Кыргыз-Түрк “Манас” университети студенттерине жылуу жай, ыӊгайлуу шарт түзүү максатында 2000-жылы студенттер үйүнүн В корпусун, 2008-жылы С корпусун, ал эми 2013-жылы А корпусун колдонууга берген. Студенттик үйлөрдө жашаган студенттер үчүн коопсуз, үй шартындагыдай ыӊгайлуу жана жагымдуу чөйрө түзүү аракети көрүлгөн. Студенттик үйлөрдө түзүлгөн мүмкүнчүлүктөргө жана көрсөтүлгөн тейлөө кызматына баа берилсе, Кыргызстандагы үлгү катары алынган эӊ мыкты студенттик жатаканалардын бири болуп саналат.

Бул жерде студенттерди убактылуу турак жай менен камсыздоодон сырткары алардын социалдык, маданий жана спорттук мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүү үчүн түрдүү шарттар түзүлгөн. Бул максатта маанилүү күндөрү ар кандай поэзия кечелери, талкуу, маектешүүлөр, көӊүл ачуучу программалар, театралдык оюн, куттуктоо кечеси, түрдүү мазмундагы чогулуштар, саякатка чыгуу, спорт боюнча таймаштар уюштурулуп турат. Бул өз учурунда түрк дүйнөсүнөн келген студенттердин бири бири-менен жакындан таанышып, ынтымагынын артышына өбөлгө түзөт.

Сабак окуй турган 100 орундуу 5 окуу залы, спорттук, театралдык иш-чараларга ылайыкташтырылган залдары, китепканасы, интернет-кафеси жана күн сайын саат 23:00го чейин иштеген буфеттер менен Кыргызстандагы студенттик жатаканалардын үлгүсү болгон студенттер үйүбүз 3 корпустан турат. А корпусунан 470 кызга жана 208 эркек балага, В корпусунан 208 кызга, 260 эркек балага, ал эми С корпусунан 240 кызга орун берилген. Бул жерде студенттерибиз бири-биринин тилин, маданиятын, үрп-адаттарын жана диний ишенимдерин жакындан таанып билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу менен бирге эле түрк дүйнөсүнүн келечегине өз салымын кошуу жоопкерчилигин чогуу аркалашууда.

Тейлөө кызматы жогорку деӊгээлде жүргүзүлгөн студенттер үйлөрүбүзгө жайгаштырууда чет өлкөлөрдөн келген даярдоо курсунун студенттерине артыкчылык берилүү менен алардын Кыргызстандын шарттарына жана университеттеги чөйрөгө көнүп кетүүсү үчүн бай тажрыйбага ээ жетекчилер менен кызматкерлер тарабынан кеӊеш берүү жана көмөк көрсөтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, колдоо көрсөтүлөт. Окуу жылы башталардын алдында студенттер үйүндөгү орундарды бөлүштүрүүдө студенттин окуудагы жетишкендиктеринин орточо баасы, мурда студенттер үйүндө жашаган болсо жүрүм-туруму, коомдук иш-чараларга катышкан- катышпагандыгы эске алынуу менен упай берилет. Орун бөлүштүрүү эӊ көп упайга ээ болгондордон башталып, төмөн көздөй ирети менен берилет (Бул боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн КТМУнун “Студенттер үйлөрү жөнүндө жобосу” менен таанышсаӊыздар болот).

Студенттердин экономикалык абалын эске алуу менен В жана С корпустарында жатакананын төлөмү айына - 1200 сом, А корпусунда - 1500 сом. Мындан сырткары 2500 сом депозит катары алынат.

Студенттик үйлөрдө ар бир бөлмөнүн өзүнө таандык жууна турган бөлмөсү жана дааратканасы бар. Кир жуучу жайда кирдин килограммын 25 сомго жуудуруп алуу жана үтүктөөчү жайда буюмдарын акысыз үтүктөп алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Ошондой эле 2 жумада бир шейшептер акысыз жуулуп берилет.

Медициналык жардам көрсөтүү борборунда, студенттердин инсандык өнүгүү жана кеӊешүү борборунда, о.э. борбордук китепканада студенттерге үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүлөт. Спорт менен машыгуу үчүн жасалма чым төшөлгөн талаа, каучуктан жасалган баскетбол жана валейбол талаалары, спорт комплекстери, жабык спорт аянты да ар дайым студенттердин кызматында. Буфеттер 08:00-23:00го чейин студенттердин суроо-талабына ылайык тейлөө кызматын көрсөтөт. Студенттик үйлөрдө жашаган студенттерге университеттин ашканасында түшкү жана кечки ысык тамак 70 сомдон берилет. Студенттер буфетте түрк телеканалдарын жана Түркиянын супер лигасынын футбол боюнча беттешүүлөрүн да көрө алышат. Ошондой эле 2018-жылы ишке киргизилген түрк дүйнөсүндөгү элдердин маектешүү жайында тамактануу, эс алуу жана китеп окуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Студенттик шаарчанын ичинде жайгашкан Сатук Бугра Хан атындагы мечитте жана студенттер үйлөрүндөгү намазканаларда намаз окууга шарт түзүлгөн.

Студенттик үйлөрдөгү бөлмөлөрдүн тазалыгына студенттер өздөрү, ал эми коридор жана айлана-чөйрөнүн тазалыгына атайын келишимдик негизде иштеген фирманын жумушчулары жооптуу. Ч. Айтматов атындагы студенттик шаарчанын аймагындагы коопсуздук кызматтары университеттин коопсуздук кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.