Ректор Алпаслан Жейлан энелердин батасын алды


  • 2024-01-31

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан энелердин үйүнө барып, батасын алды.

Профессор  Алпаслан Жейлан 2024-жылдын 30-январында 104 жаштагы ахыскалык эне Гүлшан Алиева менен 90 жаштагы кыргыз эне Гүлбара Момонкулованын үйүнө барып, кабарлашып, баталарын алды.

Профессор Алпаслан Жейланды чоң энелердин балдары, неберелери  жылуу тосуп алышты. Энелерден кабар алганы келген Алпаслан Жейланга, энелер  «уулум» деп кайрылышып, чын жүрөктөн баарлашышты.

- Гүлшан  эненин эскерүүлөрү

Ректор мырза, өзүнүн  маркум атасынын  эжесине окшоштурган ахыскалык  Гүлшан эне, жолдошу балдары, неберелери, бир туугандары тууралуу кенен сөз кылып, Ахыска күндөрүнөн  да кеп козгоп: «Ушундай кыйын күндөр өттү, ушул күндөр үчүн Кудайга шүгүр!» - деди ал. Ректорго  карыганын жана кулагы жакшы укпай баратканын айткан Гүлшан эне  дагы да болсо өзүн жакшы сезгенин, университеттин дарыгерлеринин бир сыйра текшерүүсүнөн өтүүнү каалаганын айтты.

Алар Кыргызстандын тарых кенчи  экенин, университет тарабынан алардын эскерүүлөрү боюнча изилдөө башталганын айткан профессор  Алпаслан Жейлан, Гүлшан чоң эненин батасын алып, андан соң 90 жаштагы  Гүлбара эненин үйүнө барды.

- Гүлбара эненин китеп окууга болгон ышкысы

Гүлбара эне, профессор  Алпаслан Жейланды бул сапарына абдан кубанып, үй-бүлөсүндө баары  билимге чоң маани бергендерин, жолдошунун 48 жыл бою математика мугалими болуп иштегенин айтты. Эненин  8 баласы, 33 небереси, 51 небереси, 2 чөбөрөсү бар. Алардын айрымдары мамлекеттик мектептерде сабак берип Кыргызстанга үзүрлүү кызмат кылып жатканын айтып берди.

Гүлбара эне «Манас» университетинин студенттерине салам жолдоо менен бирге Алпаслан Жейланга: «Мен абдан сүйүнүп жатам уулум, тарбия берип жаткан балдардын жакшылыгын көр. Алар абдан ийгиликтүү болсун. Жолдору ачык болсун. Менин жашыма жетишсин.”,- деп алкап, батасын берди.

Ошондой эле, Алпаслан Жейланга дубалдагы чоң атасынын сүрөтүн көрсөткөн Гүлбара эне,  сүрөттү Орусиянын Томск шаарында жашаган небереси  3 жыл мурун таап алып келгенин, чоң  атасы репрессияга кабылганын жана кеңири маалыматтар жок экенин билдирди.

Ректор Алпаслан Жейлан, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын күйөрманы Гүлбара энеге: «Күн сайын китеп окуп,  баш катырмаларды толтуруп турганыңызга абдан кубанычтамын. Кийинки сапарымда университетибиз чыгарган эмгектерди алып келем. Мен дагы Чыңгыз Айтматовду абдан жакшы көрөм жана көп окуйм. Биз үчүн Айтматовдун “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” деген сөзү өтө маанилүү. Ошондой эле университетибиздин жаштары менен ар дайым, күн сайын адам бойдон калуу маанилүүлүгү жөнүндө сүйлөшөбүз. Күн сайын адам бойдон кала турган, мамлекетине мугалим болуп кызмат кыла турган балдарды тарбиялаптырсыз. Кандай бактылуу жансыз! Сиздей асыл энебиз  бар кандай бактылуубуз! Сиз таластык экенсиз, мен Ысык-Көлдөн болом. Мындан ары мүмкүнчүлүк болгондо сизге  жолугуп турам. Сиздерди сөзсүз университетибизде күтөбүз. Келиңиз, биздин дарыгерлер сизди текшерсин. Студенттерибиз менен баарлашыңыз. Сиздин эскерүүлөрүңүздөрдөн алар таалими алышсын », - деди ал.

Ар бир тармакта мыкты жетишкендиктер менен катар студенттерди өз каада-салттарын билүүгө жана сактоого  маани берген “Манас” университети үчүн карыялар,  түрк дүйнөсүнүн эң негизги баалуулуктары катары эсептелинет. Жергиликтүү калк менен жакын болууну баарынан маанилүү деп билген “Манастыктар”  мүмкүн болушунча калкыбыздын аярлуу катмарына жардам берип келет. 

 

‘‘Манас’’ телеканалы

Haberin Videosu: https://youtu.be/oF3GL62jkOE

Haberin Fotoğrafları: http://mediamanas.kg/lang-tr/5058-rektr-ceylan-ninelerin-duasn-ald.html

    Социалдык медиада бөлүшүү