2024-жылдын 16-18-октябрь күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түрк дүйнөсүн стратегиялык изилдөө борбору менен Ибн Халдун университетинин кызматташтыгында уюштурулган IV Манас форуму Гайдар Алиев Евразиялык изилдөөлөрдү колдонуу жана изилдөө борборунун чамгарагында ийгиликтүү өткөрүлдү.
“Евразиядагы байланыштарды жана кызматташтыкты бекемдөө” аттуу темада өткөрүлгөн форумда Евразия аймагындагы демилгелер, долбоорлор жана аймакка байланыштуу көйгөйлөр түрк дүйнөсүнүн көз карашы менен каралды.
Форумга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, PhD., профессор Ибрахим Чапак, ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, Ибн Халдун университетинин ректору, PhD., профессор Атилла Аркан, Анкара коомдук илимдер университетинин ректору, PhD., профессор Муса Казым Арыжан, Алиев атындагы прикладдык Евразия изилдөөлөр борборунун жетекчиси, PhD., профессор Яшар Сары Хайдар, КТМУнун Түрк дүйнөсүн стратегиялык изилдөө борборунун жетекчиси, PhD., профессор Насух Услу, окутуучулар жана студенттер катышты.
Форумдун ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, PhD., профессор Ибрахим Чапак Евразиянын стратегиялык маанисине токтолуп, мындай форумдар аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдей турганын айтты. PhD., профессор Чапак бүгүнкү күнгө чейин өткөрүлгөн форумдар абдан маанилүү темаларды камтыганын айтуу менен бирге салым кошуу аймак үчүн өтө баалуу экенин баса белгиледи.
21-кылымды түрк дүйнөсү жана Түркиянын келечеги жагынан алганда, “Түркиянын 100 жылдыгы” деп жарыялоонун маанилүү экендигин айткан PhD., профессор Чапак Борбордук Азияда жана Евразияда жүргүзүлө турган иштер учурдагы башаламан процесстерди жеңүүгө жардам бере турганын билдирди.
PhD., профессор Чапак форумдун жыйынтыктары теорияда гана эмес, практикалык турмушта да чагылдырыларын жана бул кызматташтык түрк дүйнөсүнө гана эмес, адамзатка да оң таасирин тийгизерин кошумчалады. Сөзүнүн аягында уюштуу иштерин жүргүзгөн бардык кызыкдар тараптарга ыраазычылык билдирип, форумдун ийгиликтүү аякташына тилектештигин билдирди.
“Түрк дүйнөсү мурдагыдан да бекем биримдикке муктаж”
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө түрк дүйнөсү менен Евразия аймагындагы кызматташтыкты бекемдөө тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады. “Кансыз согуштун аякташы менен эл аралык тең салмактуулук өзгөрө баштаган азыркы чөйрөдө өзүнүн туруктуу ордун ээлөө үчүн түрк дүйнөсү мурдагыдан да бекем биримдикке жана күчкө муктаж. Бул процесске түрк дүйнөсүнүн университеттеринин салым кошуусу маанилүү. Бул максатка жетүү үчүн “Манас” форумдары уюштурула баштады. Бул негизги максаттан тышкары, “Манас” форумдары ааламдашуу жана регионалдаштыруу кыймылы менен кошо Түрк мамлекеттеринин уюмунун түрк дүйнөсүнүн маселелерин жана аларды чечүү жолдорун, кызматташтыктын потенциалын илимий багытта баа берүүгө чоң салым кошот деп ишенебиз.”
“Инклюзивдик саясат аркылуу түрк дүйнөсүнүн кызматташтыгы бекемделет”
PhD., профессор Алпаслан Жейлан түрк дүйнөсүнүн кызматташтыгын жана Евразиядагы байланыштарды чыңдоо үчүн көптөгөн тармактарды комплекстүү кароо зарыл экенин белгилеп, энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду тездетүүгө, илим жана технология жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, экологиялык маселелер боюнча биргелешкен иштерди тереңдетүүгө көңүл бурду. Ошондой эле коопсуздук жана коргонуу жаатында биргелешкен стратегияларды иштеп чыгуунун, жаштар жана спорт жаатында кызматташууну колдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. “Аткарылган иштерди илгерилетүү жана колдоо үчүн массалык маалымат каражаттары менен байланыш каналдарын натыйжалуу пайдалануу жана маданий дипломатияны чыңдоо үчүн билим берүү жана көбүрөөк иш-чараларды уюштуруу зарыл”, -деди.
Ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан Евразияда түрк дүйнөсүнүн кызматташтыгы дагы да күчтүү жана туруктуу болушу үчүн инклюзивдик саясат жүргүзүү керектигин белгилеп, бул процесс эксперттер тарабынан даярдалган комплекстүү план менен мүмкүн болорун айтты. PhD., профессор Алпаслан Жейлан: “Түрк мамлекеттер уюму, Түрк академиясы, ТҮРКСОЙ, ТүркПА, Ахмет Есеви университети жана “Манас” университети сыяктуу уюмдардын колдоосу астында түрк дүйнөсү, түрк биримдиги жана Евразиядагы кызматташтык үчүн мындан ары да иш алып барууну улантышыбыз керек”, - деди.
Ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан форум ьтүрк дүйнөсүнүн келечегине жарык бере турган илимий талкууларга жана кызматташтыкка жол ачарын айтып, мындай уюмдар аймактагы өлкөлөр ортосундагы байланышты мындан ары да бекемдөөгө шарт түзөт деген ишеничин билдирди.
КТМУнун Түрк дүйнөсүн стратегиялык изилдөө борборунун жетекчиси, PhD., профессор Насух Услу “Түркиянын жүз жылдыгы” жана “Түрк дүйнөсүнүн жүз жылдыгы” концепциясынын маанисин баса белгилеп, мындай иш-аракеттер түрк дүйнөсүнүн келечеги үчүн өтө маанилүү экенин айтты. PhD., профессор Насух Услу: “Биримдикке жетүү аракеттери күч алып жаткан бул мезгилде өзгөрүүлөрдү тиешелүү маселелер жана демилгелер менен бирге карап чыгуу өтө маанилүү. Бул багытта “Манас” форумунун алкагында ишке аша турган илимий изилдөөлөр барган сайын өнүккөн адабиятка чоң салым кошот деп ишенебиз”, - деп форумдун уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.
Евразиянын стратегиялык жана экономикалык келечеги IV Манас форумунун алкагында уюштурулган онлайн жана офлайн отурумдарда талкууланды. Форумда “Евразиядагы экономикалык интеграция жана соода”, “Геосаясат жана стратегия”, “Түрк дүйнөсү жана Түрк мамлекеттеринин уюму”, “Маданият жана билим берүү” темалары боюнча көптөгөн илимий билдирүүлөр тартууланды. Евразиядагы интеграцияны жана кызматташтыкты чыңдоо, долбоорлордо түрк дүйнөсүнүн активдүү ролу жана аймактагы стратегиялык динамика маселелери кеңири талкууланды.
IV Манас форуму Евразиянын экономикалык жана стратегиялык келечегин калыптандыруу үчүн маанилүү аянтча экендиги баса белгиленип, аймактагы академиялык жана саясий кызматташтыкты бекемдөөнү көздөгөн иш-аракеттер менен жыйынтыкталды.
Haberin Fotoğrafları: