Түрк эли Орто Азияда жашаган доор түрк тилинин эң таза колдонулган учуру болуп эсептелет. Кѳктүрктөрдүн каганы Билге Каган 732-ж. Орхон Энесай жазма эстеликтеринде «Түрк улуту тилин жоготкон күнү жат улутка туткун болот» деп белгилеп кеткен. Бул ой жүгүртүү бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жоготпой келет. Тилекке каршы, түрк тили өз тарыхында айрым тез тассирлердин айынан бузулууга учураганы байкалып, бул көрүнүштү биринчилерден болуп жоюуга аракет кылган жана бул кырдаалды чечүү жолун издеген киши катары белгилүү түрк илимпозу Кашгарлык Махмудду айтсак болот. Ал «Дивани лүгат-ит түрк» деп аталган түрк тилдеринин сѳздүгүн даярдаган. Бул китеби менен Кашгарлык Махмуд араптарга түрк тилин үйрѳтүүнү максат кылып, түркчѳнүн башка тилдерден кем эмес экенинин тастыктаган. Алишер Навои да «Эки тил тууралуу ой жүгүртүү (Мухокаматул-лугатайн)» деп аталган эмгегинде түркчѳнүн арап жана фарс тилдеринен жогору турарын далилдеген.
Түрк тили байыркы замандарда Түркистанда жаралып, Анадолуда түзүлүштүк ѳзгѳчѳлүгүн ѳнүктүрүп, дүйнѳ тилдеринин катарын толуктаган. Түрктѳрдүн Ислам динин кабыл алышы менен бирге, өз тилинде да кѳптѳгѳн ѳзгѳрүүлѳр башталган. Орто кылымда, ѳзгѳчѳ хансарайларда, фарс тили түрк тилине үстѳмдүк кылаары сезиле баштаган. Түркчѳнү бул доордо башка тилдердин таасиринен куткаруу жана түркчѳнүн өз татыктуу ордун ээлешине аракет кылган алгачкы саясый ишмер Караманоглу Мехмет Бей болгон. 1277-жылы ал: «Бул күндөн баштап диванда, межилистеги жыйындарда, калк топтолгон жерлерде түркчөдөн бөлөк бир да чет тили колдонулбасын», – деп жарыялаган. Бул мыйзамдын негизинде Анадолу аймагында мамлекеттик иш кагаздар түрк тилинде жүргүзүлүп, түрк тили мамлекеттик тил болуп калган. Болжолу менен ошол эле мезгилдерде, Анадолуда проза жана поэзиялар жарала баштаган. Буга Юнус Эмре эң сонун мисал боло алат. Анадолуда түрк жазма тилинин пайдубалынын куруучусу катары эсептелген Юнус Эмренин жети кылым мурун жазган ырлары бүгүнкү күндѳ да баштапкы абалында окулууда.
Осмон Империясы кыйрашы менен тилди жѳнѳкѳйлѳштүрүлүү аракети башталган. Тилибиздеги мындай жѳнѳкѳйлѳштүрүүнү улуу ойчул Зия Гѳкалп мындай дейт: «Энемдин добушу башка тилде чыкпайт, ар бир сѳзүндө түрк тилин табасың», — деп түрк тилинин байлыгын далилдеген.
Мамлекетибиздин түптөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрк төмөндөгүдөй дейт: «Түрк – бул тил. Мамлекеттүүлүгүн, эгемендүүлүгүн сактоону билген түрк эли тилин да чет тилинин жүгѳнүнѳн бошотот», — деп ар бир мүмкүнчүлүктѳн пайдаланып, түркчѳнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген. Ататүрктүн буйругу менен 1932-жылдын 12-июлунда «Түрк тилин изилдѳѳ коому» түзүлгөн. 1932-жылы 26-сентябрь-06-октябрдын аралыгында алгачкы Түрк тили курултайы уюштурулган. Ошол күндѳн тартып Түркияда 26-сентябрь «Тил майрамы күнү» катары белгиленет. 1934-жылы уюштурулган курултайда бул уюм «Түрк тилин изилдѳѳ уюму» деп аталып, 1936-жылы ушул эле иш-чарада болсо «Түрк тили уюму» деп кайрадан аты өзгөртүлгөн.
Түркчѳнүн маанилүүлүгүн арттыруу үчүн Түрк тили уюму 89 жыл мурун 26-сентябрда кѳптѳгѳн илимпоздор, журналисттер, жазуучулар, саясатчылар жана искусство ѳкүлдѳрүнүн катышуусу менен өткөн Курултайда тил майрамын белгилейт.
Тил майрамынын урматына мамлекет башчыбыз Улуу урматтуу Режеп Тайып Эрдоган түркчѳнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен мындай дейт: «Түркчѳ — дүйнѳнүн эң байыркы жана популярдуу тилдеринин бири. Бүгүнкү күндө да ал кеңири аймакты кучагына алып, түрдүү диалект жана говорлор менен ѳз баалуулугун, байлыгын жана ѳзгѳчѳлүгүн тастыктап келүүдѳ. Жазма маданияты бар түрк эли катары миң жылдык ѳтмүшүбүздү, үзгүлтүксүз түрк мамлекетин чыңдоо арзуусу жана жер жүзүнө даңазалуу маданиятыбыз да түркчѳнүн күчү менен деп билели».
Түркчѳнүн ѳнүгүшүнѳ жана байышына салым кошуу максатында түркчѳбүзгѳ кызмат кылгандардын баарын, анын башында Гази Мустафа Кемал Ататүрктү, түрк тили майрамыбыз менен куттуктап, сый-урмат менен эскерем.
КТМУ РЕКТОРУ, ПРОФЕССОР АЛПАСЛАН ЖЕЙЛАН