейинки мөөнөт; дегенди түшүндүрөт.

Университеттин Стипендия боюнча комиссиясын түзүү:

5-берене: Университеттин Стипендия боюнча комиссиясы Окумуштуулар кеңеши тарабынан эки жылдык мөөнөткө дайындалган бир төрагадан, үч мүчөдөн жана студенттик иштер башкармалыгынын башчысынан турат. 

Стипендиянын түрлөрү:

6-берене: (1) Кирүү сынагына ылайык берилген стипендия: Университеттин орто кесиптик билим берүү же бакалавр программаларына жогорку балл менен өткөн студенттерге даярдоо курсунда жана 1-курстун күзгү семестринде берилет. Бул стипендия: 

a) Кыргыз Республикасынын Жалпы республикалык тестирлөөсүнүн (ЖРТ) жыйынтыктары боюнча тизмеде биринчи 50 орунду ээлеген студенттерге;

b) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү минстрлиги тарабынан ѳткѳрүлгѳн олимпиадаларда алдыңкы үч орунду ээлеген студенттерге;

c) Манас - БТЖСнын (Баалоо, тандоо жана жайгаштыруу сынагы) бир түрү (гуманитардык/ табигый илимдер/ жалпы билим берүү) боюнча алдыңкы 15 орунду ээлеген студенттерге;

d) Түркия Республикасынын Баалоо, тандоо жана жайгаштыруу сынагы боюнча тизмеде тургандардын алкачкы 15 пайызын түзгөн студенттерге;

e) Орто мектепти кайсы өлкөдө бүтүрсө, ошол өлкөдө уюштурулган университетке кирүү сынагында алдыңкы 50 орунду ээлеген чет элдик студенттерге берилет.

f) Баалоо, тандоо жана жайгаштыруу сынагынын бир түрү – чет тили сынагы боюнча алдыңкы 10 000ге, башка түрлөрү боюнча алдыңкы 100 000ге кирген абитуриенттердин ичинен университетибизди тандап, окууга катталуу үчүн Кыргызстанга биринчи жолу келгендердин жана окууну бүтүргөндөн кийин кайра Түркияга кайткандардын учак билеттери университет тарабынан камсыз кылынат.

(2) “Улуттук спортчу” стипендиясы: Жарандыгы болгон өлкөнүн атын эл аралык спорттук таймаштарда тааныткан «улуттук спортчу» наамына ээ орто кесиптик билим берүү, бакалавр жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларында окуган студенттерге тил үйрөтүү курсунда жана биринчи курстун күзгү семестринде берилет.

“Улуттук спортчу” стипендиясын алуу үчүн студент тийиштүү министрлик же федерациядан алган акыркы үч (3) жылдын ичинде “улуттук спортчу” экендигин тастыктаган документи жана арызы менен кайрылышы керек. Бул документ университеттин Башкаруу кеңеши тарабынан бекитилиши зарыл.

Бул стипендияны алган студенттер университет ылайык көргөн университеттердин ортосундагы таймаштарга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин атынан катышууга милдеттүү. 

(3) Окуудагы жетишкендик боюнча стипендия: Биринчи курстун жазгы семестринен тарта бүткүл окуу мөөнөтүнүн ичинде орточо жетишкендик баллы жогору болгон студенттерге берилген стипендия. Окуудагы жетишкендик боюнча стипендия ар бир семестрдин башында студенттердин орточо жетишкендик баллына жараша аныкталат. Бул стипендия сабактарды ийгиликтүү тапшырган жана төмөнкү талаптарга жооп берген студенттерге берилет:

a) Орточо жетишкендик баллы кеминде 2.50 болгон орто кесиптик билим берүү жана бакалавр программаларында окуган «улуттук спортчу» наамына ээ студенттер;

b) Орточо жетишкендик баллы кеминде 3.00 болгон ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларында окуган «улуттук спортчу» наамына ээ студенттер;

c) Ар бир группадагы студенттердин саны 10%ынан ашпагандай кылып, орточо жетишкендик баллы кеминде 3.40 болгон орто кесиптик билим берүү жана бакалавр программалары боюнча окуган студенттерге берилет.

d) Ар бир группадагы студенттердин саны 60%ынан ашпагандай кылып, орточо жетишкендик баллы кеминде 3.50 болгон магистратура программалары боюнча окуган студенттерге берилет. 

e) Ар бир группадагы студенттердин саны 75%ынан ашпагандай кылып, орточо жетишкендик баллы кеминде 3.60 болгон докторантура программалары боюнча окуган студенттерге берилет. 

