Биринчи проректор
э.и.к. Каламбекова Бактыгүл Рысбаевна

 

Улуту кыргыз, жогорку экономикалык жана жогорку саясий билимге ээ, экономика илимдеринин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик Университетинин эсеп-экономикалык факультетин (1982-жылы артыкчылык диплому менен), БСЛКЖС БК алдындагы Жогорку Комсомолдук Мектептин саясат таануу факультетин (1988-жылы артыкчылык диплому менен), Москва шаарындагы Жаштар Институтунун аспирантурасынын күндүзгү бөлүмүн (1993-жылы) бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Толук жана Ыйгарым Укуктуу Кичи Элчиси (2002), Кыргыз Республикасынын Толук жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси (2010).

Эмгек жолу

 

1982 -1984 Баткен райондук аткаруу комитетинин айыл чарба башкармалыгынын Улуу экономисти, “Живпром” мамлекеттик жана  коллективдүү чарба бирикмесинин Башкы экономисти

1984-1985 Баткен районунун адистештирилген мамлекеттик бирикмесинин комсомол комитетнин Секретары

1985-1990 Кыргызстан ЛКЖС Баткен райондук комитетинин Биринчи секретары

1990-1993 СССРдин (РФнын) Эмгек жана социалдык  маселелер боюнча Мамлекеттик Комитетинин алдындагы Жаштар Институтунун илимий-педагогикалык кадрлар факультетинин аспиранты

1993-1995 КР Тышкы иштер министрлигинин  КМШ өлкөлөрү жана Чыгыш Европа башкармалыгынын биринчи секретары, Чегара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр Тобунун биринчи секретары

1995-1997 Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин Үчүнчү секретары

1997-2001 КР ТИМ Башкы Саясий Департаментинин Батыш өлкөлөрү башкармалыгынын биринчи секретары

2001-2004 Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин Кичи Элчи-кеңешчиси

2004-2005 КР ТИМ тышкы саясатты пландаштыруу жана көп тараптуу экономикалык кызматташтык Башкармалыгынын жетекчисинин орун басары

2005-2009 КР Тышкы иштер министринин Кеңешчиси

2009-2010 КР Тышкы иштер Мамлекеттик министринин Орун басары

2010 (апрель-ноябрь) КР Убактылуу Өкмөтүнүн Тышкы саясат боюнча Кеңешчиси, КР Президентинин Эл аралык байланыштар боюнча Кеңешчиси

2010-2013 Кыргыз Республиксынын Улуу Британия менен Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Толук жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси

2021-ж бери КР ТИМ Өзгөчө маселелер боюнча Элчи

Тил билими  кыргыз, орус, түрк, англис, француз

Сыйлыктар КР ЖК Ардак Грамотасы, КР ТИМ Ардак Грамотасы (5 жолу), КР ТИМ юбилейлик 2 медалы, Түрк дүйнөсүнө сиңирген эмгектери үчүн Эл аралык сыйлыгы 2 жолу (2003, 2015), Мустафа Кемал Ататүрк атындагы илим жана көркөм өнөр боюнча Эл аралык Фондунун Алтын медалы жана Ардак Грамотасы, Кытай Эл Республикасынын Атайын китеп сыйлыгы  (2020)

Кесиптик деңгээлди өркүндөтүү Түркия Республикаснын Өкмөтүнүн  алдындагы Дипломатия институту     (1993), Малайзиянын Өкмөтүнүн алдындагы Эл аралык мамилелер жана дипломатия институту (1999), АКШ ААК Атайын операциялар университети (2001)

Жарыяланган эмгектер «Агрардык тарчылыктын шарттарында жумуш менен камсыздоонун маселелери» аттуу диссертация  (1993); “Кыргызстандагы агрардык тарчылык” аттуу монография» (2004); 48 илимий макала

Котормочулук иштер кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринин которулуп басылган 9 китеп, синхрондуу дипломатиялык жана көркөм котормо тажрыйбасы.

