Башкаруу
Мүдүр м.а. Гүлфия Губайдулина
Байланыш
Дарек Ч. Айтматов атындагы студенттик шаарча, Медициналык тейлөө борбору
Тел. 996 312252973
Факс 996 312 541935
Ички. тел. 112 мүдүр / (101 медайым)
Email

Университетте 2001-жылдан бери медициналык жардам көрсөтүү борбору кызмат көрсөтүп келет. Ооруканада жатып дарыланууга жана медициналык мекемелерде текшерилүүгө муктаж болгондорго борбор тарабынан атайын жолдомо берилет. Сыркоологон ар бир студент, академиялык жана административдик кызматкер окуу жайыбыздын атайын жолдомосу менен келип, борборубуздун кызматынан пайдалана алат. Кыргыз Республикасынын ϴкмөтү менен түзүлгөн келишимге ылайык, чет өлкөлүк студенттер жана кызматкерлер кыргыз жарандары сыяктуу эле башка ооруканалардын кызматынан пайдалануу укугуна ээ. Сыркоологон студентке биринчи күнү дары-дармектер акысыз берилет. Медициналык жардам көрсөтүү борбору 7/24 саат кызмат көрсөтөт.

Дарыгерлердин саны - 7

Терапевт (мүдүр) 08:30-17:30
Терапевт 08:30-17:30
Невролог 15:30-19:30
Педиатр 08:30-12:30
Кулак-мурун оорулары боюнча дарыгер 16:00-20:00
Гинеколог 16:00-20:00
Кардиолог 20:00-24:00

Борборубузда эмгектенген дарыгерлер иш күндөрү жогоруда көрсөтүлгөн сааттарда, ал эми эс алуу күндөрү 12:00 – 19:00гө чейин кезектешип нөөмөт менен иштешет.

Медайымдардын саны – 7

3 медайым Ч. Айтматов атындагы студенттик шаарчада иш күндөрү 08:30-17:30га чейин иштесе, 1 медайым 16:30-08:30га чейин, жуманын аягында 08:30-08:30га чейин эмгектенет. Ал эми 1 медайым башкы корпуста иш күндөрү 08:30-17:30гө чейин кызмат көрсөтөт.