Стипендиянын өлчөмү, мөөнөтү жана төлөө ыкмасы:

7-берене: (1) Стипендиянын өлчөмү университет тарабынан студентке берилген күнүмдүк тамак-аштын наркынын негизинде эсептелип, ай сайын берилет. (2) Төлөнө турган айлык стипендиянын өлчөмү a) Орто кесиптик билим берүү жана бакалавр программаларында окуган студенттер үчүн эң көп күнүмдүк эки тамак-аштын наркы; b) Магистратура программаларында окуган студенттер үчүн эң көп күнүмдүк үч тамак-аштын наркы; c) Докторантура программаларында окуган студенттер үчүн эң көп күнүмдүк төрт тамак-аштын наркы эске алынып аныкталат.

(2) Төлөнө турган айлык стипендиянын өлчөмү

a) Орто кесиптик билим берүү жана бакалавр программаларында окуган студенттер үчүн эң көп күнүмдүк эки тамак-аштын наркы;

b) Магистратура программаларында окуган студенттер үчүн эң көп күнүмдүк үч тамак-аштын наркы;

c) Докторантура программаларында окуган студенттер үчүн эң көп күнүмдүк төрт тамак-аштын наркы эске алынып аныкталат.

(3) Кирүү сынагына ылайык берилген стипендия даярдоо курсунун эки семестринде жана биринчи курстун биринчи семестринде, бардыгы болуп үч семестр бою берилет. Даярдоо курсунун эки семестрин ийгиликтүү бүтүрө албай калган студент стипендия алуу укугунан ажырайт.

(4) Окуудагы жетишкендик боюнча стипендия мөөнөтү:

a) Орто кесиптик билим берүү программасында үч семестр;

b) Төрт жылдык бакалавр программасында жети семестр;

c) Беш жылдык бакалавр программасында тогуз семестр;

d) Алты жылдык бакалавр программасында он бир семестр;

e) Магистратура программасында үч семестр;

f) Докторантура программасында жети семестр.

(5) Стипендиялар семестр башталган күндөн тарта ай сайын төлөнөт. Ар бир айлык стипендия кийинки айдын соңуна чейин студенттин банктагы эсебине которулат. 

Түзүмдөрдүн милдеттери:

8-берене: (1) Стипендия алуу укугуна ээ болгон орто кесиптик билим берүү жана бакалавр программаларында окуган студенттердин тизмеси студенттик иштер башкармалыгы тарабынан, ал эми ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларында окуган студенттердин тизмеси институттун мүдүрлүгү тарабынан ар бир семестрдин «сабактарды кошуу-алып салуу» күндөрүнөн кийинки эки аптада даярдалып, Стипендия боюнча комиссияга тапшырылат.

(2) Стипендия боюнча комиссия бул тизмелерди бир аптанын ичинде карап чыгып, стипендия бериле турган студенттердин тизмесин тийиштүү түзүмгө жиберет.

(3) Тийиштүү түзүм ар бир айдын биринчи аптасында стипендия ала турган студенттердин тизмесин даярдап, ректоратка жиберет.

(4) Стратегиялык пландоо башкармалыгы стипендияны студенттин банктагы эсебине которот. 

(5) Стипендия боюнча комиссия жыл сайын сентябрь айында тийиштүү окуу жылында бериле турган стипендиянын өлчөмүн бул нускаманын 7-(2)-беренесине ылайык аныктап, ректораттын кароосуна сунуштайт.