 

Экономика илимдеринин кандидаты
Каламбекова Бактыгүл Рысбаевнанын
жарыяланган эмгектеринин тизмеси

1. Кыргыз Республикасынын агрардык өнөр жай комплпексиндеги аялдардын эмгегин колдонуунун маселелери жөнүндө /ЮНЕСКОнун Эл аралык семинарынын материалдары, Фрунзе, 1990/ - 1.0 б.т.;

2. Кыргызстандын айылдык жаштарынын көйгөйлөрү  (Жаштар институтунун  илимий изилдөө борбору менен Кыргызстандын жаштарынын илимий изилдөө борборунун “Жаштар саясаты” аттуу биргелешкен атайын жыйнагы. - Москва, 1992/ - 1.0 б. т.;

3. Рынокко өтүүнүн шарттарында аялдарды жумуш менен камсыздоонун айрым маселелери (Жаштар институтунун “Экономикалык теория курсундагы рыноктук мамилелердин суроолору” боюнча методикалык сунуштары. - Москва, 1992/ - 0.5 б.т.;

4. Кыргызстан. Өткөөл мезгил: эмнеден эмнеге жана кантип? /«Билиг» («Билим») кварталдык илимий популярдуу журнал. - Анкара, 1996, №2,  7 -11-б., түрк тилинде.) - 0.3 б.т.;

5. Кыргызстандын экономикалык күчү. /Франциянын Страсбург шаарынын муниципалитети менен Этникалык диаспоралар Ассамблеясынын биргелешкен конференциясынын материалдары. Страсбург, 1997/ - 1.5 б.т.;

6. Кыргызстан: кечээ жана бүгүн/ Түркиянын улуттук саясатты изилдөө фонду менен Япониянын NICIA  фондунун «The new independent States of INNER ASIA and Turkey’s policy» биргелешкен 4 томдук жыйнагы. - Анкара, 1998, 4-том, 1090-1097–б., англис тилинде/ - 1.0 б.т.;

7. Тарыхтан дастанга өткөн сезимталдык. / Илимий монографиянын котормосу. – Анкара, Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы тарых, маданият жана тил боюнча Жогорку Кеңештин басылмасы, 1998,  кыргыз тилинде/ - 6.9 б.т.;

8. Чынгыз Айтматовдун саясий философиясы / Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын “Чынгыз Айтматов жана руханий маданият) аттуу макалалар жыйнагы». - Бишкек, 1999/ - 0.5 б.т.;

9. Өткөөл экономиканын философиясы /Слово Кыргызстана, №45, Бишкек, 2000/ - 0.3 б.т.;

10. Фергана өрөөнүндөгү диний абал тууралуу / Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн Эл аралык кызматташтык жана өнүгүү агенттигинин (ТИКА) “Евразиянын этюддары” аттуу кварталдык илимий популярдуу журналы, №2.- Анкара, 2000, англис жана түрк тилдеринде./ - 0.8 б.т..;

11. Фергана өрөөнүнүн эл аралык мамилелериндеги диний фактор /”Үчүнчү миң жылдыктын босогосундагы түрк цивилизациясы”  аттуу эл аралык конгресстин материалдарынын жыйнагы - Бишкек, 2000/ - 0.5 б.т.;

12. Нутук–Кеп /Түркия Республикасынын негиздөөчүсү жана улуттук боштондук кыймылынын жол башчысы Мустафа Кемал Ататүрктүн эң негизги эмгегинин котормосу. Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басылмасы. 2 китеп, Анкара, 2001/ - 75 б.т.;

13. Мустафа Кемал Ататүрктүн экономикалык көз караштары / М.К. Ататүрктүн туулган күнүнүн 120 жылдыгына арналган Бүткүл дүйнөлүк Конгресстин материалдарынын жыйнагы. Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы тарых, маданият жана тил боюнча Жогорку Кеңештин басылмасы. Анкара, 2001/ - 1.0 б.т.;

14. Анатолиялыктардын улуттук боштондук кыймылынын социалдык жана экономикалык факторлору / Тарыхый Сивас конгрессинин жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференциянын докладдарынын жыйнагы. Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы тарых, маданият жана тил боюнча Жогорку Кеңештин басылмасы, Анкара, 2002/ – 0.5 б.т.;

15. Кыргызстандын эл чарбасынын социалдык-экономикалык тармагын реформалоодогу М.К.Ататүрктүн тарыхый жана маданий  мурасынын мааниси./Байбурт шарындагы эл аралык конференциянын материалдары. Ататүрк атындагы маданий борбордун басылмасы. Анкара, 2002/ - 0.7 б.т.

