Биологиялык терминдердин кыргызча-орусча / орусча-кыргызча сөздүгү жарык көрдү


  • 2024-07-05

“Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү” программасынын алкагында Биологиялык терминдердин кыргызча-орусча / орусча-кыргызча сөздүгү жарык көрдү.

Сөздүк биологиянын жана жалпы эле илимдин актуалдуу көйгөйлөрүнүн бири болгон адистин – биологдун биологиялык маалыматты туура түшүнүү, жергиликтүү калкка туура маалымат берүү көйгөйүн чечүү максатында түзүлүп, кыргыз тилин өнүктүрүүгө багытталган.

Сөздүк Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин табигый илимдер факультети жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын алдындагы Терминология комиссиясы тарабынан басууга сунушталган. Басууга 2024-жылдын 25-мартында кол коюлган биологиялык терминдер топтолгон басылма англис, түрк, орус тилдүү лексикографиялык булактардын негизинде түзүлүп, системалаштырылган илимий жана окуу адабияттарында, жогорку окуу жайларына тапшыруучулар үчүн окуу куралдарында кездешкен 3636 терминдерди, түшүнүктөрдү жана терминологиялык сөз айкалыштарын камтыйт.

Түзүүчүлөр тобунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин табигый илимдер факультетинин деканы, б.и.д., профессор Гүлбүбү Курманбекова, биология бөлүмүнүн башчысы, б.и.к., доцент Кадырбай Чекиров, в.и.к., профессор Нурбек Алдаяров, б.и.к., доцент Назгүл Иманбердиева, б.и.к., доцент Гулнара Шаршеналиева, б.и.к., доцент Бейшеналиева, б.и.к.  Нуржамал Өмүрзакова бар.

Басылманы ар кандай профилдеги биологдор гана эмес, агрономдор, ветеринарлар, медициналык кызматкерлер, котормочулар, методисттер, ЖОЖдордун окутуучулары, студенттер, мектеп мугалимдери, абитуриенттер, окуучулар жана башка табигый-илимий адистиктердин өкүлдөрү колдоно алышат. Сөздүктө айрым терминдердин колдонуу учурларын эске алуу менен алар бир нече вариантта көрсөтүлгөнү колдонууда ыңгайлуулукту жаратат.

Сөздүктүн жардамы менен терминдердин алфавиттик системалаштырылышы жана керектүү маалыматтарды табуу жеңилдейт.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү