Түрк дүйнөсүнүн университеттери арасында алгачкы жолу өткөрүлүп жаткан орток окумуштуулар жыйыны


  • 2024-06-28

Кыргыз-Түрк “Манас” университети Ахмет Ясави атындагы Эл аралык казак-түрк университети менен бирге 2024-жылдын 28-июнь күнү орток окумуштуулар жыйынын өткөрдү.

Көптөгөн багыттарда орток өзгөчөлүктөргө ээ Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Ахмет Ясави атындагы Эл аралык казак-түрк университети үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде кол коюлган академиялык кызматташуу келишимин ишке ашыруу максатында өткөрүп жаткан орток окумуштуулар жыйыны менен кызматташуу жаатында алгачкы кадам шилтеди. Түрк дүйнөсүнүн университеттери арасында орток окумуштуулар жыйынын биринчилерден болуп өткөргөн  жогорку окуу жайлар катары тарыхта калды.

“Манас” университетинин “Оба” чай бакчасында башталган жыйын социалдык курулуштар имаратынын көп функциялуу залында уланды.

Орток окумуштуулар жыйынына Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, проректорлор профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл жана окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү, ошондой эле Ахмет Ясави атындагы Эл аралык казак-түрк университетинин ректору, док. Жанар Темирбекова, проректор Мустафа Нурсой, башкы катчы, доцент Алия Куралбаева менен окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү катышты.

Үч өлкөнүн мамлекеттик гимндери аткарылып, андан соң университеттин таанытуу тасмасы көрсөтүлдү.

 “Өзүнүн маданий баалуулуктарын сактоо менен ааламга жайылган түрк дүйнөсүнүн жаштары

“Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан ачылыш сөзүндө жыйындын) максаты жана мазмуну тууралуу маалымат берип, “Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Ахмет Ясави атындагы Эл аралык казак-түрк университети түрк дүйнөсүнүн келечеги үчүн жогорку билим берүү тармагына жасалган эң чоң инвестиция.  Эки университет тең биздин алтын көпүрөлөр. Бул көпүрөлөр аркылуу биз заманбап жана заманга ылайык билим берүү системасы менен жабдылган түрк жаштарын аң-сезимдүү, жоопкерчиликтүү инсан кылып өстүрүү максатын көздөйбүз. Өзүнүн маданий баалуулуктарын сактоо менен ааламга жайылган, дүйнөлүк илимге салым кошкон жана жаңы цивилизацияны кыялданган жаштарды өстүрүү биздин алдыңкы приоритеттердин бири”, - деди.

Ректор, профессор Жейлан уюштурулган жыйында “Манас” эпосундагы “түрк тили” сөзүнүн маанисине токтолду. Ал өз сөзүндө “түрк тили” сөзүнүн бир эле кыргыз тилинин эмес, бүткүл түрк диалектилерин камтыганын билдирди.

Түрк дүйнөсүнүн багыт берүүчү алдыңкы окуу жайлары: “Манас” университети Ахмет Ясави атындагы Эл аралык казак-түрк университети

“Бул жакта жасай турган ишибиз болгону жыйын уюштуруп тим болбостон, ошол эле учурда түрк дүйнөсүнө багыт берүү аракети”, - деген ректор, профессор Жейлан Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн президенттери жана төрагаларынын шыктандыруусу менен башка мүчө өлкөлөрдүн университеттеринин да бул кызматташууга катышуусу пландалып жатканын, ошону менен Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Ахмет Ясави атындагы Эл аралык казак-түрк университети түрк дүйнөсүнүн жогорку билим берүүдөгү алдыңкы ролун улантарын белгиледи.

“Алтын көпүрөлөр күчүн бириктирди”

Ахмет Ясави атындагы Эл аралык казак-түрк университетинин ректору, док. Жанар Темирбекова жыйында “Манас” университети менен болгон күчтүү байланыштарын жана кызматташтыкты баса белгилеген маанилүү пикирлери менен бөлүштү.

Док. Темирбекова: “Биз боордош университетибиз – “Манас” университетинин жаныбызда болгонун ар дайым сездик. Ага ылайык, урматтуу ректор, профессор Алпаслан Жейланга жана командасына абдан ыраазычылык билдиребиз”, - деди.

