Кыргыз-Түрк “Манас” университети - Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министрлиги кызматташтыгы боюнча семинар болуп өттү


  • 2024-10-30

Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчилигинин кызматташуусунда 2024-жылдын 30-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университети - Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министрлиги кызматташтыгы” аттуу семинар өткөрүлдү.

Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөн семинарга Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дулкадир, КТМУнун проректору, PhD., профессор Режаи Доган, Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министрлигинин дин окутуу башкармалыгын башчысы, док. Ахмет Ишлейен, Жогорку жана чет өлкөлүк билим берүү башкармалыгынын башчысы Фетхи Фахри Кая, КТМУнун гуманитардык факультетинин деканы, PhD., профессор Алпаслан Ашык, окутуучулар жана студенттер катышты.

Семинардын ачылыш сөзүн сүйлөгөн гуманитардык факультетинин деканы, PhD., профессор Алпаслан Ашык илим алуу бешиктен мүрзөгө чейин созулган процесс экендигин баса белгиледи. Бул процессте илим алуу үй-бүлөдөн башталып, андан кийин коом менен улана тургандыгын белгилеп, илим адамдардын мыкты адеп-ахлакка жана маданий баалуулуктарга ээ болушунун негизи экендигин кошумчалады.

Башталгыч класстан баштап билим алуу кесиптик формага ээ болорун айткан PhD., профессор: “Бул процессте балдарыбыз заман талабына ылайык илим, билим менен таанышат. Андан соң жаштарыбыз илимге жана адамзатка салым кошуу максатында университеттерде жана жогорку билим берүү мекемелеринде билим алышат. Билим алуунун негизги максаты – адамдын өнүгүүсү жана заман талабына ылайык иш алып баруусу, бирок билим алууну жеке өнүгүү катары гана эмес, коомдун жана адамзаттын келечегин түзүүчү перспектив катары да кароо керек”, - деди.

Аталган иш-чара отурумдун модератору КТМУнун теология факультетинин диндерди таануу бөлүмүнүн башчысы, PhD., профессор Кемал Полаттын жетекчилигинде башталды. Ал үч жыл мурун “Манас” университетинде башталган жайкы курстардын алкагында маанилүү маалыматтар менен бөлүшүп, “Биринчи жылы 60 студентти Түркияга жөнөттүк. Ал жакта араб, түрк тилдери жана Куран курстарына катышып, тарыхый жерлерге барышты. Бул программанын алкагында студенттердин горизонту кеңейди”, - деди. “Манас” университетинин студенттерге берген бул мүмкүнчүлүгү ректорат тарабынан колдоо көрсөтүлгөн концепция менен шайкеш экенин айткан PhD., профессор Полат ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирди.

“Максатыбыз - адептүү жана компетенттүү инсандарды өстүрүү”

Семинардын алгачкы баяндамачысы Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министрлигинин дин окутуу башкармалыгын башчысы, док. Ахмет Ишлейен Түркиядагы имам-хатип орто мектептеринде өтүлгөн сабактардын жоболору тууралуу маанилүү маалыматтар менен бөлүштү. Мындан тышкары, теология факультеттери менен кызматташуу боюнча кеңештери менен бөлүшүп, билим берүү процессиндеги көздөлгөн профил жөнүндө билдирүү жасады.

Док. Ахмет Ишлейен билим берүүнүн негизги максаты - адептүү жана компетенттүү инсандарды өстүрүү экенин белгилеп, студенттердин изденүүчү, жаратман, эр жүрөк, боорукер, патриот, нукура түшүнүккө ээ, адеп-ахлактуу, дени сак жана эрктүү инсандар болушу үчүн аракет жумшоо керектигин айтты. Имам-хатип орто мектептеринин билим берүү саясаты окуучуларга багытталган мамилелерге өзгөчө көңүл бурганын айткан док. Ишлейен: “Кандай окуучу өстүрүүнү каалайбыз?” - деген суроого жооп катары билим берилип жатканын кошумчалады.

Жогорку жана чет өлкөлүк билим берүү башкармалыгынын башчысы Фетхи Фахри Кая чет өлкөлөрдөгү билим берүү иш-чаралары жана Түркиянын университеттери менен кызматташтык жөнүндө маалымат берди. Кая өз сөзүндө Түркиянын университеттери, чет өлкөлөрдө иштеп жаткан түрк мектептери менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан программалар студенттердин академиялык жана маданий өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Интерактивдүү форматта өткөн семинардын катышуучулары билим берүү системалары, окутуу ыкмалары, Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык тууралуу суроолорду беришти.

Семинардын жыйынтыктоо сөзүн сүйлөгөн PhD., профессор Режаи Доган Түркиянын билим берүү жана маданий мурасынын маанисин баса белгиледи. Ошону менен катар Түркиянын тездик менен өнүгүп келе жаткан өлкө экендигин билдирип, мындай деди: “Эгер билим берүү, окутуу, маалымат жана адеп-ахлак жагынан сөзсүз барышыңыздар керек болгон бир жер болсо, анда ал - Түркия. Түркия маданий, экономикалык, илимий жана саясий жактан тез өнүгүп жатат. Бул жерден илимден искусствого чейин кеңири мүмкүнчүлүктөрдү таба аласыздар. Бүгүн бул жерде башкармалыктын төрагалары сиздерге бул жаатта маанилүү маалыматтар менен бөлүштү.”

PhD., профессор Доган жаштарга кайрылып, билим берүүнү өнүктүрүүнүн жана Түркия тартуулаган мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануунун маанилүүлүгүн белгилеп: “Биз окутуучулар жана жетекчилер катары дайыма сиздерди колдойбуз, бирок бул процессти иш жүзүнө ашыруучу башкы каарман сиздерсиздер”, - деди.

Семинар катышуучуларга ыраазычылык баракчаларын тапшыруу жана эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DBxwCrMNFA_/?igsh=endiYTV1OWo1enA5

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/DBwKUQiNEGw/?igsh=MXVuaWs0YWxiaTVlaA==

Manas TV'nin Haberi:

https://youtu.be/wlPZlq9RbvQ?si=a25v1wlRXIs-_9mU

    Социалдык медиада бөлүшүү