“IV Эл аралык коммуникация симпозиуму: санарип доордогу дезинформация”


  • 2024-05-16

2024-жылдын 15–май күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультети тарабынан уюштурулган “IV Эл аралык коммуникация симпозиуму: санарип доордогу дезинформация” аттуу симпозиумдун биринчи күнү маанилүү ысымдардын катышуусунда өткөрүлдү.

Симпозиумдун алдында Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залынын фойесинде “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган документалдуу жана фотосүрөт көргөзмөсүнүн” ачылышы болду. Тарых менен визуалдык эстетиканы бириктирген көргөзмө коноктордун көңүлүн бурду. Андан соң симпозиум башталды.

Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөн симпозиумга Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлү Мехмет Давулжу, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын коомдук иштер жана транспорт министри, профессор Эрхан Арыклы, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Улуттук билим берүү министри Назым Чавушоглу, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков, “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, Анкара Хажы Байрам Вели университетинин ректору, профессор Мехмет Нажи Бостанжы, Чыгыш Жер Ортолук деңиз университетинин ректору, профессор Хасан Кылыч, Лефке Европа университетинин ректору, профессор Мехмет Али Йүкселен, Түркия Республикасынын Басма сөз жарнак агенттигинин башкаруу кеңешинин төрагасы, Малтепе университетинин ректору, профессор Эдибе Сөзен, “Манас” университетинин проректорлору профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл, өз тармагында улуттук жана эл аралык деңгээлде таанымал баяндамачылар, симпозиумдун катышуучулары, профессордук-окутуучулук курам жана көптөгөн студенттер катышты.

Дезинформациянын күчөшүнө өбөлгө түзгөн технологиялык жана социалдык-саясий факторлорду талкуулоо, ошондой эле дезинформациянын коркунучтарын жана кесепеттерин натыйжалуу чечүү максатында уюштурулган симпозиум чоң кызыгуу көрдү.

Симпозиумдун ачылыш сөзүн сүйлөгөн “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, санариптештирүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Санариптештирүү менен бирге дезинформациянын көйгөйлөрүнө басым жасаган ректор, профессор Жейлан өз сөзүндө студенттерге кайрылып, баяндамаларды кунт коюп угууну жана берилген маалыматтардан максималдуу түрдө пайда алууну сунуштады.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан симпозиумдун катышуучуларына ыраазычылыгын билдирип, сөзүн Хажы Бекташ Велинин “Бир бололу, зор бололу, жигердүү бололу!” сөзү менен аяктады.

Биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев бүгүнкү күндө маалыматка жетүү мурункуга караганда бир топ жеңил экенин баса белгиледи. Ал өз сөзүндө “Мурда маалыматты массалык маалымат каражаттары аркылуу алсак, бүгүнкү күндө маалымат булагы ар бирибиздин чөнтөгүбүздө”,- деди. Биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев маалымат таркатуу журналистика менен эле чектелбестигин айтып, кеңири чөйрөдө жеткиликтүү экенин баса белгиледи.

Симпозиумдун илимий ойлор жана жаңы сунуштар айтыла турган жемиштүү аянтча болоруна ишенген доцент Алмаз Ибраев катышуучуларга ийгилик каалады.

“Манас” университетинин коммуникация факультетинин деканы, профессор Мехмет Сезаи Түрк өз сөзүндө коммуникация факультети жана симпозиум тууралуу маанилүү маалыматтарды бөлүштү. Профессор Мехмет Сезаи Түрк симпозиумдун тармакка жана университетке чоң салым кошо турганын белгиледи. Ал ошондой эле бүгүнкү күндө маалыматка жетүү мурда болуп көрбөгөндөй тез жана жеңил болуп калганын жана бул так, ишенимдүү маалыматка жетүүнү кыйындатып жатканын белгиледи. “Фейк жаңылыктардын жана дезинформациянын жайылышы менен ишенимдүү булактарга болгон муктаждык өсүүдө”, - деген профессор Түрк бул контекстте симпозиумдун чоң мааниге ээ экенин белгилеп, 9 өлкөдөн 60тан ашуун доклад окула турган симпозиумдун ийгиликтүү өтүшүн каалады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков санариптик доордо жалган маалыматтардын таралышынын коркунучуна көңүл бурду. Орунбеков жаңы медианын өнүгүшү менен жазылган, визуалдык жана аудио форматтарда атайын таратылган туура эмес маалымат улуттук жана дүйнөлүк деңгээлдеги олуттуу көйгөйгө айланганын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу симпозиумдун социалдык-гуманитардык жардам жана менеджмент тармагында иштеген изилдөөчүлөр чогулта турганын белгилеп, иш-чаранын жалган маалыматтарды таралышынын коркунучтары жана кесепеттери тууралуу коомчулуктун көңүлүн бура турганын белгиледи.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Коомдук иштер жана транспорт министри, профессор Эрхан Арыклы өз сөзүндө “Манас” университети түрк дүйнөсүнүн Борбордук Азиядагы эшиги экенин белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалады.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Улуттук билим берүү министри Назым Чавушоглу да байланыштын жоктугу дезинформациянын эң чоң себеби экенин белгиледи. Чавушоглу: “Биз “Манас” университети менен көңүлдөрүбүздү бириктирүү үчүн келдик; бир болуу, зор болуу жана жигердүү болуу үчүн келдик”, - деди.

