ТүркПАга мүчө мамлекеттер ортосундагы онлайн семинар


  • 2024-02-16

2024-жылдын 14-февралында “ТүркПАга мүчө мамлекеттерде илимий-техникалык өнүгүүлөрдөгү жана мыйзамдык колдоодогу парламенттердин ролу” аттуу онлайн семинар болуп өттү.

Семинарга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) сыяктуу маанилүү уюмдардын мүчөлөрү катышты.

Семинарда сөз сүйлөгөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түрк мамлекеттеринин уюму – Түрк университеттер биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылган Орхун алмашуу программалары, “Манас” университетинде өткөрүлгөн салттуу спорт оюндары, симпозиумдар жана түрдүү иш-чаралар түрк дүйнөсүндө орток билим берүү тармагын түзүү үчүн жасалган маанилүү кадамдар экенин баса белгиледи.

Ошондой эле “Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы” долбооруна да токтолгон ректор Жейлан долбоордун 12 өлкөдөн 110дон ашуун университет тарабынан кабыл алынганын жана ушул убакытка чейин 21 миң студенттин катышканын белгиледи. Ректор Жейлан: “Долбоордун алкагында 300дөн ашуун илимпоз жана 1400 ыктыярчы түрк дүйнөсүнүн келечеги үчүн  чоң салым кошушту”, - деди.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө жогорку билим берүүдөгү технологиялык өнүгүүлөрдү жакындан байкоо  жана аларды эффективдүү колдонуу университеттердин негизги милдети экенин белгилеп: “Өнүгүп жаткан технологиянын темпи менен жүрүү университеттердин эң маанилүү милдеттеринин бири. Бул студенттерге берген билимдин сапатын жогорулатуунун жана келечектин лидерлерин тарбиялоонун негизи болуп саналат,”  - деп айтты.

Ректор Жейлан Түркиянын Илимий жана технологиялык изилдөөлөр кеңешинин (TÜBİTAK) түрк дүйнөсү менен дагы тыгыз кызматташуусу керектигин баса белгилеп, аталган мекеменин канаттары түрк дүйнөсүнө ачылып, бул тармактагы илимий изилдөөлөргө колдоо көрсөтүшү керек”, - деди.

Цивилизация, маданият, тарых жана тилдин биримдигине негизделген ТүркПАнын жыйынында баяндамачылар жылдык баалоолору менен бөлүшүп, түрк дүйнөсүнүн атынан жасалган иштерге токтолушту.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C3hXb8VNIVw/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү