Окуу программасы жана окутуу процесси 

Билим берүү багыты: 580100-Экономика (профиль – «Финансы жана кредит»)

Диплом: Бакалавр (Негизги жогорку билими)

Окуу мөөнөтү: 4 жыл

Окутуунун түрү: күндүзгү

580100-Экономика (профиль- «Финансы жана кредит») багыты боюнча бакалаврларды даярдоо үчүн билим берүү программасы үч программалык блокту камтыйт: ГСЭ цикли – гуманитардык жана социалдык-экономикалык дисциплиналар; EН цикли – жалпы табият таануу дисциплиналары; ОПД цикли – жалпы кесиптик дисциплиналар. Программанын ар бир цикли предметтик курстарды камтылган, жана алар боюнча сааттардын бөлүштүрүлүүсү көрсөтүлгөн, лекциянын, практикалык материалдардын, модулдук экзамендердин суроолорунун жана тиешелүү адабияттардын мазмунун түшүндүргөн атайын программалар түзүлгөн. Программада окуу, өндүрүштүк практика жана бүтүрүү квалификациялык (дипломдук) ишин коргоо камтылган.

Мыйзам менен бекитилген окуу планына ылайык, бакалавриат үчүн окуу процесси 4 курсту же тилге даярдоо курсун эсепке албаганда сегиз семестрден турат. Бакалавр даражасын алуу үчүн кафедранын студенттери 144 кредит саатты, анын ичинде 108 кредит саатын милдеттүү сабактар катары алуусу керек.

Кафедранын бакалавриат программасына тапшырган студенттер бул милдеттүү предметтерден тышкары дагы 12 тандоо предметин алышы керек, башкача айтканда, тандоо предметтери боюнча 36 кредит сааттан кем эмес сабактарды алуусу керек. Бакалавриаттагы сааттардын ECTS кредиттик системасы боюнча жалпы саны 240 кредиттик саатка туура келет. 

Мындан тышкары, студенттер илимий долбоор/диссертация коргошу керек. Төртүнчү курста бакалавриаттын бүтүрүүчүлөрү акыркы квалификациялык (дипломдук) иш үстүндө иштеп, мамлекеттик комиссиянын алдында коргошот.