Башкаруу  
Мүдүр м.а. Назира Кубанычбек
Байланыш  
Дарек Ч. Айтматов атындагы студенттик шаарча, студенттер үйүнүн А корпусу
Тел. 996 312 49 27 64/65/69
Факс 996 312 541935
Ички телефону 863, 695
Электрондук дареги ogem@manas.edu.kg

Борбордун максаты

Университетте студенттерге заманбап билим берүү менен бирге эле алардын жөндөмүн өстүрүү, психологиялык жана социалдык жактан өнүгүүсүнө салым кошуу, психо-эмоционалдык жактан бекем болуусуна кам көрүү, ошондой эле алардын окуудагы жетишкендиктерине өбөлгө түзүү үчүн ар тараптуу шарттар түзүлгөн. Студенттердин инсандык жактан өсүп калыптануусунда социалдык, илимий жана кесиптик багытта максаттарын аныктоого, чечим чыгарууга, ыӊгайлашып көнүп кетүүгө, көйгөйдү чечүүгө арналган кыска жана узак мөөнөттүү жеке психологиялык кеӊеш берүү кызматы көрсөтүлүп, семестр ичинде семинарлар уюштурулат, муну менен бирге аталган багыттарда студенттер арасында атайын топтор үчүн психологиялык кеӊеш жана көмөк көрсөтүү кызматы бар.

Иш алып баруу принциптери

Студенттердин инсандык өнүгүү жана кеӊешүү борбору ыктыярдуулук жана купуялык принциптердин негизинде иш алпарат. Психологиялык кеӊеш сурап кайрылгандар же алар кызыктырган маселе тууралуу анын уруксатысыз эч кимге маалымат берилбейт.

Кайсы учурда кайрылса болот:

  • Сизди түшүнө турган бирөө менен сүйлөшкүӊүз келип жатса;
  • Сезимдериӊизди бирөөгө билдирүүдөн тартынсаӊыз;
  • Үй-бүлөӊүз же курбуларыӊыз менен болгон пикир келишпестиктерден бушайман болуп жатсаңыз;
  • Көңүл чөктүргөн ой басса жана жалгызсырап жатсаӊыз;
  • Жасаган аракеттериӊизге карабай, ийгиликтерге жете албасаӊыз;
  • Сынактардан тынчсызданып жатсаңыз;
  • ϴзүӊүздү дагы тереӊден билгиӊиз келип, адамдык баалуу сапаттарды калыптандыргыӊыз келсе;
  • Чөйрөгө көнө албай жатам деп ойлосоӊуз...

Анда студенттердин инсандык өнүгүү жана кеӊешүү борборунан атайын адистердин кеӊешин алсаңыз болот.

Борборго келип же төмөндөгү телефондор аркылуу байланышып, иш күндөрү түшкө чейин 08:30-12:00гө жана түштөн кийин 13:00-17:30га чейин кеӊеш алсаӊыздар болот.