"Манаста" жаш түркологдордун биринчи жайкы мектеби старт алды


  • 2023-06-20

Кыргыз-Түрк "Манас" университети Түркия илимдер академиясы жана Эл аралык түрк академиясы менен биргеликте биринчи жолу "Жаш түркологдор жайкы мектебин" уюштурду. Иш-чаранын ачылышына Түркия илимдер академиясынын төрагасы Музаффер Шекер, Эл аралык түрк академиясынын төрагасы Шахин Мустафаев, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, ошондой эле окуу жайдын окутуучулук-профессордук курамы, жайкы мектептин катышуучулары жана студенттер катышты.

Жайкы мектепке Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Венгрия, Башкыртстан Башкортостан (Россия), Татарстан (Россия), Македония жана Босния Герцеговина сыяктуу мамлекеттерден 28 жаш түрколог катышууда. Ошондой эле Түркиядан, Өзбекстандан чакырылган 11 белгилүү окумуштуу жана кыргызстандык устаттар лекцияларды окушат.

Жаш түркологдордун жайкы мектебинин алгачкы сабактары 19-июнунда башталды жана ал 8 күн бою уланып, 25-июнда аяктайт.

Иш-чаранын ачылышында университеттин биринчи проректору, э.и.к Бактыгүл Каламбекова жаш түркологдордун жайкы мектебинин ишине ийгилик каалап, анын натыйжасы түрк дүйнөсү үчүн жемиштүү болоруна ишенерин билдирди.

"Бүгүнкү күндө жаш түркологдордун алдында жаңы тапшырмалар жана чакырыктар бар. Биздин бул жердеги окумуштууларыбыз менен жаш түркологдорубуз аталган талаптарга татыктуу жооп бере алат деп ишенем. Жайкы мектеп үзүрлүү болсун. Иштериңиздерге ийгилик каалайм",- деди э.и.к. Бактыгүл Каламбекова.

Ал эми университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жаш түркологдордун жайкы мектеби мезгил талабы экенин баса белгиледи.

"Түрк мамлекеттер уюму түзүлгөндөн кийин түрк дүйнөсү жаңы багытка ири кадамдарды таштай баштады. Ошонун катарында түрк дүйнөсүнүн тарыхын иликтеп, жаңы багытка бет алууда "Манас" университети да өзүнө чоң милдеттерди алды. Биз түрк ааламын изилдөөдө кеч калдык. Ошого карабастан бүгүнкүдөй жаш түркологдорубуз натыйжалуу ийгиликтерге жетишет деп ишенем.

Режеп Тайип Эрдоган жаңы доорду "түрк кылымы" деп жарыялады. Бул долбоордун алкагында да өтө маанилүү иштер ишке ашат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик мекемелерде кыргыз тилин билүү шартын мыйзамдаштырды. Бул дагы түрк дүйнөсү үчүн өзгөчө ийгилик.

Биз бүгүнкү күндө эл аралык жыйындарда башка тилдерде сүйлөшүп жатабыз. Бирок жаш түркологдордун эмгеги, түрк элдеринин эрки менен биз азыркыдан да жакын болуп, бири-бирибизди котормочусуз түшүнөбүз. Түрк дүйнөсүнүн өнүгүүсү үчүн "Манас" университети колдон келген аракеттин баарын жасоого даяр",- деди Алпаслан Жейлан.

Түрк илимдер академиясынын төрагасы Музаффер Шекер жайкы мектептин уюштурган КТМУнун жетекчилигине ыраазычылык билдирдип, бул мектеп түрк элдеринин бир туугандык мамилесин мындан ары бекемдей турганын билдирди. "Жаш түркологдордун жайкы мектебин жыл сайын салтка айлантууну ниет кылуудабыз. "Манас" университети билим берүү менен эле чектелбестен, бүгүнкү күндө эл аралык иш-чараларды өткөрүүдө, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, түрк дүйнөсү үчүн кызмат кылууда алдыга эч кимди салбай келе жатат.

Бүгүнкү күндө түрк элдеринин тарыхын, маданиятын, каада-салттарын иликтөө менен биздин туугандык байланышыбыз бекемделип, биргеликте өнүгүү жолуна түшөбүз. Жаш түркологдорубуздун иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайм",- деди Музаффер Шекер.

Ошондой эле Эл аралык түрк академиясынын төрагасы Шахин Мустафаев түркологдордун изилдөөлөрү түрк дүйнөсүнүн тарыхы үчүн олуттуу мааниге ээ экенин белгилеп, жайкы мектептин максаты бир гана изилдөө эмес, ошол эле учурда түрк мамлекеттеринин байланышын чыңдоо экенин кошумчалады.

"Жаш түркологдордун жайкы мектебине Түркия, Азербайжан, Татарстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана башка түрк мамлекеттеринин жаш изилдөөчүлөрү катышууда. Изилдөө иштерин жүргүзүүдө жоопкерчиликти өзүнө алгандыгы үчүн "Манас" университетине ырахмат айтам. 8 күн бою өтө турган жаш түркологдордун жайкы мектебинин ишине ийгилик каалайм",- деди Мустафаев.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

https://www.instagram.com/p/Ctszez8t4DL/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү