Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тарых бөлүмү тарабынан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата илимий жыйын уюштурулду. 2024-жылдын 17-октябрында КТМУнун ректоратынын жыйындар залында өткөн илимий жыйын эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткаруу менен башталды.
Иш-чарага КТМУнун проректору, PhD., профессор Режаи Доган, гуманитардык факультетинин деканы, PhD., профессор Алпаслан Ашык, декан жардамчылары доцент Халит Ашлар жана доц.м.а.док. Кайрат Белек, тарых бөлүмүнүн башчысы, PhD., профессор Жээнбек Алымбаев, окутуучулар жана студенттер катышты.
Илимий жыйындын ачылыш сөзүн сүйлөгөн КТМУнун проректору, PhD., профессор Режаи Доган тарыхтын жана мамлекеттин маанисин баса белгилеп, мындай деди: “Сиздер тамыры терең улуттун XXI кылымда жашап жаткан балдары жана неберелерисиздер. Бир улуттун туруктуулугун камсыз кылган нерселер – анын тили, дини, материалдык жана руханий маданий баалуулуктары. Бирок ошол баалуулуктарды кармап турган эң чоң мекеме – бул мамлекет. Эгерде мамлекет жок болсо, анда түрктөрдүн жана кыргыздардын негизги мүнөзүн түзгөн эркиндикти жана көз карандысыздыкты жоготосуздар.”
Өтмүштүн жана азыркы замандын улуу түрк жана кыргыз ойчулдарына токтолгон PhD., профессор Доган: “Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаевден баштап калган улуу инсандарыбыз баары бирдей ойду айтышкан: “Оо, кыргыз! Оо, түркт! Тарыхыңды бил, улуулугуңарды жана өз цивилизациянарды бил! Зулумга каршы тура алган эң чоң күч – бул мамлекет.” Азыркы ааламдашкан заманда жаштыгыңыздарды жана иденттүүлүгүңүздөрдү коргоонун жолу – бул тарыхты жана улуу инсандарды танытуу”, - деди.
Проректор, PhD., профессор Режаи Доган жаштарга кайрылып, “Ата-бабаларыңардын мурасын таанып, сактап, өнүктүргүлө. Бирок эч качан иденттүүлүгүңөрдөн алыстабагыла. Эгер силер мамлекет болуп, өз тилиңерди, диниңерди, эркиндигиңерди жана көз карандысыздыгыңарды коргой алсаңар, анда түбөлүк каласыңар”, - деген чакырыгы менен илимий жыйындын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.
Андан соң гуманитардык факультетинин деканы, PhD., профессор Алпаслан Ашык кыргыз тарыхынын тамыры тереңдигине токтолуп, Кыргыз Республикасы түрк дүйнөсүнүн маанилүү бутактарынын бири экенин белгилеп, ата-бабалардын мурасын сактоонун маанилүүлүгүн түшүндүрдү.
Ошондой эле PhD., профессор Алпаслан Ашык тил улуттун жашоосу үчүн ажырагыс элемент экенин баса белгилеп, “Тил аң-сезими үстүндө иштеп, аны жаңы муундарга өткөрүп берүү баарыбыздын милдетибиз”, - деди.
Ачылыш сөздөрүнөн кийин илимий жыйындын отурумдары башталды. Алгач тарых бөлүмүнүн башчысы, профессор Жээнбек Алымбаев “Түркстан автономиялуу элдеринин күрөшү” аттуу баяндамасында маанилүү маалыматтар менен бөлүштү. Профессор Алымбаев Кокон автономиясы (Түркстан улуттук автономиялык өкмөтү) тууралуу да деталдуу баяндама жасады. Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик архивинин төрагасынын орун басары Кызжибек Атапова “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү” деген темада баяндама жасап, аймактын тарыхый процесстеги маанисине көңүл бурду. Андан кийин тарых бөлүмүнүн ага окутуучусу, доц.м.а.док.Роза Абдыкулова “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн фото-документтерде чагылдырылуусу” аттуу баяндама жасады.
Илимий жыйын баяндамачыларга ыраазычылык баракчаларын тапшыруу менен улантылып, КТМУнун көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн студенттеринин аткаруусундагы "Ата Журт" аттуу ыр менен жыйынтыкталды.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/manasuniv/p/DBOgB9EO4_H/?hl=en
Instagram:
https://www.instagram.com/manasuniv/reel/DBOgstRNjs3/?hl=en
Manas TV'nin Haberi: