Илимий изилдөө долбоорлор координаторлугу

Кыргыз-Түрк Манас Университети илимий даражасы бар (илимдин кандидаты, илимдин доктору, PhD) болгон профессордук-окутуучулар курамына долбоорлорду аткаруу үчүн каржылоо жана колдоо көрсөтөт.

Илимий изилдөө долбоорлору (ИИД) – бул илимге салым кошо турган жана түрк тилдүү элдердин жана жамааттардын экономикалык, коомдук, маданий жана технологиялык өнүгүүсүнө жардам тийгизе турган илимий иштер эсептелинет.

Долбоорлорго сунуштоо эрежелери, алардын бааланышы, бекитилиши, каржылануусу жана ушуга байланышкан кызматтардын аткарылышы, ошондой эле натыйжалардын бааланышы менен байланышкан эрежелер «КТМУнун Илимий изилдөө долбоорлор жөнүндө жобосунда» жазылган.

Сунушталган долбоорлорду баалоо, КТМУ Илимий Изилдөө Долбоорлор Комиссиясы тарабынан аткарылат. Арыздарды берүү календардык жылда 2 мезгилде  жана бекитилген «Долбоорлор арызы формасы» негизинде кабыл алынат. Сунушталган долбоорлордун арызы ИИД комиссиясы тарабынан алдын ала баалоодон өткөрүлөт жана андан кийин эксперт- рецензенттик баалоого жиберилет. Комиссиядан өткөн долбоорлордун арыздары Ректорлукка сунушталат жана КТМУ Башкаруу Кеӊешинде каралат. КТМУ Башкаруу Кеӊеши тарабынан бекитилген илимий изилдөө долбоорлоруна колдоо көрсөтүлөт.

 

KTMÜ BAP Koordinatörlüğü Yönergesi 2023

КТМУнун Долбоорлорду координациялоо башкармалыгынын нускамасы 2018

Илимий изилдөө долбоорлор комиссиясы

E-mail: bap@manas.edu.kg

Стандарттык формалар: ftp://ftp.manas.kg/upload/upload/BAP/formlar/

 

2023 - ИШТЕТИЛИП ЖАТКАН ДОЛБООРЛОР (Сентябрь)

2023 - Жыйынтыкталган долбоорлор

2022 - Жыйынтыкталган долбоорлор

2021 - Жыйынтыкталган долбоорлор

2020 - Жыйынтыкталган долбоорлор

2019 - Жыйынтыкталган долбоорлор

2018 - Жыйынтыкталган долбоорлор

2017 - Жыйынтыкталган долбоорлор

2016 - Жыйынтыкталган долбоорлор

2015 - Жыйынтыкталган долбоорлор