«Манаста» кыргыз маданиятынын элчиси – Таабалды Эгембердиевге арналган китепти таанытуу иш-чарасы өттү


  • 2023-10-25

Үстүбүздѳгү жылдын 23-октябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде "Шоро", "Супара" компанияларынын негиздөөчүсү, белгилүү коомдук ишмер, публицист жана жаратман инсан Таабалды Эгембердиевдин жаркын элесине арналган «Көчмөн жаратман» жана «Оо, дарегим! Оо, карегим» аттуу китептин таанытуу кечеси болуп ѳттү.

Кеченин кадырлуу коноктору Таабалды Эгембердиевдин жубайы, “Супара” этнокомплексинин ээси Жаңылсынзат Турганбаева жана кыргыз элине белгилүү манасчы Замирбек Баялинов болушту.

Иш-чара кыргыз рухунун туу чокусу болгон «Манас» эпосунан үзүндү айтуу менен башталып, ага университеттин биринчи проректору, э.и.к Бактыгүл Каламбекова, туризм факультетинин деканы, профессор Ясин Бойлу, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

Иш-чарада университеттин биринчи проректору, э.и.к Бактыгүл Каламбекова Таабалды Эгембердиевдин публицистикалык жана ишкерлик сапаттарын жылуу эскерди: «Таабалды Эгембердиев деген ысымды укканда эле жамы журтубуздун жадына Кыргызстанда улуттук асыл-нарктарды, заттык эмес маданий мурастарды, кылымдар карыткан дөөлөттөрдү сактоого зор салым кошкон, пост-советтик Кыргызстанда жеке менчик “Шоро” компаниясын жана “Супара” этномаданий өргүү жайларын негиздеген таланттуу ишкердин күлүмсүрөгөн жана жайдары турган жаркын элеси келет.

Мен Таабалды Эгембердиевди 1990-жылдардын башында гезиттерге чыккан публицистикалык макалаларын окуп тааныдым. Бул киши Кыргызстандын жаңы тарыхын көргөн адам, мүдүрүлүү жана жаңылануу замандарын түздөн-түз көрдү. Ишиме байланыштуу сейрек кездешип калдым. Бир жолу шаардан жолугуп калдык, анан “Кел, Бактыгүл, мен шоронун бет ачарын кылып жатам, ооз тий”-, деди, мен тамашалашып отуруп ооз тийдим. Кийинки жолукканда шорону жайылттым, буюрса, Евразияны шоро менен багам деген эле. Ошондой эле «Супара» этномаданий комплексин куруп жатканда да, кеңеш бер деп чакырган. Мына ошондо анын көсөмдүгүнүн кыйырдыгын көрдүм. Жубайы Жаңылсынзат айымга ыраазычылык билдирем, Таабалды ага арабыздан өтүп кетсе да, артында калган бүлөсү - анын ишин улап, дагы өркүндөтүп, улам бир саамалык жаратып келет. Таабалды Эгембердиевдин керээзин аткарып, музей да ачууга үлгүрдү. Кезинде китеп жаза албай калганын арман кылса, артында калган жубайы анын калем тамчыларын топтоп, өзгөчө эки томдук чыгарды”, - деп айтып келип, “Урматтуу студенттер, силер дагы ѳмүрү ѳрнѳк Таабалды агайыңардай болуп өлкөңѳрдүн келечеги үчүн салым кошкон алдыңкы жаштардан болгула», -деген кеңешин айтты.

Андан кийин кеченин кадырлуу коногу, китептин түзүүчү автору Жаңылсынзат Турганбаева сѳз сүйлѳп, Таабалды Эгембердиевдин анын турмушундагы ордуна жана китепти түзүүдѳ эмнелер эске алынганына токтолду. Алгач сөзүн ыраазычылык билдирүү менен баштады: “Илим-билимдин куттуу ордосу болгон «Манас» университетине келип отурганыма абдан кубанычтамын. Окуу жайдын ректору Алпаслан Жейлан менен биринчи проректору Бактыгүл Каламбекованын колдоосу үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем”,-деп айтып келип,

«Табыкем чыгармачыл адам болду, өмүрүнүн көп бөлүгүн чыгармачылыкка арноого тырышты, бирок бизнести түптөө кыйын нерсе экен, көп убакытты алды. Ошентсе да ара-чолодо жазып жүргөн ой-пикирлерин азыркы муун үчүн китеп кылып чыгарууну туура көрдүк.