Теңир тоонун көлөкөсүндө илим

Симпозиумдун маанилүүлүгү сыяктуу симпозиумдар өтө турган жайлардын маанилүү экенин баса белгилеген Анкара Хажы Байрам Вели университетинин ректору, профессор Мехмет Нажи Бостанжы “Манас” университетинде болгонуна кубанычта экенин  билдирди.

Чыгыш Жер Ортолук деңиз университетинин ректору, профессор Хасан Кылыч жана Лефке Европа университетинин ректору, профессор Мехмет Али Йүкселен симпозиумдун ачылыш сөзүндө “Манас” университетине ыраазычылык билдирип, симпозиумдун катышуучуларына ийгиликтерди каалады.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан симпозиумга келген чакырылган баяндамачыларга белектер тапшырылды.

Коммуникация факультетинин деканы, профессор Мехмет Сезаи Түрктүн модераторлугунда бетме-бет жана онлайн түрдө жалпысынан 10 отурумда өткөн симпозиумдун “Ачылыш отуруму” дезинформация менен күрөшүүдө маанилүү ысымдарды чогултту.

Отурумда Түркия Республикасынын Басма сөз жарнак агенттигинин башкаруу кеңешинин төрагасы, Малтепе университетинин ректору, профессор Эдибе Сөзен, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясынын аткаруучу директору Чынар Капарова, Саглык-Сендин төрагасынын орун басары Идрис Байкан, Бенгү Түрктын башкы редактору Үнал Кая жана Анадолу агенттигинин аймактык директору Толга Өзгенч чогулушту.

Илимий жыйында дезинформациянын ар кандай аймактардагы таасирлери талкууланды. Профессор Сөзен саясаттагы дезинформациянын өлчөмдөрүнө көңүл бурса, док. Капарова дезинформация менен күрөшүүдө санариптик телеберүүнүн ролун баса белгиледи. Дезинформациянын ден соолук үчүн кооптуулугуна көңүл бурган Идрис Байкан саламаттыкты сактоо тармагында так маалыматка жетүүнүн маанисине көңүл бурду. Үнал Кая тележурналистикада жалган маалымат менен күрөшүү стратегияларына тотколсо, Толга Өзгенч жалган маалымат менен күрөшүүдө салттуу медианын маанилүү ролуна токтолду.

Симпозиумдун отурумдарында катышуучулар санариптик дүйнөнүн жаңылык өндүрүш процесстериндеги маанилүү өзгөрүүлөргө кылдат байкоо жүргүзүштү. Максаттуу аудиторияга туура кабарды жеткирүүдөгү санариптик жарнаманын ролу жана таасири коммуникация адистери тарабынан кеңири талкууланды. Мындан тышкары, санариптик дүйнөдө дипломатиялык мамилелер кандай калыптанганы жана жалган маалыматтын жайылышын алдын алуу үчүн эмне кылуу керектиги талкууланып, жасалма интеллекттин тактык жана ишенимдүүлүк жагынан кандайча колдонулушу керек экендиги кеңири талкууланды.

Эки күнгө созулган отурумдар катышуучулар жана угуучулар чоң кызыгуу менен кабыл алышты.

Ар кайсы өлкөлөрдөн коммуникация тармагындагы адистерди чогулткан симпозиумда санарип дүйнөнүн алдыңкы темалары боюнча баалуу маалыматтар бөлүшүлдү. Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Алтай Республикасы жана Россия Федерациясы сыяктуу өлкөлөрдөн келген коммуникация адистери катышуучуларга маанилүү маалыматтарды жана ар түрдүү көз караштарды берүү менен симпозиумду байытты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C6_wZbpNAGv/?igsh=MTZvdWxrdnhneXhkdg==

https://www.instagram.com/p/C6_78RxNBxT/?igsh=MW5mb3dvOGsxZHFveA==

https://www.instagram.com/p/C7BIXOdNARK/?igsh=MXBlNzQ0Ymt1OGc5dQ==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C6_wzBMt1pU/?igsh=NWd3NG5jaWFuc2lv

    Социалдык медиада бөлүшүү