(6) Стипендия боюнча комиссия стипендия берүүнү көзөмөлдөө, текшерүү жана координациялоо иштерин аткарат.

Стипендия алуу укугун колдоно албаган студенттер:

9-берене: (1) Мамлекеттик жана жеке менчик мекемелерде же уюмдарда (штатында же штатында эмес, келишимдик негизде, жарым ставкада же саатына айлык акы алуу менен) иштеген студенттер;

(2) Бул берене боюнча окуудагы жетишкендик боюнча стипендия алуу укугун колдоно албаган студенттин ордуна тийиштүү талаптарга жооп берген кийинки студентке стипендия берилет;

(3) Стипендия алган студент университеттин башка көмөк көрсөтүү фонддорунан жардам ала албайт;

(4) Тартип бузуу жазасын алган студентке стипендия берилбейт.

Стипендия берүүнү убактылуу же биротоло токтотуу:

10-берене: (1) «Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин орто кесиптик билим берүү жана бакалавр программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү боюнча нускамасына” жана “ЖОЖдон кийинки билим берүү боюнча нускамасына” ылайык академиялык өргүү алган студентке ошол мезгилде стипендия берилбейт. Бирок эки тараптуу келишимдер, Орхун, Мевляна, Эрасмус ж.б. студент алмашуу программалары алкагында башка университеттерге окууга кеткен студенттерге стипендия төлөнөт.

(2) Стипендия төлөө төмөнку учурларда токтотулат:

a) мамлекеттик же жеке менчик мекемеде же уюмда (штатында, штатында эмес, келишимдик негизде, жарым ставкада же саатына айлык акы алуу менен) иштеп жаткан же өзүнүн бизнесин ачкан учурда;

b) Тартип бузуу боюнча жаза алган учурда;

c) Орточо жетишкендик баллы бул нускаманын 6-(3)-беренесинде аныкталган баллдан төмөн болгон учурда;

d) Семестрдин башталышында сабактарга катталбаган учурда;

e) Окуудан чыгарылган учурда.

Нускамада каралбаган жагдайлар:

11-берене: Бул нускамада каралбаган жагдайлар Окумуштуулар кеңешинин чечими менен жөнгө салынат.

Жокко чыгарылган нускама:

12-берене: Бул нускама күчүнө киргенден кийин Камкорчулар кеңешинин 2011-жылдын 30- сентябрындагы 2011-02/5-d-номерлүү чечими менен кабыл алынган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Стипендия боюнча нускамасы” жокко чыгарылат. 

Күчүнө кириши:

13-берене: Бул нускама Камкорчулар кеңеши тарабынан бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.

Ишке ашырылышы:

14-берене: Бул нускаманын жоболору университетинин ректору тарабынан ишке ашырылат.

 

Бул нускама Камкорчулар кеңешинин 2022-жылдын 28-декабрындагы 2022-01/17-номерлүү чечими менен кабыл алынган.

Бул нускаманын “Студенттерге берилүүчү стипендиялардын түрлѳрү жана студенттерди тандоо” деген аталыштагы 7-беренесинин “Магистранттар жана докторанттар үчүн” пункту, “Стипендия ала турган студенттердин тизмесин аныктоо жана стипендияларды төлөө” деген аталыштагы 8-берененин 1- пункту жана “Стипендияны кармап калуу шарттары” деген аталыштагы 10-беренеси Камкорчулар кеңешинин 2016-жылдын 19-декабрындагы 2016-01/11-номерлүү чечими менен өзгөртүлгөн.

Бул нускама Камкорчулар кеңешинин 2013-жылдын 2013-02/9-номерлүү чечими менен кабыл алынган.

Бул нускаманын 11-беренеси (ишке кириши) Камкорчулар кеңеши тарабынан 2012-жылдын 12-ноябрында кабыл алынган 2012-02/10-номерлүү чечим менен өзгөртүлгөн.

Бул нускама Камкорчулар кеңешинин 2011-жылдын 30-сентябрындагы 2011-02/5-d-номерлүү чечими менен кабыл алынган.