16. Эрзурум конгрессинин чечимдерине кирген өнүгүүдөгү чабалдыктын маселелери /Тарыхый Эрзурум конгрессинин жылдыгына арналган эл аралык конференциянын материалдары. М.К.  Ататүрк атындагы Эрзурум университетинин басылмасы. Эрзурум, 2002/ - 0.8 б.т.;

17. Кыргызстандагы өткөөл экономиканын шарттарындагы агрардык тарчылыктын күчөө себептери /Постсовет мейкиндегиндеги жумушсуздук жана калкты жумуш менен камсыздоо” аттуу семинардын материалдары.  "Адамзаттын таң шооласы" Фондунун басылмасы. Анкара, 2002/ - 0.5 б.т.;

18. Кыргызстан жана Туркия: айыл жериндеги жумушсуздук маселесине көз караштын жалпылыгы жана айырмалары. /"Башкент-ТВ"деги 45 мүнөттүк телемаектин тексти , 2002/ – 0.6 б.т.;

19. Агро-өнөр жай тармагындагы Кыргызстан менен Түркиянын  кызматташтыгынын тажрыйбасы жана келечеги /Түркиянын ишкер чөйрөлөрү үчүн чыгарылган көп нускалуу "Дюня" ("Дүйнө") журналына басылган макала, Анкара, 2002/- 0.5 б.т.;

20. Кыргызстандын экономикасын кайра түзүүдө аялдар менен жаштардын ролу / "Ышык-ТВ" каналына берилген 20 мүнөттүк интервьюнун тексти.. Анкара, 2003/ - 0.3 б.т.;

21. Ахмет Ясевинин жолу жана Санаттар / Китептин котормосу. "Евразия" басылмасы, Анкара, 2003/ - 20.2 б.т.;

22. Фергана өрөөнүнүн социалдык-экономикалык маселелери маданияттардын көп түрдүүлүгүнүн жана биргелешкен аракетинин контекстинде./ ЮНЕСКОнун “Цивилизациялардын диалогу же кагылышы” аттуу эл араылк конференциясынын материалдары, Бишкек, 2004/ - 0.6 б.т.;

23. Агрардык тарчылдыктын курчуган шарттарындагы экономикалык коопсуздуктун айрым аспектилери./Материалы круглого стола «Новый мировой порядок» чреват мировыми катаклизмами? (По страницам новейшей политической литературы Запада), Москва, 2004. - 0.5 б.т.;

24. Үмүттүн оту өчпөйт /китептин түрк тилине котормосу.  Ахмет Ясеви атындагы эл аралык университеттин басылмасы. Анкара, 2004./ - 31.2 б.т.;

25. Кыргызстандагы агрардык тарчылдыктын курчуган шарттарындагы экономикалык коопсуздуктун айрым аспектилери. / «Социально- гуманитарные знания» журналы, № 5, Москва, 2004./ - 0.5 б.т.;

26. Кыргызстандагы агрардык тарчылдык /Монография. Анкара, 2004/ - 25 б.т.

27. Ички жана тышкы миграциянын жөнгө салуунун маселелери. Бишкек, 2005./ - 1.0 б.т.;

28. Кыргызстандагы агрардык реформанын маңызы жана көйгөйлөрү.  "Агропресс" журналы, Бишкек, 2005./ - 0.3 б.т.;

29. Айыл жаштарынын жакырчылыгы жана миграция жараянынын кесепеттери. / Бишкек, 2005./ - 0.4 б..т.;

30. М.К.Ататүрктүн Евразия түшүнүгү /М.К. Ататүрктүн 125 жылдыгына арналган Бүткүл дүйнөлүк Конгресстин материалдары. Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы тарых, маданият жана тил боюнча Жогорку Кеңештин басылмасы Анкара, 2006./ - 1.4 б.т.;

31. М.К. Ататүрктүн саясий-экономикалык көз караштары жана кыргыз-түрк кызматташтыгынын он беш жылдык тажрыйбасы. /"ТРТ-ТЮРК" телеканалына берилген 40 мүнөттүк маектин тексти  (82 өлкөдө көрсөтүлөт). Анкара, 2006 / - 0.5 б.т.

32. The concept of "private knowledge" or "knowledge coefficient": global and national dimensions. /International Symposium on Building Scientific Knowledge Base on General Public", organized by ISESCO (OIC) December 4-6, 2007, Brunei-Darussalam/ - 0, 3 б.т.

