Үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорлук жыйындар залында “Аймактык кызматташтыкты чындоо: Түрк мамлекеттер уюмунун Борбор Азиядагы жана тышкаркы ролу” аттуу тегерек стол болуп өттү.
Аталган тегерек стол 6-ноябрда Бишкекте өтүүчү Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) он биринчи саммитине карата Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түрк дүйнөсүн стратегиялык изилдөө борбору тарабынан уюштурулду.
Иш-чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректор, PhD., профессор Камалбек Карымшаков, КР Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын окутуучусу, профессор Айнур Жоробекова, Ибн Халдун университетинин Гейдар Алиев атындагы Евразия изилдөөлөр борборунун төрагасы, PhD., профессор Яшар Сары жана борбордун мүчөсү, док. Нажиба Мустафаева, ЭККУ Академиясынын окутуучусу Шайырбек Жураев, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.
“Түрк мамлекеттер уюму аймактык өнүгүүдө негизги роль ойнойт”
Тегерек столдун ачылышында сөз сүйлөгөн КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев Түрк мамлекеттер уюмунун түптөлүү максатына токтолуп, анын мамлекеттер ортосундагы тарыхый жана маданий байланыш, экономикалык кызматташтык жана коопсуздук маселесиндеги ролун, билим берүү жана маданият жаатында алып барган иштерин баяндап, ТМУнун Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салымы тууралуу кенен маалымат берип өттү.
Саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев бүгүнкү күндө Түрк мамлекеттер уюму дүйнөдө таанылган жана түрдүү аймактык долбоорлорго салым кошуп, өзүнө мүчө өлкөлөрдүн экономикалык, маданий жана социалдык өнүгүүсүнө чоң жардам берип жатканын айтып, анын Борбор Азиядагы аймактык кызматташтыкты бекемдөө үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.
“Аймактык кызматташтыкты чыңдоо үчүн активдүү роль ойношубуз керек”
“Биз, аймакта жашаган элдер, бул уюмдун мүчөлөрү катары аймактык кызматташтыктын бекемделишине жана ар түрдүү тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларга активдүү катышууга милдеттүүбүз”, - деген биринчи проректор Кыргыз-Түрк “Манас” университети да билим берүүдө, илимий изилдөөлөрдө, маданият жаатында кызматташууда кеңири салым кошот деген ишеничин билдирди.
“Түрк маданияты 5000 жылдык байыркы мурасты камтыйт”
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө түрк маданиятынын тамырынын тереңдигине көңүл буруп, мындай деди: “Түрк маданияты дүйнөдөгү эң байыркы маданияттардын бири. Негизи, айрым окумуштуулар, жада калса, бюрократтар 1000 жылдык тарыхтан сөз кылышат. Албетте, 1000 жыл 15-20, 100-200 жыл мурун түптөлгөн мамлекеттерге салыштырмалуу көп болушу мүмкүн, бирок түрк мамлекети 5000 жылдык маданиятты камтыйт. Түрк маданияты Алтай тоолорунан башталып, Монголияда өнүгүп, акыры уюм болуп түзүлгөн мамлекеттер түптөгөн бир маданият. Ошондуктан 1000 жылдык маданият биздин кенчибиздин бир гана бөлүгүн түзөт.”
“Түрк маданияты келечекке ташыла турган байыркы мурас”
PhD., профессор Жейлан түрк улуту дүйнөдөгү тамыры терең улуттардын бири экенин белгилеп, “Бул биз үчүн сыймык. Бирок маданият жашатса гана жашайт, тагыраагы, өзүңүздөрдүн маданияттан алыстап кетсеңиздер, маданият жашабайт, жок болуп кетет.” Маданий империализм бүгүнкү күндө зор коркунуч болуп калгандыгын белгилеген ректор: “Бул таасир үйүбүзгө чейин кирди; алгач телевизорлор менен башталса, азыр телефондор менен жаныбызда. Ошондуктан өзүбүздүн маданиятыбызды коргоп, аны менен жашашыбыз керек. Өтмүшү жоктордун келечеги да жок; бутагынан үзүлгөн жалбырактын келечегин шамал аныктайт. Тамырыбызды коргобосок, катардагы, иденттүүлүгү жок бирине айланабыз”, - деди.
Түрк мамлекеттер уюмунун аймактагы кызматташтык жана биримдикке салым кошкон иштерине көңүл бурган ректор Жейлан мындай жолугушуулардын биримдик рухунун күчөшүндөгү ролуна басым жасады.
Ачылыш сөздөрүнөн кийин “Аймактык кызматташтыкты чындоо: Түрк мамлекеттер уюмунун Борбор Азиядагы жана тышкаркы ролу” темасындагы талкууга кезек берилип, тегерек стол проректор, PhD., профессор Камалбек Карымшаковдун модераторлугунда өткөрүлдү. Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, КР Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын окутуучусу, профессор Айнур Жоробекова, Ибн Халдун университетинин Гейдар Алиев атындагы Евразия изилдөөлөр борборунун төрагасы, PhD., профессор Яшар Сары жана борбордун мүчөсү, док. Нажиба Мустафаева, ЭККУ Академиясынын окутуучусу Шайырбек Жураев тегерек столдун жүрүшүндө баяндама жасашты.
Баяндамачылар Түрк мамлекеттер уюмунун аймактык кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү ролго ээ болгонун баса белгилеп, мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашышты.
Илимий жыйын жандуу өтүп, суроо-жооп, талкуулар менен коштолду.
Иш-чара баяндамачыларга ыраазычылык баракчаларын тапшыруу жана жамааттык эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DB-cXmgtbON/?igsh=ZG52enJzOHlhbmo2
Instagram:
https://www.instagram.com/reel/DB8rbQ-tpJz/?igsh=YWxiMWd2MzN0azdr