Жыйындын жаңы долбоорлорго жана иш-чараларга эшик ачат деген ишеничин билдирген ректор, док. Темирбекова өз сөзүндө “Бул маанилүү жыйын мыкты долбоорлор менен иш-чараларга жол ачарына жана буга байланыштуу Түркиянын алтын университеттеринин күчүн бириктирип, дагы көптөгөн мыкты иш-аракеттер менен долбоорлор ишке ашыралат деп ишенебиз”, - деди.

 “Эки университет ортосундагы эң чоң жетишкендик”

“Манас” университетинин биринчи проректору, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев өз сөзүндө жолугушууну майрамдык маанай катары сыпаттап, “Биз бүгүн бул жерде маанилүү күндү белгилеп жатабыз”, - деди. Мындан тышкары, “Ректор, доцент Жанар Амангелдиевнанын көрсөткөн эрдигин куттуктайм. Ал баатырдык кадам жасады. Көчмөн эл катары биз аялдарды, энелерди абдан сыйлайбыз”, - деди.

Биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев бул жыйындын “эки университеттин ортосундагы эң чоң жетишкендик” катары баалады жана  бул долбоор көп жылдарга созула турган кызматташтыктын башталышы экенине ишенгендигин белгиледи.

Жыйындын күн тартибинде эки университеттин арасындагыкол коюлган келишимдин алкагында; орток илимий жана изилдөө долбоорлору, илимий кызматкерлер жана изилдөөчүлөрдүн тажрыйба алмашуусу, студент алмашуу программалары, симпозиум жана семинар сыяктуу илимий иш-чаралардын уюштурулушу, орток илимий иштердиндаярдалышы, ошондой эле спорттук жана маданий иш-чаралардын өткөрүлүшү жана башка темалар боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Жыйында окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү пикир алмашып, ар түрдүү пикирлерди, сунуштарды айтышты. Талкууланган темалардын университеттердин келечеги үчүн гана эмес, ошол эле учурда түрк дүйнөсүнүн келечеги үчүн да чоң мааниге ээ экени баса белгиленди.

Орток окумуштуулар жыйынан кийин КТМУнун ректорлук имаратында пресс-жыйын өткөрүлдү.

Ректор, профессор Жейлан  пресс-жыйында орток окумуштуулар жыйынын түрк дүйнөсүнүн университеттеринин арасында биринчи жолу өткөрүлгөндүгүн баса белгилеп: “Бул жыйын түрк жаштарынын келечекке ишенимдүү кадам шилтөөсү үчүн керектүү инфраструктуралык иштерди тездетет. Түрк жаштарынын түрк дүйнөсүнө интеграцияланышына чоң салым кошот. Интерактивдүү окуу, маалымдуулук, билим берүү жана элдик дипломатия сыяктуу жаңы түшүнүктөрдүн түптөлүшүнө негиз болот”, - деди.

Сөзүнүн акырында жыйында кабыл алынган чечимдердин күчүндө калышын жана туруктуулукту камсыз кылуусун кааларын айтып, кызматташууну улантууга чечкиндүүлүгүн баса белгилеп, келерки кылымдын “Түрк дүйнөсүнүн кылымы” болот деген ишеничин бөлүштү.

Хажы Бекташ Велинин “Бир бололу, ири бололу, жигердүү бололу!” -  деп айтканы менен сөзүн жыйынтыктаган ректор, профессор Жейлан жыйынды уюштурууга салым кошкондорго жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Ахмет Ясави атындагы Эл аралык казак-түрк университетинин ректору, док. Жанар Темирбекова пресс-жыйында сүйлөгөн сөзүндө “Бүгүн “Манас” университетинде өтүп жаткан бул маңыздуу жолугушууга катышып жатканыма абдан кубанычтамын. Бүгүн билим берүү дипломатиясында жаңы доорду баштадык”, - деп  жыйындын абдан ийгиликтүү өткөнүн билдирди.

Тарыхый орток окумуштуулар жыйыны белек берүү жана эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C8wvu3-NcJs/?hl=en

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C8wxPLbt5qn/?hl=en

Instagram:

https://www.instagram.com/manasuniv/reel/C8wsPBAN_mb/?hl=en

Manas TV'nin Haberi: 

https://youtu.be/-re7NqQ-4YI?si=CrQsIlRbBRhBX6lc

    Социалдык медиада бөлүшүү