33. New opportunities for the Indian-Central Asia Cooperation /Conference on “Cooperative Development and Peace in Central Asia: An Indian Perspective”, 15th Mart, 2008, Chandigarh, India/. - Man & Development, Centre for Research in Rural and Industrial Development/- 0, 2 б.т..

34. What is the Kyrgyz Republic’s greatest diplomatic challenge? / Interview with Diplomat Magazine/ Issue: May, 2011, London/. 0,1 б.т.-www.diplomatmagazin.com

35. How can the western partners focus on security and fostering investment and economic growth? /Ditchley Foundation International Conference “The Central Asian Republics and Their International Partners”, 3-5 November 2011/- London, Ditchly Park. – 0,3 б.т.

36. Achievements in Human Rights in Kyrgyzstan/ The London International Human Rights Congress 2011 on “Immigration and Integration in an Age of Austerity: Challenges and Opportunities”, Institute of Cultural Diplomacy/ London, November 22nd-25th,2011/- 0,5 б.т.. http://www.ipahp.org/index.php?en_bihrc-2011_timetable, www.culturaldipolmacy.org

37. Local peoples’ perceptions of the core reasons of labor migration from outside of Russia/Seminar “Labor migrants from Central Asia in Russia: Isolation or integration into the Russian society?” / Centre of Contemporary Central Asia and the Caucasus School of Oriental and African Studies (SOAS), University of London, 23 February 2012, London/ -0,1 б.т..

38. Манас доорундагы экономиканын негиздери/ И.Арабаев атындагы университеттин манас таануу институтунун журналы/ Бишкек, 2013.- 0,4 б.т.

39. Кыргызстандын экономикасынын тарнсформациясында эл аралык кызматташтыктын мааниси жана ролу/ КР Улуттук илимдер Академиясынын Экономика институтунун «Экономика» журналы, №3, 2014, Бишкек/- 0,7 б.т..

40. Economic Diplomacy In the Context of Central Asia – India Cooperation/Third Connect Central Asia-India Dialogue, October 10, 2014. Dushanbe, Tajikistan/- 0, 5 п.л.

41. Мамлекеттүүлүктүн калыптанышындагы дипломатиянын ролу жана жоопкерчилиги/ КР ТИМ К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык Академиясынын журналы, №4, 2014, Бишкек/ - 0,1 б.т.

42. M. K. Atatürk’ün “Nutkunun” Kırgızlar için Anlamı /Türk Dünyası Mühendisler ve Mimarlar Birliği “İpekyolu Medeniyetleri” Dergisi. No.11, Nisan 2015, S. 26-28/ - 0,2 п. л.

43. 1916-жылдагы окуялардын социалдык-экономикалык өбөлгөлөрү/ 1916. yıl olaylarının Sosyal ve Ekonomik koşulları./ Анкара, TÜRKSAV, 2016. – 0,5 б.т..

44.  Жаштардын илимий-техникалык чыгармачылыгы - болочок ишкерлердин сыноо аянты. Кайра куруу жылдарынын тажрыйбасы.  ВЛКСМдын 100 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференциянын материалдары. Улуттук илимдер Академиясынын басылмасы. Бишкек, 2019. – 0,1 б.т.

45. Бийликти мөөнөтүнөн мурда алмаштыруунун мыйзам ченемдүүлүктөрү жана карама-каршылыктары (Кыргызстандын тажрыйбасынан). Улуттук илимдер Академиясынын “2020-жылдагы окуялардын сбептери жана факторлору” аттуу илимий-практикалык конференциясынын материалдары. Бишкек, 2021г. – 0,1 б.т.

46. Элдик толкундоолордун өлкөнүн тышкы саясатына тийгизген таасирлери. Сборник материалов научно-практической конференции НАН КР, посвященной вопросам народовластия в свете событий 2005, 2020 и 2020 г.г. – Б. 2022. – 0,1 б.т.

47.  Мамлекеттик суверенитет бекемби? /IS STATE SOVEREIGNTY DURABLE?/ Монография. Англис тилинде. 20, 6 б.т. (Кытай Эл Республикасынын Саясий адабият басмаканасына 2021-жылы өткөрүлгөн).

48. The paradigm of soft power and the importance of Organization of Turkic States/ Journal of International Affairs PERCEPTIONS. Year 2022, Volume 27, Issue 1, 91-194, 26.07.2022. https://dergipark.org.tr/en/pub/perception/issue/71446/1149302