Кыргыз-Түрк Манас университетинин китепканасы 1998-жылы ачылган. Китепкананын негизги максаты: табигый жана гуманитардык илимдер, инженерия илими, чет тилдер, көркөм санат, спорт, социалдык-маданий жана башка тармактарда илимпоздордун, изилдөөчүлөрдүн жана студенттердин суроо-талаптарын канааттандыруу болуп саналат. Окурмандардын китеп, мезгилдүү басма сөз каражаттарын, илимий журналдарын, электрондук маалымат булактарын колдонуусуна шарттар түзүлгөн. Электрондук каталог дагы ишке сунулган.

Тейлөө

Китепканага келген баардык окурмандар китепкананын ичинде гана баардык маалымат булактарын колдонууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми китепти абонемент аркылуу алууга жалгыз гана КТМУнун персоналдары жана студенттери укуктуу.

Абонементтин шарттары

Каалочулар абонемент системасынан КТМУга тиешелүү карт аркылуу колдоно алат. 
Студенттер жана персоналдар абонемент системасынан 5 китептен 15 күндүк мөнөткө ала алышат. Эгерде алынган китепке башка талапкер болбосо колдонуу мөөнөтүн дагы 3 жолу узарта алат. Узартуу ишин китепканабыздын абонемент бөлүмүнөн же веб-баракчабыздан жеке отурум ачып өткөрүү мөөнөтүнө 3 күн калганда кыла аласыз. Ал эми ал китепке башка талапкерлер кезекке турган болсо узартуу иши жүргүзүлбөйт. Сурамжылоо басмалары, мезгилдүү басмалар, афторефераттар, резервделген китептер, видео жана аудио материалдар үйгө берилбейт. Китепкана ичинде гана колдонууга уруксат берилет. 
Эгер китеп башка окурмандын колдонуусунда болсо, интернет аркылуу, электрондук каталогубуздан жеке отурум ачуу аркылуу кезекке турууга болот. Кезекке турган китеп өткөзүлгөн убакта сизге э-почта аркылуу маалымат жөнөтүлөт. Ошол күндөн тартып 3 күнгө дейре китеп "Кезекке тургузулган маалыматтар текчесине" коюлат. Эгер ошол 3 күн ичинде китеп алынбаса, кийинки талапкерге колдонууга берилет же фондко чыгарылат.

Узартуу жана кезекке турууну үйрөнүү үчүн  бул жерге  басыңыз

Иштин жүрүшү

Алынган басма булактар өз мөөнөтүндө берилиши керек. Мөөнөтүндө берилбеген ар бир маалымат булактарына бир күнгө 3 сом жаза төлөнөт. Эгерде окурман басма булагын жоготсо, анын ордун толукташы керек. Ордун толуктай албаса басма булагынын наркы 4 эсе өлчөмдө төлөнөт.

Негизги эрежелер

  • Китепканада тынчтыкты, тартипти сактоо өтө зарыл. Топтошуп иштөөгө тыюу салынат.
  • Колдонулган басма булактарды столдун үстүнө таштаңыз.
  • Китепкананын ичинде кол телефонун колдонууга болбойт
  • Китепканага тамак-аш, ичимдиктер менен кирүүгө болбойт.
  • Кызматкерлердин эскертүүлөрүнө, кайрылууларына баш ийүү зарыл.

Иштөө убактысы

Окуу семестр мезгили:
Борбордук китепкана:
Дүйшөмбү - Жума: 08:30-22:00 (17:30-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Ишемби: 11:00-22:00 (18:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Жекшемби: 14:00-20:00 (бул күнү окурмандарга китептер берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат).

Проф.,док. А.Санжар атындагы китепкана:
Дүйшөмбү - Жума: 08:30-20:00 (17:30-20:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Ишемби-Жекшемби: Дем алыш.

Даярдоо курсу окуу залы (Башкы имарат):
Дүйшөмбү - Жума: 08:30-17:30;
Ишемби-Жекшемби: Дем алыш.

Жайкы эс алуу мезгили (Бардык окуу залдар):
Дүйшөмбү - Жума: 08.30 - 17.30;
Ишемби-Жекшемби: Дем алыш.