Табыкем улуттук асыл-нарктарды, заттык эмес маданий мурастарды, кылымдар карыткан дөөлөттөрдү сактоого өзгөчө басым жасады. Ал улуттун наркы менен намысын көтөрөм деп «Шоро» компаниясын түзүп, максым, чалап, бозо сыяктуу улуттук суусундуктарды рынокко алып чыгып жайылтты. Андан кийин «Супара», «Супара Чуңкурчак» этнографиялык комплекстерин ачып, тоо туризмин өнүктүрүүгө чоң салым кошту. Бүгүнкү күнү анын “кыргыздын унутулуп бараткан баалуулуктарын дүйнө жүзүнө жайылтам, четтен келген конокторго кыргыз эли байыркы элдердин бири экенин көрсөтөм” деген чоң максаты аткарылды. Ал өзүнүн кылган иши баскан жолунда кийинки муундарга бай маданий мурас калтырды.

Китептин “Оо дарегим, Оо карегим” деп аталышынын ѳзүнчѳ лирикалык жана философиялык мааниси бар. Анын карегинде өзү жашап өткөн түрдүү элестери бар эле, жашоодо канчалык кыйынчылыктар болсо дагы карегинде өзгөчө нуру бар инсан эле. Ал карегинен өткөндөрдү өзүнүн дарегине таштап кетти. Окурмандар бул китептерден Табыкенин буга чейин жарык кѳрѳ элек макалалары, улуттук рух, улуттук намыс, үй-бүлѳсү жана залкарлар жѳнүндѳ ой мурастары, андан тышкары анын жаратмандык ишмердигине карата калыс баа айткан замандаштарынын ой толгоолорун жана ар кыл пикирлерин окуй алышат»,- деп студенттердин мыкты даярдыгы таң калтырганы жана кеченин ѳзү күтпѳгѳн деңгээлде жакшы болгонун да жашырган жок.

Иш-чаранын соңунда мыкты суроо берген студенттерге Жаңылсынзат айым атайын белектерди ыйгарып, студенттердин окууларына ийгилик каалады.

Белгилүү манасчы Замирбек Баялинов публицист, ойчул Т.Эгембердиев менен өз убагында таанышып, баарлашып калганын төмөндөгүчө эскерди: «“Манас” университетине далай жолу Манас айтып келдим, бул жолу Таабалды Эгембердиевди эскерүүгө келип отурам. Ал кишини бир көргөн адам карапайым, жөнөкөй адам деп билет, бир сүйлөшкөн адам шайыр-шатман, ачык-айрым экенин, ал эми баарлашкан адам кеменгерлигин, даанышмандыгын билет. Эпостордун баарын билген кенен адам эле, ал адам менен баарлашып калганыма сыймыктанам. Бир жолу Манас айтып жүргөнүмдө, буюрса, «Супара» этномаданий комплексин ачамын, ошол жерде Манас айтасың, коноктор тамактанып эле кетпестен, руханий азыктанып кетишет деп айтканы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ошол тилегин бүгүн жубайы Жаңылсынзат эже орундатып отурат. 60тан ашык өлкөдөн адамдар келди, анын баары Манасты укту, кыргызды тааныды», -деди. 

Андан кийин туризм факультетинин деканы, профессор Ясин Бойлу кеченин кадырлуу конокторуна кызыктуу маектери үчүн ыраазычылык билдирди: “Кыргызстанга жаңы келгенимде факультетте жамаатыбыз менен бирге тамактанууга “Супара” этнокомплексине барганбыз. Эч качан ойлогон эмесмин күндөрдүн биринде Таабалды Эгембердиев агабызды эскерүүгѳ арналган иш-чара уюштурабыз деп, бүгүн мен ушундай жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөнү үчүн абдан кубанып турам. Ар бир элде из калтырчу, салтты улантуучу адамдар болот, мен Таабалды агабызды ошондой инсан деп билемин», -деди.

Иш-чаранын соңунда Жаңылсынзат айым университеттин китепканасына 10 даана китеп белек катары берди.

ММК жана коомчулук менен байланыш бѳлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CyyRAjrNq9U/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Haberin Videosu: 

https://youtu.be/6R5DcYEmbJ4?si=j1jCwaygjBmD3LpL

 

    Социалдык медиада бөлүшүү