“Манас” университети III эл аралык “Манас” форумун өткөрдү


  • 2023-11-03

2023-жылдын 1-2-ноябрь күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Борбордук Азияны изилдөө борбору тарабынан “Глобалдык саясатта аймакташуунун жогорулашы жана Түрк мамлекеттеринин уюму” деген темада III эл аралык “Манас” форуму болуп өттү. 
Форумга Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Ѳзбекистан, Азербайжан, Германия, Россия жана Индиядан катышуучулар келишти. Эки күнө созулган форум 12 отурум жана 2 секция боюнча иш алып барды. Белгилей кетсек, конференцияга, жалпысынан 80 илимий билдирүү келип түшкѳн.
Түрк мамлекеттеринин уюму, түрк дүйнөсүнүн негизги маселелери жана бул маселелерди чечүү жолдору жана кызматташуу потенциалы, региондоштуруу жана региондоштуруу кыймылдарына илимий баа берүү максатын кѳздѳгөн иш-чарага Түрк мамлекеттеринин уюму, ТҮРКСОЙ, Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги, ТИКА кызматташтыгы, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомдук уюму, Стамбул Соода университети, Стамбул Гелишим университети, Стамбул Сабахаттин Заим университети, Анкара Коомдук илимдер университети жана Стамбул Айдын университети колдоо көрсөтүштү.
Иш-чаранын ачылышы К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында ѳтүп, ага окуу жайдын жетекчилиги, Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги, Түрк тилдүү мамлекеттеринин жогорку окуу жайларынан келген катышуучулар, КТМУнун илимий кызматкерлери, студенттери жана басма сѳз кызматынын ѳкүлдѳрү катышты.
Иш-чараны университеттин Борбордук Азияны изилдөө борборунун башчысы, профессор Насух ​​Услу ачып, борбордун ишмердүүлүгү жөнүндө кыскача маалымат берди. Ошондой эле форумдун ишке ашырылышына шарт түзүп берген “Манас” университетинин жетекчилигине жана иш-чаранын уюштурулушуна колдоо көрсөткөн уюмдарга ыраазычылык билдирди. 
Андан кийин окуу жайдын биринчи проректору, э.и.к Бактыгүл Каламбекова конференциянын уюштуруучулары менен катышуучуларына кошкон баалуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Түрк мамлекеттердин уюмунун түзүлүшү менен тектеш элдердин акыркы 30 жыл ичиндеги карым-катнашынын, дипломатиялык мамилелеринин жана кызматташтыгынын бекемделишине тийгизген таасирине токтолуп, аталган уюмдун ишмердигин илимий жактан камсыз кылуу зарыл экендигин баса белгиледи. Ошондой эле илимий жыйындар, изилдөөлөр абдан пайдалуу болоорун жана ишке жарамдуу сунуш-пикирлердин ортого коюлуп туруусу маанилүү экендигин билдирип, конференциянын ишине ийгилик каалады.
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан быйыл үчүнчү жолу өткөрүлүп жаткан “Манас” форумунун жыйынтыгы Түрк дүйнөсү үчүн чоң мааниге ээ болорун баса белгиле: “Келечегибизди ишенип тапшыра турган жаштарыбыз Түрк дүйнөсү жана  тил биримдигинин маанилүү бир элементи. Жаңы билим берүү мекемелеринин бул биримдиктин негизи болоруна ишенебиз”,-деп конференциянын ишине жана катышуучуларына ийгилик каалады.
Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Доган глобалдык саясаттын жана глобалдашуунун терс таасирине көңүл буруу керектигин жана терс көрүнүштөрдү чечүүдө кызматташтык жана тилектештик маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле Түрк мамлекеттеринин уюму аймактык ырааттуулук жана тынчтыкты камсыз кылууда маанилүү көпүрө экенин баса белгилеп, Кыргыз-Түрк “Манас” университети Кыргызстанда эле эмес, Борбордук Азияда өзүнүн күчтүү илимий салымдары менен белгилүү деп билдирди.
Түрк Кызматташтык жана координация агенттигинин координатору Мехмет Бодур ѳз сѳзүндѳ ТИКАнын 1992-жылы түрк тилдүү элдер менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөнүн жана бүгүнкү күндө ТИКА дүйнөнүн 150 өлкөсүндө 61 өлкөдө 63 программалык кеңсеси аркылуу ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканына токтолду. Ал ошондой эле ТИКАнын кеңсеси Кыргыз Республикасында 1992-жылы ишин баштап, бүгүнкү күнгө чейин экономика, соода, технология, билим берүү жана социалдык тармактарда долбоорлорду жана кызматташтык программаларын ишке ашырып келе жатканын жана “Адамдык ресурстарды өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кампусунда 1000 чарчы метр аянтка күнөскана орнотуу долбоорунун ишке ашырылганын айтып, конференциянын ишине ийгилик каалады.
Мындан тышкары Стамбул Соода университетинин атынан доцент Исрафил Куралай, Стамбул Сабахаттин Заим университети, Анкара Коомдук илимдер университетинин ректору Энгел Арпа жана Стамбул Гелишим университетинин атынан профессор Халкан Йылдырм куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, конференциянын ишине ийгилик каалашты.
Жыйынтыгында конференция ийгиликтүү аяктап өз максатына жетти.

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzHEY8RtqHh/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү